Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
12,763 Бардыгы / Р.Кулуев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде кыздаркеңешинин төрайымы А.Акматова тарабынан “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго 7-класстан баштап 11-класска чейинки кыздар жана кыздардын апалары катышышты. Тегерек стол башталардан мурун кыздардын жүрүшү-турушу, адеби келечеги жөнүндө видео ролик көрсөтүлүдү. Кыздарга таандык макал-лакаптарды, учкул сөздөрдү чечмелөө менен башталды. “Кыштын кыштай, […]
12,764 Бардыгы / Р.Кулуев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде кыздаркеңешинин төрайымы А.Акматова тарабынан “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго 7-класстан баштап 11-класска чейинки кыздар жана кыздардын апалары катышышты. Тегерек стол башталардан мурун кыздардын жүрүшү-турушу, адеби келечеги жөнүндө видео ролик көрсөтүлүдү. Кыздарга таандык макал-лакаптарды, учкул сөздөрдү чечмелөө менен башталды. “Кыштын кыштай, […]
КЫЗГА КЫРК ҮЙДӨН ТЫЮУ
10.02.2020 / Автор aymak

12,765 Бардыгы /
Р.Кулуев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде кыздаркеңешинин төрайымы А.Акматова тарабынан “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго 7-класстан баштап 11-класска чейинки кыздар жана кыздардын апалары катышышты. Тегерек стол башталардан мурун кыздардын жүрүшү-турушу, адеби келечеги жөнүндө видео ролик көрсөтүлүдү. Кыздарга таандык макал-лакаптарды, учкул сөздөрдү чечмелөө менен башталды.
“Кыштын кыштай, кыздын кыздай болгону жыкшы”
“Кыздуу үйдө кыл жатпайт”
“Эжени көрүп сиңди өсөт, аганы көрүп ини өсөт”
“Кыздын кырк чачы улуу”
“Кыз энеден үлгү албаса чоркок болот”
“Жакшы кыз жакадагы кундуз, жакшы бала асмандагы жылдыз”
Кыздар кеңешинин төрайымы А.Акматова мектепте жалпысынан 733 окуучу болсо, алардан 405 кыздар экендигин, ал кыздардын ар бир класста кыздар кеңеши менен чогу иштеп, алардан кыздар жөнүндө маалымат алып турарын, кыздардын журуш-турушу алар ортосунда чыр чатакка жол бербөө жөнүн дө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалымат берип кетти. “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген темада окуучулар тарабынан доклад жасалды.
Мектептин соц. педагогу С.Токторбаева кыз баланын намысы өтө ыйык, аны сактай билүү ар бир кызга зарыл экендигин баса белгилеп алардын назиктиги, улуулугу, келечекте татыктуу эне болорун турмушта өз ордун таба алуусу жөнүндө сүйлөдү.
Айылдагы ҮДТнын мед айымы С.Балтабаева кыздардын гигиенасы, ден-соолугу жөнүндө айтса, энелерден Карамат эже жана Санабар эжелер ырым-жырым сөздөрдөн айтып мисалдарды келтиришти: “Шыпыргыдан аттаба” , “Тамчыга кол жууба”, “Эшикти кулачтаба”, “Түндө сууга чыкпа”, “Күл дөбөнү баспа”, “Колуңду жууп силкпе” деген чоң энелерибиз накыл сөздөрүн мисал келтиришти. Кыздарга телефон жөнүндө туура ойлорун бөлүшүп, анын ичиндеги керектүү, керексиз сөздөр, сүрөттөр жана башкалар жөнүндө кеп-кеңештерин айтып өтүштү. Кыздардын арасында зордук-зомбулук, бири-бирине сый-урматы классташ балдары менен туура сөздөр менен мамиле түзүү боюнча айтылды. Кыздарга жарашпаган жорук-жосундарга бирме-бир токтолуп өтүштү. Кыздар үйдө, мектепте, коомдо улууларга сый-урмат менен мамиле жасоо өзүнүн үйдө ата-энеси берген тарбиясын көрсөтөрүн баса белгилешти.
Тегерек столдун жыйынтыгында биздин ата-бабаларыбыз улуттун ажары, касиети кызда, энеде, жалпылап айтканда аялзатында. Ошондуктан биздин ата-бабаларыбыз аялзатынын улуулугуна баш ийип, таазим этүү менен энени, аялды, кызды ыйык тутуп аздектеп келишкен. Кыздын кырк чачы улуу деп ага өтө урматтоо менен мамиле кылып, элибиз кыз тарбиясына өзгөчө маани берген деп белгилесек болот. Тегерек столдо акылдуу доска, өзгөчө роликтер, айтылган акыл-насаат сөздөр кыздарга, апаларга башкача сезим калтырды.
Маалыматты даярдаган Ала-Бука районундагы
Р.Кулуев атындагы №11 жалпы орто билим
берүүчү мектебинин соц. педагогу: Б.Токторбаева
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
15.10.2025 / Автор anarkan_kg ТАЛАСТА ПЛАСТИК БАШТЫКТАРДАН БАШ ТАРТУУ КАМПАНИЯСЫ БАШТАЛДЫ
-
15.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда 1-КУРСТАРГА СТУДЕНТ НААМЫН ЫЙГАРУУ САЛТАНАТЫ ӨТТҮ
-
-
16.10.2024 / Автор anarkan_kg БАРПЫНЫН ЧЫГАРМАЛАРЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУТУУ
-
24.10.2024 / Автор anarkan_kg НООКАТТЫК ЮТУБЕРГЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.