Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,066 Бардыгы / Көпчүлүк өрт турак үйлөрдө болот. Адамдардын отко шалаакы жана камырабастык менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышына себепкер болуп калат. Ыргытып ташталган тамеки калдыгы, электр түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, кароосуз калтырылган балдар, бузулган меш анчалык деле өзгөчөлүгү жоктой сезилет, бирок мына ушундан орду толгус кырсыктар болуп өтөт – үйлөр, үй […]
2,067 Бардыгы / Көпчүлүк өрт турак үйлөрдө болот. Адамдардын отко шалаакы жана камырабастык менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышына себепкер болуп калат. Ыргытып ташталган тамеки калдыгы, электр түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, кароосуз калтырылган балдар, бузулган меш анчалык деле өзгөчөлүгү жоктой сезилет, бирок мына ушундан орду толгус кырсыктар болуп өтөт – үйлөр, үй […]
ТУРАК-ЖАЙДЫ ӨРТТӨН САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ
19.03.2020 / Автор aymak2,068 Бардыгы /
Көпчүлүк өрт турак үйлөрдө болот. Адамдардын отко шалаакы жана камырабастык менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышына себепкер болуп калат. Ыргытып ташталган тамеки калдыгы, электр түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, кароосуз калтырылган балдар, бузулган меш анчалык деле өзгөчөлүгү жоктой сезилет, бирок мына ушундан орду толгус кырсыктар болуп өтөт – үйлөр, үй мүлктөрү күйүп, кээбир учурда адамдар да каза болот.
Бул үчүн өрт коопсуздугунун өтө жөнөкөй жана аткарууга мүмкүн болгон эрежелерин сактоо керек.
Өрттүн чыгуу себептери: отко этиятсыз мамиле кылуу, балдардын от менен ойноосунан, турак үйлөргө жана имараттарга жакын жайгашкан таштандыларды күйгүзүү, тамеки тартуудагы этиятсыздык. Электр зымдарынын кыска туташуусу, мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушунан, мештер-моорлордун туура эмес курулгандыгынан жана башка ушундай сыяктуу себептерден өрт кырсыгы келип чыгат. Ошондуктан урматтуу мекендештер, анын алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Бул үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуубуз талап кылынат. Урматтуу мекендештер, ушул макалада өрттүн чыгуу себептерин чагылдыруудан максатыбыз, Сиздерди өрт коопсуздугунун эрежелерине так болууга чакыруу. Элибизде, “Сактыка кордук жок”, – деген накыл сөз бар. Бул сөз жөндөн жөн эле айтылган сөз эмес. Кандай гана ишке болбосун, кайдыгер мамиле жасалса, анын арты өкүнүч менен бүтөт.
Андыктан ар дайым эсиңиздерде болуусу зарыл: балдарды кароосуз калтырбаңыз, балдардан ширенкелерди катып салыңыз, күйүп турган ширенке жана тамекилердин күйгөн калдыктарын таштабаңыз, тиричилике керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппаратураларын, газ плиталарын иштеген бойдон кароосуз калтырбаңыз. Электр жылыткыч шаймандарын күйүп кетүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз, имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпагыла жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды өрттөбөңүз. Ачык күйгөн от менен бөлмөнү жылытпаңыз, электр жана газ шаймандарын түнкү же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз, жашы жете элек балдардын газ жана электр шаймандарын колдонууга жол бербеңиз.
Өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Кайдыгер болуу менен бирге өрткө өбөлгө түзүп, артынан өкүнүп калбайлы. Өз маңдай терибиз жана ак эмгегибиз менен тапкан байлыгыбызды кайдыгерликтин себебинен «тилсиз жоонун» чеңгелине салып бербейли. Ошондуктан өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуу талап кылынат. Биз ошондо гана тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз.
Өрт учурунда эмне кылуу керек: Өрт жөнүндө өрт болуп жаткандыгы тууралуу 101 телефонуна кабарлоо, адамдарды сактап биринчи жардамды көрсөтүү, колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү, материалдык баалууктарды жана жаныбарларды эвакуациялоо – булар өрт учурундагы зарыл болгон эң биринчи аракеттер.
Өрттү өчүрүүнүн ыкмалары: жалындап күйүп жаткан керасинка, керогаздарды жууркан-төшөк менен, бышык кездеме же кийим менен жаап салуу керек. Жерге төгүлүп күйүп жаткан суюктуктарды кум же топурак менен, күйүп жаткан эмеректерди жана буюмдарды суу төгүү менен өчүрүүгө болот. Өрт пайда болгон учурда токтоосуз түрдө өрткө каршы-куткаруу кызматын чакырып жана алдын ала өрттөнүп жаткан имараттан адамдарды эвакуациялап, колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү керек.
Бул макалада баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо сиздин турак-жайыңызды жана мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайт. Өрт учурунда адамдардын курман болуусун четтетет.
Сузак райондук ӨКБнүн ӨӨжААБнүн улук офицери капитан А. Иманов
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖКККББ: 9-МАЙ МАЙРАМ КҮНҮНӨ КАРАТА АЙРЫМ КӨЧӨЛӨР ЖАБЫЛАТ
-
-
02.06.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ ЖАШТАР ЧӨП ЧАБУУЧУ ТРАКТОРДУ ИШКЕ КИРГИЗИШТИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.