Аймак

ОРУСИЯ СИРИЯДАГЫ ПОРТТУ МОДЕРНИЗАЦИЯЛООГО ЖАРЫМ МИЛЛИАРД ДОЛЛАР КОРОТОТ

ОРУСИЯ СИРИЯДАГЫ ПОРТТУ МОДЕРНИЗАЦИЯЛООГО ЖАРЫМ МИЛЛИАРД ДОЛЛАР КОРОТОТ

 870 Бардыгы /

Орусия Сириядагы Тартус портун модернизациялоого 500 миллион доллар коротот. Бул тууралуу өлкөнүн коргонуу-өнөр жай комплекси боюнча вице-премьери Юрий Борисов билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары жакынкы төрт жылдын ичинде бул каражатка Сирияда дагы бир порт курулат.

Эки жыл мурда Москва менен Дамаск Тартус портуна Орусия аскер-деңиз флотунун материалдык-техникалык камсыздоо пунктун 49 жылга жайгаштыруу тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Быйыл сентябрда портто кеме оңдоо борбору ачылган. Модернизациялангандан кийин Тартуска 11 кеме, анын ичинде өзөктүк-энергетикалык орнотмолору бар крейсерлерди жайгаштырууга мүмкүн болот.

12-декабрда АКШ Сенатынын тышкы иштер комитети Сириядагы аракеттерине байланыштуу Орусияга каршы киргизилген санкцияларды катаалдатуу тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Ага ылайык, «Сирияга атайылап курал-жарак жеткирип, сирия өкмөтүнө каржылык, материалдык жана технологиялык колдоо көрсөтүп жаткандыгы» аныкталган орусиялык компаниялар менен жарандарга санкциялар киргизилет.

Мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн аны АКШ Конгрессинин эки палатасы жактырып, президент Дональд Трамп кол коюшу керек/

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17