Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: МАШЫГУУ АЯНТЫ КОЛДОНУУГА БЕРИЛДИ

ЖАЛАЛ-АБАД: МАШЫГУУ АЯНТЫ КОЛДОНУУГА БЕРИЛДИ

 2,457 Бардыгы /

Бүгүн, 13-мартта Жалал-Абаддагы “Курманбек” стадионунун ичине көчө спортун өнүктүрүү үчүн курулган чакан спорттук аянтчанын ачылышы болду.

Ал эми бул ачылышка шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев,  Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү жана башка коноктор катышты.

Негизинен аянтчаны куруу максаты жаштарды спорт менен машыгууга, кылмыштуулуктун алдын алуу жана бош убакыттарын машыгуу аянтында өткөрүүсүнө өбөлгө түзүү болуп саналат.

Машыгуу аянтчасы Кытай Кызыл Крест коомунун колдоосу менен курулган.  Бул тууралуу Жалал-Абаддагы Кызыл Ай коомунун кызматкери Каныбек Кудайбердиев төмөнкүлөрдү билдирди.

Кытай Кызыл Крест коомунун финансылык колдоосу менен Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан Жалал-Абад шаарында ушул машыгуу аянтчасы курулду. Буга жалпы 1млн 200 миңдей каражат сарпталды”, -дейт К.Кудайбердиев.

Аталган спорттук аянтча шаардык мэриянын жерди бөлүп берүү боюнча чечиминин негизинде областтык спорт комитетинин сунушу менен стадиондун ичине курулган. Мындай машыгуу аянтчалары өлкө аймактарында курулууда. Буга чейин Баткен жана Талас областтарында да курулган.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17