Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
СЫНАК
Жарыя! Жарыя! Жарыя!
Жалал-Абадского областного управления Судебного департамента при Верховном суде Кыргызской Республики ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС
Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтү бош кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл өкмөтү төмөндөгү бош кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтү кызматтык бош орундарга СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
УПРАВЛЕНИЕ АГРАРНОГО РАЗВИТИЯ СУЗАКСКОГО РАЙОНА ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС
КОНКУРС
Шайдан айыл өкмөтү аукцион жана СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КУЛАКТАНДЫРУУ!
ОТКРЫТ КОНКУРС НА ЗАМЕЩЕНИЕ ВАКАНТНЫХ МЕСТ В ДЕПАРТАМЕНТЕ ПРОБАЦИИ
ЖАРЫЯ! Турак жайы, жаңы курулган дүкөнү, навеси жана навайканасы сатылат
СЫНАК Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн муниципалдык административдик бош ваканттык муниципалдык кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КУЛАКТАНДЫРУУ! Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгы маалымдайт:
ЖАРЫЯ
СУЗАК РАЙОНДУК ЭМГЕК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫ БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫН ЭЭЛӨӨ ҮЧҮН АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
СУЗАК РАЙОНУНУН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ БОШ АДМИНИСТРАТИВДИК МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
НООКЕН РАЙОНДУК ВЕТЕРИНАРДЫК ЖАНА ФИТОСАНИТАРДЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫГЫ АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК БОШ КЫЗМАТ ОРУНУН ЭЛӨӨ ҮЧҮН АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНУН МОГОЛ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН АДМИНИСТРАЦИЯСЫ БОШ ОРУНУН ЭЭЛӨӨ БОЮНЧА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

“ӨМҮР БИЗДЕН ӨТСӨ ДА, ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН”

“ӨМҮР БИЗДЕН ӨТСӨ ДА, ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН”

114 просмотров всего, 6 просмотров сегодня

Тогуз-Торо өрөөнүнөн чыккан алгачкы илимдин кандидаты, орошон ойлуу окумуштуу.

Айтылуу тарыхчы, илим кандидаты Тогуз-Торо районунун Арал айылынан чыккан алгачкы илимпоз, Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты, бир катар илимий эмгектердин, окуу китеп, энциклопедиялык жыйнак, илимий жана публицистикалык макалалардын автору Бейше Үрүстөнбеков агайдын баа жеткиз эмгектери жөнүндө кеп козгобосок болбос.. Аттиң дүйнө, ар бир кылым аракетинен жашоо билиги жанган Бейше агайыбызды шум ажал убагында арабыздан жулуп кеткен. “Өмүр бизден өтсөда, эл эмгектен эскерсин” деген жакшы кеп бар эмеспи, анын сыңарындай агайдын опол тоодой эмгеги, жаркылдаган адамкерчилик элеси элдин эсинде калды. Бейше Үрүстөнбеков кыргыз тарыхында аты таанылган анык илим дыйкандарынын бири.

Агайдын өмүр таржымалына кайрыла турган болсок Бейше Үрстөнбеков 1938-жылдын 16-майында “Алтын чөйчөк” аталган Тогуз-Торо жергебиздин Арал айылында колхозчунун үй-бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келген. Агайдын балалык чагы өзү туулуп өскөн Арал айылында колхозчунун үй-бүлөөсүндө өткөн. Атасы Үрүстөнбек ата колзоздун уйун бакса, апасы Анипа эне саанчы болуп эмгектенишкен. Жөнөкөй колхозчунун үй-бүлөөсүнөн илимдин кандидаты, доцент чыгат деп ал учурда эч ким ойлобосо керек, үч уктаса түшүнө кирбеген чыгаар. Үрүстөнбек ата менен Анипа эне уулун ак ниет, эмгекчил, адамкерчиликтүү кылып тарбиялап, агайдын билим алуусу үчүн колдоо көргөзүп тапкан-ташкандарын аяган эмес. 1945-жылы Арал айылындагы жети жылдык мектептин босогусун аттап, жети жылдык билим алган соң Казарман мектебинен улантып 1955-жылы онунчу классты ийгиликтүү аяктайт. 1957-жылы Бишкек шаарындагы №3 кесипчилик окуу жайына тапшырып, ийгиликтүү аяктаган соң 1958-жылы Тогуз-Торо районунундагы МТСке электр – ширетүүчү жумушуна орношот. 1958-жылдан 1961-жылга чейин армиянын катарында кызмат өтөйт. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып 1966-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1967-69-жж. Ош педагогикалык институтунда (азыркы ОшМУда) окутуучу, 1969-ж. тартып өмүрүнүн соңуна чейин КМУда (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУда) окутуучу, ага окутуучу жана доцент болуп иштеген. Жаштарды тарбиялоого арналган кыска өмүрүндө жүздөн ашык илимий-усулдук эмгектерди жаратып, 1980-жылы Ашхабадда кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин “Кыргызстандын жумушчу табы Улуу Ата Мекендик согуш жылдары” деген темада докторлук ишин уланткан экен. Ал 1991-ж. 13-октябрда 53 жашында эле Бишкек шаарында оорунун айынан мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Арал айылындагы көрүстөнгө коюлган. Агайдын артында атын чыгарган үч кыз, төрт уул калды. Бүгүнкү күндө уул-кыздарынын баары жогорку билимдүү атанын жолун улап аркайсы тармактарда иштеп келишет. Бейше Үрүстөнбеков өзгөчө адамкерчилик сапаты менен элдин эсинде калган. Окумуштуунун дагы бир кайталангыс касиети – педагогдук ишинде көпчүлүктүн назарына айланган десек ашыкча болбос. Бейше агай талантуу педагог, чебер лектор катары кесиптештеринен айырмаланып турган. Эгер илимге шыктуу студент менен жолукса ал киши, “агынан жарылып”, болгон тажрыйбасы жене топтогон илим багажы менен бөлүшүүгө даяр болгон. Анын лекцияларына баарын билем деген билермандардан баштап, сабактан жаа бою качкандар да жапатырмак катышарын замандаштары окуткан студенттери көп эстешет. Бейше Үрүстөнбеков дасыккан лектор жана сөзгө чебер окутуучулугу менен чукугандай сөз таап, “супсак” археологиялык терминдердин ажарын ачкан сүйүктүү жүзүнөн нур чачыраган мугалимге айланган. Дасыккан окутуучу катары ал студенттер арасында селекциялык иш жүргүзүп, алардын арасынан азыр профессор Аалыбек Акунов, доцент Нарынбек Алымкулов сыяктуу илимге шыктуу жаштарды окумуштуулук жолго сапарын түздөгөн.

Бейше агай тубаса окумуштуулук касиет бар инсан болгон. Ал кыска аралыкта 50 чамалуу илимий монография, илимий популярдуу макалаларды жазган. Кийинки убакта катуу ооруп жүргөнүнө карабастан, келечекке опол тоодой долбоорлорду түзүп, жетишсем жетишип калдым, болбосо шакирттерим бүтүрөөр деп, аларды чекесинен чаалыкпай ишке алып тамамдап келген.

Жакшы адамдан нур чачырап, аркасынан сөз ээрчийт дешет. Ошол нур чачырап, сөз ээрчиген адамдардын арасында Бейше агайды айтууга болот. Ал да болсо агайдын маңдай тер төккөн адал эмгеги менен адамдык абийир-ыйманынын акыбети деп айтсак жарашат.

Агайдын жүргөн-турганы, ойлогон ою, жасаган иши тарых болчу деп аны замандаштары көп эскеришет. Ал басса-турса да баладай бапестеп, кыраан куштай таптап келаткан тарыхтан кеп куруп, андан алпештенген ойлорун ортого төкчү. Бейше Урустанбековдун ырыс билги жапакечтиги, табият тартуулаган акылкөйлүгү, касиети анын кыска аралыкта Кыргызстан тарыхына аты таанылып, урматталган илимпоз катары саналышына себепкер болгон. Артында тукуму, эли үчүн ак эмгеги калган Бейше агай Тогуз-Торо өрөөнүнөн чыккан алгачкы илимдин кандидаты, орошон ойлуу окумуштуу. Агайдын жаштарга туура тарбия, терең билим берүү ишинде узак жылдар бою үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн “Эл агартуунун отличниги” наамы ыйгарылган. Анын ысымы Тогуз-Торо районунундагы өзү туулуп-өскөн, киндик каны тамган Арал айылындагы орто мектепке ыйгарылган. Бейше Үрүстөнбеков илим жана билим коомчулугунда чебер устат катары эсте калаары талашсыз. Агайдын баскан жолу калтырган ак кызматы келечек муун үчүн баа жеткиз байлык десем ашыкча болбос.

Эрболот ИМАНБЕК уулу, Тогуз-Торо району

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
     12
242526272829 
       
  12345
6789101112
       
      1
3031     
    123
45678910
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
1234567
22232425262728
293031    
       
     12
17181920212223
       
  12345
6789101112
       
2930     
       
    123
45678910
       
    123
45678910
25262728   
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17