Аймак

АРТЫКХОЖАЕВ КАЙРАДАН ТАШКЕНТТИН МЭРИ КЫЗМАТЫНА ШАЙЛАНДЫ

АРТЫКХОЖАЕВ КАЙРАДАН ТАШКЕНТТИН МЭРИ КЫЗМАТЫНА ШАЙЛАНДЫ

 1,055 Бардыгы /

Ташкент шаардык кеңешинин жаңы курамы алгачкы сессиясында учурдагы мэр Жахонгир Артыкхожаевди кайрадан калаа башчысы кызматына бекитти.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Артыкхожаевдин талапкерлигин президент Шавкат Мирзиёев көрсөткөн.

Ташкенттин мэри 2019-жылы ноябрда Kun.uz сайтынын журналисттери менен жаңжалдашкандан кийин мамлекет башчынын сынына кабылган. Ага чейин социалдык түйүндөргө Артыкхожаевдин журналисттерди коркутуп, кемсинткени жазылган аудио тарап кеткен.

45 жаштагы Жахонгир Артыкхожаев алгачкы жолу Ташкенттин мэри кызматына 2018-жылы декабрда бекитилген. Ага чейин сегиз ай калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Кезинде «Артель инжиниринг» компаниясы менен Tashkent City мамлекеттик ишканасын жетектеген Артыкхожаев Akfa компаниялар тобунун түптөөчүсү болуп эсептелет. 2018-жылы сентябрда ал сенатор болуп шайланган.

www.            

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17