Аймак

ЫЙМАНГА ЧАКЫРГАН КИТЕП (Султан Раевдин “Жанжаза” романы тууралуу)

 6,617 Бардыгы /

ЫЙМАНГА ЧАКЫРГАН КИТЕП (Султан Раевдин “Жанжаза”  романы тууралуу)Чынында турмуш жөнөкөй эле, бирок биз аны дайыма татаалдаштырып келебиз. (Конфуций)
Оозубуз менен Кудайдын атын миң кайталаган менен көкүрөгүбүз бош. Кудайга ишенебиз деген менен ишенгенибиз байлыгыбыз, бийлигибиз. Кудайга баш ийебиз дегенибиз менен Кудай жараткандарга баш ийип алардын кулу болуп калганбыз. Романды окуп чыккандан кийин мурда өзүбүз аңдабай жаткан чындыкты тапкандай болосуң. Чынында бул көр турмушта ушундай болуп жатпайбы?!
Китепти ачканда эле жетөөнүн жиндиканадан качып чыкканы, жиндикана бул коомдогу бир система экендигинен, алар ошол системадан качып чыкканынан кабар берип тургансыйт. Жиндиканага бир адеп-алхаксыз жоруктарды жасап Кудайдын каарына калгандар түшсө, бир бийлиги, байлыгы барлардын каарларына калгандар түшөт.
Качып чыккандардын башчысын азан коюп чакырган атын эч ким билбейт, жиндиканада аны Император деп чакырышчу. Анын артынан ээрчиген, актер болуп иштеген, король Лирдин монологун колунан келишинче айтып, бирок көрөөрмандардын купулуна толбой, катындардын көңүлүн таба билген катынпооз, күнөөгө белчесинен эмес кекиртегине чейин баткан, кейип-кепчип жүрүп алжыган, Кудайга ишенбеген муну Лир деген атка жиндиканада кондурушкан. Дагы бирөөсүнүн аты Чыңгызхан, башкасыныкы Искендер Зулкарнайн, эң кичүүсүнүкү Козучак. Алар менен кошо эки аял качып чыгышкан. Аялдардын улуураагынын аты Таис Афинская, кичүүсүнүкү Клеопатра. Мындай тергеме аттарга алар жиндиканада ээ болушкан.
Таис Афинская-философ, эки-үч тилде эркин сүйлөгөн аялдын сүйүү сезиминин айынан мээси козголуп, ажаан катынга айланып, турмуштун кемесинен сыртта калган. Экинчи жаш аял Клеопатра, сүйгөн жигити пашаанын баласы болуп, жигитинин апасы аны теңине албай турмуштун теңсиздигинен аны бийликтин күчү менен жиндиканага тыктырып коёт. Бул көрүнүш учурдагы турмушту күзгүдөй чагылдырып, бийликтүүлөр, байлыктуулар өздөрүнө жакпагандарды каалагандай калчап, эч бир мыйзамды уруп ойнобой тургандыктарын көрсөтөт. Жаштыктын ысык сезимдери жиндиканада болсо да эки жаштын ортосунда башталып, бүлбүлдөгөн келечектин шамы Козучак менен Клеопатраны алдыга жетелегенсийт…
Романдагы каармандарды карап отуруп, азыркы учурдагы адамдардын көпчүлүгүнүн деградацияга учурап, адамдык касиеттерин жоготуп баратышы, ушул жолду уланта берсе, келечекте адамдык сапаттардын жоголушуна алып келүү менен биз жашап жаткан дүйнөнү акыр заманга алып келеринен кабар берип, коңгуроо кагат. Алла-Тааладан “качан акыр заман болот?-деп сурашканда, “Акыр заманды мен алып келбейм, акыр заманды пенделерим өздөрү алып келишет,”-деген экен.
Ушул жашап жаткан заманыбыздагы адамдардын көпчүлүгүнүн күнүмдүк жыргалчылыктары үчүн жаш пакиза наристени өлүмгө чалууга даяр аялдардын образы ушунчалык так чагылдырылгандыктан, бул көрүнүштү окуп жатканда, жүрөгүң зырпылдап, “Оо кудурети күчтүү Кудай! Ушул баланы сактап калчы?!”-деп ичиңден Кудайга жалынасың.
“Билесиңби?… Дүйнө эмнеден бузулат?… Жаман жатындан, сасыган жатындан жаман бала гана эмес, аны менен кошо жамандык да төрөлөт…”-деген сүйлөмдө энелерге, адамзатка эскертүү, келечекти ойлогула деген чакырык жатат.
Автор өлүп тирилген адамдын “Ыйык Китеби” аркылуу азыркы учурда бүт дүйнөнү ач көздүк башкарып калганын, ошонун айынан жалпы ааламды башкаруу үчүн ач көздөр согуш жүргүзүп, анын азаптарын карапайым адамдар тартып жатканын төмөнкү сүйлөмүндө эскерте кетет: … хандар да, императорлор да, президенттер да, королдор да, байлар да, битирлер да, шайтандар да, жин-перилер да… баарынын өлгүсү жок, баары дүйнөнү түп көтөрө башкарсам дейт!.. Дүйнөнү ач көздүк башкарып алды… Адам адамды ач көздүк менен жесем дейт, бийликке да, байлыкка да, кызматка да, акчага да, катынга да, турмушка да, өмүргө да, бакытка да, сүйүүгө да ач көздүк менен жетсем дейт… Өлүмдөн башкасынын баарына ач көздүк менен жетсем дейт, бирок алар ошо ач көздүк менен өлүм эшигинин аңырайып турган босогосуна жакын калганын сезбей калды… Өлүмдүн улуулугун да сезбей калды… Кай бирөөлөр өздөрүн пайгамбардан кем көрүшпөй, аны да чанып баратат… замандын түрү бузулду… Кудай адамга өмүрдү берген, тагдырды берген эмес… ар бир адамдын тагдырын Жараткан аныктабайт, бирок ал сүйүүсүнөн жаралган Адамдан ушундай татыксыз тагдырды, наадан тагдырды күткөн эмес, ал ишеним берген, сүйүү берген, үмүт берген, жашоо берген… Тагдырдын ээси бирөө-ал Адамдын өзү!.. (41-бет)
Күнөөлөрүн жууш үчүн Ыйык Жерди издеп, чөлдү кезип, Император жиндилерди артынан ээрчитет. Ыйык жерге жетүү кыйынга туруп, жиндилердин бири Искендер Зулкарнайн көздөгөн максатынан кайтып, кайрадан жиндиканага барып, жиндилер өлкөсүндө өлүүгө да макул. Император Ыйык Жердин кайда экенин өзү да билбейт. Автордун бул жерде ар бир пенде өлүм алдында таза болуп өлгүсү келгендигин, өлүмгө чейин аруулукка көңүл бурбай, тиричиликтин, жеке кызыкчылыктарынын айынан ат-төө көтөрө алгыс күнөөлөргө батыша тургандыктарын көрсөтөт.
…Мээсине сиңген микробдой таажысы баш терисине сиңип кеткен… Китептеги бул сүйлөмдү окуганда башымдагы ойлорум отуз жыл мурдагы мезгилге алып кетти. Эгерде жалгыз ушул сүйлөмдү ошол кездин атка минерлери окуганда Султандын тагдыры кандай болот эле?-деп өткөн доордун чыгаан жазуучуларынын тагдырлары көзүмө элестейт, көбү ушундай сөздөрү үчүн жиндиканаларга жаткызылса, анча-мынча бактылуулары чет элге чыгып кетишкен. Азыркы учурда да таажылары баш терилерине батып, сиңип кеткен пашаалардын эл менен иши болбой калганын көрүп жүрбөйбүзбү!..
…Жиндиканадагы бардык китептерди өрттөөгө буйрук бердим!..-деди жиндикананын чоңу ызырынып. –Уктуңарбы? Бүгүнкү мезгилге чейин болуп келген цивилизациялардагы системаларда, учурда да адамдарды караңгылыкта кармоо адаттары болуп келгенинин жана башка формаларда уланып жатканын жана келечекте да боло берерин ушул сүйлөм айтып турат. Дүйнөдөгү көптөгөн зулум башчылар караңгы адамдарды башкаруу оңой боло тургандыгын, караңгы адамдарды өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга ыңгайлуу экендиктерин билишип, адамдарды караңгылыктан алып чыгуучу китептерди өрттөп келишкен, бирок өрттөлгөн китептерден чыккан жарыктар адамдарды алдыга жетелешин эске алышкан эмес.
Коомдон алдыга озуп, өзгөчө ой жүгүртүп, ой-пикирлерин айткан адамдарды бийликтегилер, аны курчаган кошоматчы көрө албастар “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей жек көрүшкөн, “жинди” деген жарлык тагуу менен коомго жек көргөзүп жиндиканаларга тыгышкан. Андай “жинди” адамдардан эл жаа бою качып калышчу.
Романда жиндилерди дайыма жыландар коштоп жүрөт. Жыландын уусу бир жагынан чакканын өлтүрсө, экинчи жагынан дарылык касиети күчтүү, ошондуктан медициналык белги катары дүйнө жүзүндө кабыл алынганы да бекеринен эместир. Бул жыландар дүйнөнү тазартуучулар. Дүйнөнүн бардыгын каратам деген Искендер Зулкарнайнды да, Чыңгызханды да жылан чагып өлтүргөн, эгер аларды жылан чакпаганда канчалаган күнөөсүз адамдардын канына забын болмок, канчалаган арамдык иштер жүргүзүлмөк…
…Бейишке жетпесеңер да, акыр бир күнү адам экениңерди түшүнөөр бекен деп ушу Ыйык Жерге баштагам силерди. Адам экениңи түшүнсөң гана бейиштин эшиги сага ачылат!.. Тозокту силерге Кудай жиберген эмес, тозокту өзүңөргө өзүңөр жараттыңар! Анткени силер, баарыңар эң оболу Адам экениңерди унуттуңар!.. О, көрпенденин аксымдыгы ай!.. Тозок бу-жаза, адамдыкты унутканыңдын жазасы, көк мээ!.. Аны унутпаган болсоң сага тозок жолу жабык, а эгер унуткан болсоң, мына, ал сага ачылды… Аны сага тозоктун кароолу жылан ачып берет!.. Кир көркоо!.. Беймарал кир!..
Адамдардын Кудайды тааныбай, ыйык нерселерди жоготуп бара жаткандыгы аларды туңгуюкка такарын, ал акыры келип адамдык сапаттардын жоголушуна алып келерин эскертет.
Картаң адам менен жапжаш кыздын интимдик мамилесин көрсөтүү менен адамдарда баалуулуктар жоголгондо, алар кандай бузулууларга учурарын, Кудай аларды кандай жазаларын көрсөтүп, арсыз адамдардын образдары аркылуу адамдарды ыйманга, ынсапка чакырат. Жаш кыздын апасынын турмушун бир кезде бузган Лирдин катынпоздугу карыган кезде да калбай, акыры өз канынан жаралган кызы менен бир төшөктө жатышы, аны Кудай ушундай жол менен жазалашы, бир кездеги арамдык иштериңе жооп берер күнүңдүн келишине ишен деген УЛУУ ЧЫНДЫКТЫ айтып отурат. Кудайдын жазасы ага өз кызынын кумары аркылуу келди деп ишенимдүү айтсак болот. Мындан өткөн жаза жок.
Эч нерсеге жарабай калган Лир түндү кыскартмакка: – Эгер сен атаңдыбы же апаңдыбы таап калсаң эмне кылат элең?-Тили мукактана сүйлөдү Лир.
-Мен анда…-деди кыз. –Экөөнү тең өз колум менен өлтүрөт элем. Аларга өлүмдөн башка эчтеке ыраа көрбөйм,-деди да, эшикти “тарс” жапты. (125-бет)
Мынакей, арамдыктын акыры алып келе турган өкүмү! Кудайдын арамдыкты кандай жек көрө тургандыгы! Арам нерселерде баалуулуктар жок болуп, арамдык ээлеп алган дүйнө арамдыктын мыйзамдары менен жашап, анын кесепеттери башкаларга да жуга тургандыгы, адамдар арамдыкты эске албай кадимки күнүмдүк жашоосундагыдай пайдаланып калышкандыгынын натыйжасы кыямат-кайыңга алып келе тургандыгын көрсөткөн учур! Арамдык иштери үчүн ар бир адамды жаза күтүп турарын эскерткен учур! Арамдыкты бир гана акыл-эстен ажыраган жиндилер билбейт.
“Мен аял үчүн мушташам, аял үчүн согушам, керек болсо аял үчүн бүт дүйнөнү каратам!”-деп он үчкө караган Темүчүн аял менен биринчи түнү жаткан ырахатынан кийин алдына максат койгон. Ошол максатына жетүү үчүн канчалаган шаарларды талкалады, канчалаган элдердин канын төктү, канчалаган сулуу кыздарды бооруна басты. Өлөөр алдында он үч жашында койнуна келин салып берген майрык кемпирден алган жообун эстеди. “Анда сен аял колдуу болуп өлөсүң!..”
Автор Чыңгызхандын өз канынан жаралган кызына зынаалык кылып, арамдык ишке барганы, акыры ошол арам иш анын түбүнө жеткенин элестүү сүрөттөө менен ачып берген. Дүйнөнүн жарымын кылычтын учу менен кызыл-жаян канга бөлөп ээлеп алган хан, өз абийри менен согуш талаасында кылычтан же найзадан же жебеден эмес, арамдык иштин айынан өз төшөгүндө кызынын колундагы жыландан шермендечилик менен ажал таап жатпайбы!!!
Улуу Чыңгызхан да акыретттин сурагынан коркконунан ар кандай айла-амалдар менен өзүнүн сөөгүн кантип жашырууну кат жазып, ишенген ноёнуна тапшырган. Акыреттин сурагын алысты көрө билген адамдар жана байлыктан, бийликтен бийик турган жан дүйнөсү таза адамдар гана сезбесе, көпчүлүгү сезе бербейт. Бизге Алла-Тааладан мындай сезимдер ыйгарылбай калганбы, же бул сезимдерди көр турмуштун таразасы басып, болгон ой-тилегибиз байлык менен мансапка байланып калганбы?.. Романды окуп отуруп, көкүрөктө ушул суроо пайда болот…
Романда эзелтеден келе жаткан чындыкты адамдарга көрсөтө мындай дейт:
-Силер Ыйык сөздү оозанганыңар менен көкүрөгүңөрдөгү жарыктын эчак өчүп калганын билбей, көзүңөр сокур, пейлиңер бузук!.. Жаратканым Ыйык сөзүндө: -Адамды сүйгүлө, адамды урматтагыла, адамга ак мамиле жасагыла, сооп иш кылгыла!-дебеди беле. Силер эки чокту бир заматта колуңар менен карманыңар келет, бир элу учурда Ыйык Сөз менен оозуңарды аарчып, ошо эле учурда шайтандын дубасы менен жашайсыңар!..-ызырына үн катты Императордун жаны. –Силер, Кудайдын каарынан коркпойсуңар, ал эми бийликти мыжыгып кармап турган, куу чиренден коркосуңар, бирок Андан коркпойсуңар! Аны менен теңата сүйлөшөсүңөр. Силер тозоктун тезегисиңер, силерди жаратып, сүйүү менен чулгаган жаратуучуңарды унутуп, шайтандын азгырыктарынын катарын толуктадыңар. Кан… силердин Жаратканга болгон ишенимиңер? Кудайдын өзү бул-ишеним да, Кудайдын аты-ишеним да!.. (196-бет)
Адамдардын көбү ооздору менен Кудай дейт да шайтандын музыкасында бийлешет, муну Кудайды да, шайтанды да өздөрүн алдаган эки жүздүүлүк дейт эмеспи. Адамдар дайыма Ыйманга, Ынсапка муктаж, бирок Ыйманга дайым эле бериле беришпейт. Адамдар Ыйманды издеп Ыйык жерлерге барышат, Ыйман деген ар бир адамдын көкүрөгүндө, күнү-түнү тынбай соккон муштумдай болгон жүрөгүндө экендигин эстеринен чыгарып коюшкан. Ошол чындык адамды ажал алкымдан алганда гана тааный тургандыгын китептеги кейипкер Императордун жанында турган жиндилерге айткан сөздөрүнөн көрунөт.
…Жаным жер жыттап турат… Силерди Ыйык жерге алып барам деп убада бергеним чын… Ага силер жете элексиңер… а мен аерге жеттим окшойт, кыязы… Ыйык Жерге бу жалгандын чындыгын сезгениңде гана жетет окшойсуң… А мен аны таптым… а силер издегиле… кырк күн жүрүп… тапканым-ошол чындыгым болду, ошо мен издеген чындык да менин өзүмдө турбайбы, өзүбүздү өзүбүз түшүнбөй туруп, өзүбүздү өзүбүз билбей туруп, өзүбүздү өзүбүз аңдабай туруп, ал чындыкты таппайт экенбиз… Көрсө, ал биздин адамдыгыбызда, жүрөгүбүздө турбайбы, анткени көрсө, биз өзүбүздүн адам экендигибизди, ар бирибиздин жүрөгүбүзгө Жаратканым жан салганын унутуп, жүрөктөн жүрөккө карай кеткен жолду талкалап алган турбайбызбы… көрсө ошол ыйыктык ар бирибиздин жүрөгүбүздө экен… биз өзүбүздөн издешибиз керек турбайбы… Менин акыркы актык демим калды… ал азыр үзүлгөнү турат… Силер жолго аттангыла… ал жол жүрөктөн жүрөккө карай кеткен жол…(201-бет)
Байлыкка мас болгон Клеопатранын бир түндүк аялдык рахаты үчүн адамдардын, кулдардын баштары балтанын астында кандай ыргыганына китептин барактарынын арасынан күбө болобуз. Өз даражасына ылайык келбеген жоруктары аркылуу ал үчүн адал менен арамдын айрымасын айрымалай албагандыгын, бир түндүк лаззатташуу ырахатын баарыдан жогору койгонун көрөбуз .
Сүйүү эмес өзүнүн ургаачылык кумарын кандыруу үчүн байлыктын туу чокусуна чыккан Клеопатраны жылан чагып өлгөнү, анын сүйүүнүн символу эмес, ыплас жандын ыпластыгынан дүйнөнү тазартуу үчүн Кудайдын ага берген жанжазасы.
Ыйык сүйүүсүнө жетпей, алдуу арамзалардын колу менен жиндиканага түшүп, жиндикананын башчысынан Клеопатра деген тергеме жана шылдың ысымды алып, айланасындагы жиндилердин жинди күлкүлөрүнө, шылдыңдарына айлангандыгы, ак нерсени кара боёк менен боёп, бул кара деп элге көрсөтө турган күчтөрдө Ыйман деген баалуу нерсенин ыпымы да жоктугу, алардын бул жалганда жыргап, бирөөлөрдү тебелеп-тепсеп жашагандыгы менен акыры жанжазадан кутула албастыгы “ак ийилет, бирок сынбайт” деген кыргыздын накыл кебине алып келип такайт.
… Дүйнө булганып, жетээр жерине жетти… уулу апасына, атасы кызына аңги чыккан, мусапырынан капыры көбөйгөн, ыймандуулар шылдыңдалып, ыймансыздын ташы өйдө кулап, ыйыктык жерге тебеленип, сезимдер жапайыланып, Кудайга тең ата чыккандар көбөйүп, Күндүн табы кайтып, тоонун чокусу эрип, какшыган талааларды туз басып, өзүнөн өзү жан кечкен эрөөн-терөөн алынбай, Жараткан тартуу кылган жашоонун ыйыктыгы тебеленип, мыйзамы бузулуп жаткан опаасыз дүйнөдө Жараткандын Улуу Куткаруучулук касиетин периштелер ушу баладан, туулган күнү 665 күнгө айланган баладан көрүшкөн… Эми арбак сүтүн эмген бала бу касиетке татыксыз… Кудайдын каары тийди…
Жазуучу ушул сүйлөмү менен ааламдашып бара жаткан коомдогу, бизде болуп жаткан Кудайга жакпаган ыплас жоруктарды таасын сүрөттөгөн. Автор сүрөттөгөн көрүнүштөр бүгүнкү күндө адамдар тарабынан кадимки күнүмдүк жашоонун маңызы катары кабылданып маңкурттук абалга келгенибизди далилдеп тубайбы.
Романды окуп бүтүп жатканда, “Адамдар! Кудайды өлүм алдында жатканда, башыңарга кыйынчылык түшкөндө эмес, жатсаң-турсаң, ойгооңдо, уйкуңда да, ооруп жатканда эмес, дениң соо кезинде да, байлыгыңды жоготкондо эмес, аны таап жатканыңда эсиңден, көкүрөгүңдөн чыгарба! -деген маанини түшүнөсүң.
Бул китеп адамдар арасында көптөгөн талаш-тартыштарды жаратат. Камтыган темасы бүт ааламдык. Бул китептен ар бир окурман өз чындыгын, ыйманын издейт. Ар ким ыйманына жараша баа берет. Али алдыда айтыла турган көп сөз жатат.

Нурмамат ажы Сапарбаев

Сулуулук бардык нерседе бар, бирок аны бардык эле адамдарга көрүүгө берилген эмес. (Конфуций)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17