Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
31,254 Бардыгы / Областтык биргелешкен оорукананын алдындагы төрөт бөлүмүнүн ымыркайлар бөлүмчөсүнүн башчысыБазарбаева Гүлсара Касымакуновна. 30 жылдык эмгек стажы менен эмгектенип, ымыркайлардын өмүрү менен алпурушуп келет. Дасыккан, тажрыйбасы мол Гүлсара Касымакуновна менен бүгүнкү күндөгү балдар оорулары жана алардын өлүмү тууралуу көйгөйлүү маселенин алкагында маектештик. -Алгач балдардын жалпы төрөлүүсүнө маалымат берип өтсөңүз? -Үстүбүздөгү жылдын 11 айлык жыйынтыгы менен […]
31,255 Бардыгы / Областтык биргелешкен оорукананын алдындагы төрөт бөлүмүнүн ымыркайлар бөлүмчөсүнүн башчысыБазарбаева Гүлсара Касымакуновна. 30 жылдык эмгек стажы менен эмгектенип, ымыркайлардын өмүрү менен алпурушуп келет. Дасыккан, тажрыйбасы мол Гүлсара Касымакуновна менен бүгүнкү күндөгү балдар оорулары жана алардын өлүмү тууралуу көйгөйлүү маселенин алкагында маектештик. -Алгач балдардын жалпы төрөлүүсүнө маалымат берип өтсөңүз? -Үстүбүздөгү жылдын 11 айлык жыйынтыгы менен […]
Дени сак эне болсо, дени сак улут болот
23.04.2014 / Автор Orozaly31,256 Бардыгы /
Областтык биргелешкен оорукананын алдындагы төрөт бөлүмүнүн ымыркайлар бөлүмчөсүнүн башчысыБазарбаева Гүлсара Касымакуновна. 30 жылдык эмгек стажы менен эмгектенип, ымыркайлардын өмүрү менен алпурушуп келет. Дасыккан, тажрыйбасы мол Гүлсара Касымакуновна менен бүгүнкү күндөгү балдар оорулары жана алардын өлүмү тууралуу көйгөйлүү маселенин алкагында маектештик.
-Алгач балдардын жалпы төрөлүүсүнө маалымат берип өтсөңүз?
-Үстүбүздөгү жылдын 11 айлык жыйынтыгы менен алып караганда балдардын төрөлүү саны 6020га жетти. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 700 баланын санына көбөйгөн. Мунун арасында ара төрөлгөн балдардын саны да көбөйдү. Өткөн жылы ара төрөлгөн балдардын саны 480 болсо, быйыл 530 жеткен. Салыштырмалуу балдардын өлүмүнүн саны да бул жылы 10 балага көбөйгөн. Оорулуу балдардын саны да өткөн жылы 580 болсо, быйыл 690го жеткен. Мындай көрсөткүч менен эмне дей алабыз. Баарынан да балдардын өлүмүнүн саны көбөйгөндүгү тууралуу сөз үрөй учурат. Бирок бул балдардын өлүмүнүн санын ара төрөлгөн айрыкча 500 граммдан 1 килограммга чейинки балдар толуктайт. Мындай аз салмактуу балдардан бул жылы 45 бала төрөлүп, алардын бирөө гана жашап кеткен. Ал эми 1-1,5 килограммдагы балдардын өлүмүнүн саны да 35ти түзгөн. Бул албетте өкүнүчтүү.
– Балдардын ара төрөлүү себептери эмнеде?
– Баланын ара төрөлүүсү негизинен эненин ден соолугуна түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан эне кош бойлуу мезгилинде өз ден соолугуна кам көрүүсү, аярлашы зарыл. Керек болсо сасык тумоо болуп да оорубашка аракет кылыш керек. Шарттуу түрдө кош бойлуу эне өз аймагына каттоого туруп айына дарыгерлердин кароосунда текшерилип туруусу керек. А бизде бүгүнкү күндө тескерисинче эч кайда каттоого турбаган, тиричиликтин айынан чет жакаларда оор иштерде иштеп өзүнө караганы чолосу тийбеген айымдар ден соолугу оор абалда келип түшүшөт. Кээде айымдарда кан аздуулуктан, жугуштуу ооруларга кабылуудан, давлениенин бар болуусунан, айрыкча бөйрөктөгү давлениенин болуусунан да балдардын ара төрөлүүсүнө кабылышат. Анткени, бөйрөк оорусу менен эненин денесинде шишик пайда болуп эненин өмүрүнө коркунуч алып келет. Эненин өмүрүн сактоо максатында баланы эрте төрөтүп алууга дуушар болобуз. Мына ушул абалда да ара төрөлүүчү балдардын саны артат. Учурда ушул эрте төрөтүп алуу ыкмасына дуушар болгондор көп, алардын санын көбүнчө райондордон келип түшкөн кош бойлуу энелер түзөт. Айрыкча Базар-Коргон, Ноокен жана Аксы райондорунан көп келишет. Бул айымдар бизде төрөө менен ден соолугун чыңдоого жетишишет.
-Областтык төрөт үйүнүн шарттары талапка жооп береби?
– Биринчиден бул төрөт үйү 75 койкага гана ылайыкташкан. Ал эми жылдан-жылга төрөттүн саны артууда. Ошону менен бирге бул төрөт үйү областтык да шаардык да болуп эсептелет. Себеби шаарда башка шаардык төрөт үй жок. Мына кечээ жылдын 11 айлыгында 1800 шаар тургуну төрөсө, 4200 айылдардан келип төрөгөн. Биздин төрөт үйүндө ар дайым ушундай тривогалык абал. Экинчи маселе катары оорулуу балдардын төрөлүүсүнүн көбөйүүсүнө жасалма дем алдыруучу, дем алуу деңгээлин байкоочу аппараттардынжетишсиздиги . Ошентсе да аппараттар бар жок эмес. Ал эми дары дармектер боюнча эч кандай көйгөйлөр жок.
Төрөт үйүнүн алкагында ара төрөлгөн балдар үчүн 10 койкалуу атайын потология ачканбыз. Мында да орундук жетишпей оорулуу балдар ашыгы менен жатат. Төрөт үйү учурдагы төрөттөрдүн көптүгүнөн тар болуп жатканы анык.
-Бүгүнкү күндө төрөлгөн балдар кабылган оорунун түрлөрүнө токтолуп өтсөңүз.
– Чындыгында көпчүлүк балдар тумчугуп калуу, ара төрөлгөн балдардын организиминдеги органдардын кем төрөлүүсү сыяктуу төрөттөр көбөйүүдө. Бул оорулардын негизги себеби баланын ара төрөлүүсү, эненин ден соолугунун начардыгы болуп эсептелет. Эненин ден соолугунун чың болуусуна азык менен камсыз болуусу чоң роль ойнойт. Учурдагы модалуу “гамбургер”, “чипси” сыяктуу азыктар менен азыктануу зыян экендигин эскертем. Табийгый, натуралдык азыктар менен азыктануу бекем ден соолукту сактайт.
Мындан сырткары балдардын “нышан”, жүрөк оорулары менен төрөлүүлөрү да кездешүүдө. Мындай балдардын саны да жылына 70-80ди түзөт. Бул да болсо бизде экологиялык кубулуштардын , чөйрөнүн уулу заттар менен булгангандыгы сыяктуу таасирлерден жана жугуучу вирустардын негизинде келип чыгууда. Мурда мындай уулуу зат бар деп эсептелгенМайлуу-Суу шаарындагы балдарда кездешсе, учурда аймактар таасир этпей жалпы көрүнүшкө айланууда. Бул оорунун түрү медицинада “аномалия” – деп аталат.
-Учурда балдарды төрөп, таштап кетүү кездешеби?
– Балдарды төрөп, кароосуз таштап кетүү жок. Мурда союз мезгилинде 10-15 бала калып кетчүү. Азыр андай окуя эч кездешпейт. Мунун негизги себеби ислам дининде эки-үч никеге уруксат бергениндеби деп ойлойм. Себеби айрымдар өзүм үчүн төрөп жатам никем бар дешет. Чындыгында баланын аталыгын тактоо биздин милдетке кирбейт. Балага документ талап кылганыбызда аялзаты өзүнө каттатат. Мүмкүн эрте бойдон алдырып ташташууда же сактануу жолун колдонушууда так айтуу кыйын бирок, жыйынтыгында балдарды төрөп таштап кетүү катталбаган.
-Дегеле аялзатына кеп-кеңешиңиз
-Аялзаты биринчи кезекте өздүк гигиенаны сактоо, туура жана убагында тамактануу менен дени сак бала төрөй алат. Ошону менен бирге кош бойлуу мезгилинда аялзаты стресс абалды азайтуусу керек. Албетте ар бир бала пландаштырылып, ата-энеси баланын келечектегин ойлоп, ден соолугу үчүн күрөшүүсү зарыл. Ар бир баланын аралыгы 3 жыл болуусу эненин ден соолугу жана кийинки төрөлүүчү баланын организиминин толук кандуу калыптануусуна таасирин тийгизет.
Негизги эскерте кетүүчү сөз бул кош бойлуу мезгилинде компьютерде көпкө олтурбай, колдон келсе такыр колдонбоого аракет кылуу жана уюлдук байланышты да аз колдонууну эскертебиз. Мына ушундай зыяндуу нурлардын ашыкча пайдалануусунанара төрөлгөн жана түрдүү ооруларга чалдыккан балдардын саны өсүүдө.
Нүргүл АБДЫЛДАЕВА
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
04.07.2023 / Автор anarkan_kg ОШТОН ЫСЫК-КӨЛГӨ ТҮЗ АВИАКАТТАМ АЧЫЛДЫ
-
01.08.2023 / Автор anarkan_kg КЕМИНДЕГИ МАЙНИНГ КОМПАНИЯ ЭЛЕКТРДИ КАЗАКСТАНДАН АЛУУНУ СУНУШТООДО
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.