Аймак

МИНСКИДЕ ОРУСИЯ МЕНЕН ИНТЕГРАЦИЯГА КАРШЫ АКЦИЯЛАР ӨТҮП ЖАТАТ

МИНСКИДЕ ОРУСИЯ МЕНЕН ИНТЕГРАЦИЯГА КАРШЫ АКЦИЯЛАР ӨТҮП ЖАТАТ

 641 Бардыгы /

Беларустун борбору Минск шаарында Орусия менен интеграцияга каршы нааразылык акциялары өтүп жатат. Жүздөгөн адамдар шаардын борбордук проспектисине жана Октябрь аянтына чогулушту.

Айрымдары 1995-жылга чейин Беларустун мамлекеттик туусу болгон ак-кызыл желектерди көтөрүп алышкан. Учурда милиция чогулгандарды тарата элек. Бирок мыйзамсыз акцияга чыгып жатканын эскертишүүдө.

Бүгүн Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларус президенти Александр Лукашенко жолугушат. Алар эки өлкө ортосунда интеграцияны тереңдетүү маселесин талкуулай турганы айтылууда.

Бул жолугушуу Орусия менен Беларустун бир союздук мамлекет түзүү боюнча келишиминин 20 жылдыгынын алдында өткөнү жатат.

Мамлекетти түзүү кагазда калса да, акыркы мезгилде орус бийликтери Беларус менен интеграция маселесин утур-утур көтөрүп келет. Келишимге ылайык, орток валюта, сот жана бажысы болгон союздук мамлекет түзүлүшү керек.

Беларус президенти Александр Лукашенко 5-декабрда сүйлөп жатып, өз өлкөсү Орусиянын курамына кирбей турганын билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17