Аймак

АРИСТОКРАТТЫК КАСИЕТИ КАНЫНДА БАР…

АРИСТОКРАТТЫК КАСИЕТИ КАНЫНДА БАР…

 1,726 Бардыгы /

 

Жогорку курста окуган студенттер менен аспиранттар “биз, Питер менен Москвада билим алып жаткан жаштар Кыргызстандын келечегибиз” деп баса-баса белгилеп, сыймыктануу менен айтышаар эле. Ондогон жылдардан кийин ошондой эле болду…

Тилекке каршы, студенттик кезимде ал жактан Абдырахман Субанкуловичти кезиктире алганым жок. Бирок өткөн лекцияларынан анын алдына бийик максат коюп терең билим алгандыгын кийин баамдадым. Ал учурда компьютерлер жок эле, ошондуктан техникалык схемалар менен чиймелер колго эле аткарылуучу. Мен анын студент чагында эле эл аралык илимий конференцияларга катышып жүргөндүгүн басылмалар аркылуу билдим. Тагдыр деген кызык, кийин 1971-жылы биз Фрунзе политехникалык институтунда “Курулуш конструкцияларынын өндүрүшү” кафедрасында бирге иштеп калдык. Ал ишин улук лаборанттыктан баштады, сыягы бул жагынан ал жолдуу болду – тажрыйба жасоонун ыкмаларын толук өздөштүрдү. Жашым боюнча улуу жана окутуучу-стажерлук тажрыйбам бар болсо да, көп сүйлөбөгөн Абдырахман Субанкулович жаштыгына карабастан өтө акылдуу, баарысын алдын ала билип көрүп тургандай туюлар эле. Көп өтпөй ал өзү окуган ЛИСИ институтуна аспирантурага кетти. Ал мезгилде мен турмушка чыгып, балдарым болгондуктан илим тууралуу ойлонбой калгам. Карьераны ойлобой эле 19 жыл катардагы окутуучу болуп иштедим. Бирок кеч болсо да турмуш баарысын өз-өз ордуна койду. Ал эми Абдырахман Субанкулович кандидаттыгын ийгиликтүү жактап, ФПИге кайтып келди, курулуш материалдары кафедрасын жетектеп калды. Мен анын карьералык өсүш жасап жаткандыгына өзүмдөн-өзүм эле кубанып жүрдүм. Ал бала чагынан эле жогорку интеллектиси, максат көздөгөндүгү, ой чабытынын кеңдиги, кандай жумуш болсо да жаңычыл мамиле жасагандыгы менен башкалардан айырмаланып турган. Бул сапаттары өз убагында ачылып, ал эч кандай тоскоолдуксуз эле жашоодо мезгил менен бирге кадам таштап жаткандай таасир калтыраар эле.

1981-жылы биздин кафедралар бириктирилгенден кийин Абдырахман Субанкулович менен жетекчим катары тыгыз иштешүүгө туура келди. Ал ажайып жетекчи болду. Баарыдан мурда адамдарга ишенет. Аз сүйлөйт, негизги маселелерге кыскача гана токтолуп, аткарууну бизге тапшырат. Кафедра башчысы болуп турган мезгилде ал Италияда “La Sapienza” университетинде жана Уни Морандо фирмасында жылдык стажировкадан өтүп, Италиядагы жана биздин республикадагы кыш заводдордун ишине анализ жүргүздү. Кыш өндүрүшүндөгү жана курулуш индустриясындагы алдыңкы технологиялар менен тааныштыруу максатында бир нече жолу эл аралык конференцияларды өткөрдү. Кафедрага “ДРОН”, спектрометр жана физико-химиялык изилдөөчүлөр үчүн башка приборлорду сатып алды. Курулуш материалдарын таануу жаатындагы ири илимпоз П.И.Боженовдун жетекчилиги алдында ЛИСИдеги аспирантура Абдырахман Субанкулович үчүн эң мыкты мектеп болуп калды.

Бул илимпоз 1962-жылы Мамлекеттик Ленин сыйлыгынын лауреаты болгон. Генетикалык тукум куучулук Абдырахман Субанкуловичке нукура аристократтык сапаттарды, ички маданиятты жана кайталангыс акылды тартуу кылган экен. Ал жакындарына аталык камкордугун аябаган өзгөчө жан болду. Жигит кезинде эле өзүнөн кичүүлөргө жай сүйлөп, аларды сүрөөгө алган жагы бар. Үй-бүлөнүн улуусу болгондуктан бир тууган ини-карындаштарын канатына калкалап, ар убак атасындай кам көргөндүктөн, алар да ага зор урматтоо менен мамиле кылышат. Орус тилинде эркин сүйлөгөн интеллигент сымал сымбаттуу уландын тукуму тегин эместигин шыр эле баамдоого болор эле. Салабаттуу жүрүм-туруму, ири илимпоздор жана окутуучулар менен баарлашуудагы өзгөчө манерасы анын техникалык билим көрөңгөсү жогору экендигин айгинелеп турган. Ал калган бүт өмүрүн жаштыгы өткөн, руханий дүйнөсү жипсиз байланган калаасына, институту менен кафедрасына арнады.

Абдырахман Субанкулович өмүрлүк жарын тандоодо да жаңылган жок. Үй-бүлөлүк бактылуу доордун далили катары анын ажайып тарбия алган балдарын, неберелерин айтса болот…  Анын ишкер касиеттерин басып өткөн жолу алаканга салып айтып тургансыйт. Ал Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайлардын катарына кирген Бишкек финансы-экономикалык академиясын түзгөн. Бул анын илимий ой жүгүртүү чабытынын жана көз караштарынын кеңдигинин дагы бир далили. Ал кыргыз материал таануу илимине кандай салым киргизди деген суроо жаралышы мүмкүн. Бышкан кыш кыргыз элине 6-7-кылымдардан бери жакшы тааныш. Ленинградда илимге жасаган алгачкы кадамдары дал ушул бышкан кыштын көп компоненттүү чийки зат курамдарын изилдөөгө арналган. Эгерде А.Мавляновдун азыркыга чейинки илимий эмгектерин электен өткөрсөк, алар актуалдуулугу, учурга шайкештиги, кынапталган логикалуулугу жана өз ара ажырагыс байланышы менен айырмаланат. Ал планетардык ой жүгүрткөн илимпоз. Рим университетинде, Нью-Джерси технологиялык университетинде, Небраска-Линкольн университетинде (АКШ) стажировкалардан өткөн. Илимдин түйшүктүү жолунда жүрүп, курагы жетимишке жете келген техника илимдеринин доктору, КР Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Эл аралык (Москва) жана Кыргыз инженердик академияларынын академиги А.С.Мавлянов учурда өлкөбүздүн Жогорку аттестациялык комиссиясын жетектөөдө. Илимпоз инсандын бейнесин ачууга жасаган аракетимди аяктап жатып, жетимиш жаштык маареке алдында Абдырахман Субанкуловичтин эл ичинде эсен жүрүшүн, илимде жаңы ийгиликтерди жаратып, үй-бүлөдө бактылуу болушун каалап кетким келди.

 

Бүбүзуура АССАКУНОВА, профессор  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17