Аймак

ТОМСК ОБЛУСУНДА ӨРТТӨН 11 МИГРАНТ МЕРТ БОЛДУ

ТОМСК ОБЛУСУНДА ӨРТТӨН 11 МИГРАНТ МЕРТ БОЛДУ

 1,128 Бардыгы /

Орусиянын Томск облусунун Причулымский кыштагындагы өрттүн кесепетинен бери дегенде 11 киши өлдү. Бир кабаттуу турак жайда «Гринвуд» компаниясында иштеген Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай жарандары жашаган.

21-январга караган түнү жыгачтан салынган үйдө өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин 208 чарчы чакырым аянты менен имарат толук өрттөнүп кеткен.

Өзбекстандын Новосибирсктеги башкы консулу Юсуп Кабулжанов 11 кишинин бешөө өзбекстандыктар экенин билдирди.

«Этиятсыздыктан эки жана андан көп кишинин өлүмүнө алып келүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. ТАСС агенттигинин өз булактары билдиргендей, өрттүн тутанышына электр жабдууларынын бузулганы себеп болушу ыктымал деген версия каралууда.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17