Аймак

Тарых жана маданият жылына карата У Н У Т Т А К А Л Г А Н И Н С А Н

 7,318 Бардыгы /

Тарых жана маданият жылына карата                                У Н У Т Т А  К А Л Г А Н  И Н С А НТагдыр ушул таалайына бүткөндөй,
Кылым өтүп кыйырын жеткендей.
Эл кызматтын аркалаган шумкарын,
Калкы эскерип калат тура өлтүрбөй.
(Ооганбек – Данбагар )

Кыргыз Республикасынын Президентти Алмазбек Атамбаевдин 2016 –жылды “Тарых жана маданият” жылы деп жарыялашы Кыргыз дөөлөтүндөгү олуттуу улуу бурулуш, көсөмдүк даанышмандыктын туу чокусу экендигинен кабар берет. Себеби көр тириликти, экономиканы оңдосо же материалдык байлыкты тапса болот. Ал эми руханий жакырдануу же жоготуу улуттун, элдин дегерадациясына, мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүнө, түптөлүшүнө кедергесин тийгизүүчү толтого атылган жебе. Буга күбө кайсыл гана доордо, кылымда болбосун баскынчы агрессорлордун идеологдорунун кол башчысына берген кеңеши: Кандай, кайсыл гана улут, эл, калк болбосун алгач тарыхын, маданиятын жоготуу талкалоо менен ооздуктап, кулагын кескен кул, маңкурут кылып, айдактаган жагыңа сокурдай сүзгүлөп берерин белгилешкен. Ушу өңүттөн алып караганда өлкө башчыбыздын өтүмүш, уңгу тарыхыбызга, ата салт маданияттыбызга кайрылуусу кылым кескен калкыбыздын улуу руханий дөөлөттөрүбүздүн, мурасыбыздын өсүп, өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жаткандыгы урматтоого, сыймыктанууга негиз берип тургандыгы менен өзгөлөрдөн айрымаланат. Учурда актай калган тарых барактары такталып, маданияттыбызда кайра жаралуу процесси жүрүп жатат. Ушул жылы көптөгөн ачылыштар болору күтүлүүдө. Ошондуктан мамлекет болушубузга өмүрүн арнаган инсандарыбыздын жүзү ачылып, массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыяланып, берилип атайын китептер даярдалууда.
Мына ушундай тарыхий инсандарыбыздын бири Иманали Сатыбаев. Бул инсан жөнүндө ушул мезгилге чейин бир дагы массалык маалымат каражаттарында берилбей да, жазылбай да келген.Саясий идеологиялык, агартуу майданына өмүрүн арнап, Улуу Ата Мекендик согушка кетип дайынсыз болгон агабыз Иманали Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу Сыны айылында кедей-дыйкан Сатыбайдын үй-бүлөсүндө 1911-жылы жарык дүйнөгө келген.
Атасы Сатыбай 1925-жылга чейин үй-бүлөсүн жеке чарбасы жана байларга мендикер жүрүү менен багып келген. Элет жерлеринде Совет бийлигин толук орнотууга ошол мезгилдеги кырдаал же болбосо пантүркизм, исламизм сыяктуу идеологиялык күрөш күч алып, басмачылардын араны жүрүп, оп тартып турган учур болгон. Ошондой болсо да тамырлап калган Совет бийлиги идиректүү жакыр, кедей-кембагалдарды жергиликтүү кеңеш бийлигине жетекчилик кызматтарга шайлоо аркылуу өткөрүшкөн. Ошол 1925-жылы айылдык кеңештин төрагалыгына болгон шайлоодо Сатыбайды эл ишеним көрсөтүп, төрагалык кызматка шайлашкан. Совет мамлекетинин саясатына, идеологиясына, экономикалык багытына ылайык байлардын малдарын, жерлерин ортолук уюмдашкан чарбаларга тартуу, (колхозго) байларды тап катары жоюуда кулакка тартуу сыяктуу иш- терди жүргүзүүдө башынан далай кыйынчылыктарды өткөрүп 1938-жылга чейин иштеген. Коомдун, келечектин күрөө тамырын кармаган Сатыбай Кызыл-Жар районуна караштуу Ак-Суу айылындагы Кыргыз кызыл атчандар дивизиясынын командири Арстанаалы Осмонбеков ачкан балдар интернатына окууга уулу Иманалини жиберген. Азыркы Аксы районунун жана Таш-Көмүр шаарынын аймагында Таш-Көмүр, Кызыл-Жар, Караван райондору болгон.
Иманали окууну аяктагандан кийин 1927-1931-жылдары Фрунзе шаарындагы Кыргыз педагогикалык техникумуна тапшырып, 3 курсунда окуп жатканда ВКП(б) (Большевиктердин Бүткүл союздук коммунисттик партиясынын пленумунда Түркстан элдеринин сабатын жоюуда жогорулатуу белгилегендиктен кадр даярдоо максатында Москва шаарынан билим алууга жолдомолор берилген. Мына ушундай жолдомо активист, окуунун мыктысы, өз курдаштарынан өзгөчөлөнгөн Иманали Сатыбаевге педтехникумдун педагогикалык кеңешинин чечими жана ишеними менен РСФСРдин (НКП) Эл агартуу комиссариатынын алдындагы бир жылдык саясий техникалык окуу курсуна педтехникумдагы окуу курсун эске алуу менен жөнөтүлүп, 1932-жылы ийгиликтүү аяктап келет. Ошол жылы Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын Эл агартуу комиссариатында мектеп секторунун инспектору кызматына кабыл алынат. Эл агартуу комиссариаты Жалал-Абад областындагы Кызыл Жар районунда эл агартуу системасы алгылыктуу жүрбөй жаткандыгына байланыштуу элге билим берүү бөлүмүнүн инспектор-методист кызматына жөнөтөт.
1933-1935-жылдар аралыгында Кызыл армиянын катарына чакырылып, Кыргыз атчандар полкунда кызмат өтөйт. Ленин комсомолунун мүчөсү болгондуктан Москвадан бүткөн мыкты адис катары 1935-жылы Кыргызстан Ленин Комсомолунун Жаштар Союзунун Борбордук Комитетинин чечими менен Кыргызстан ЛКЖС (БК) массалык маалымат органы болгон “Кыргызстан пионери” гезитинин жооптуу редактору кызматына дайындалат. 1935-1939-жылдар аралыгындагы жетекчилик кызматында Кыргыз ССРинин интеллегенциясынын, адабият, маданиятынын коррифейлери, комсомолдук, партиялык, советтик жетекчилер менен катарлаш СССРдин кубаттуу мамлекет, Автономиялуу республикадан, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болушуна, Совет мамлекетиндеги тең укуктуу республика болуп калыптанышына салым кошкон.
1937- жылы Кыргызстан Ленин Комсомол Жаштар Союзунун 1 съезддинин делегаты, пленумунун мүчөсү жана ЛКЖС(БК) борбордук комитетинин бюро мүчөлүгүнө талапкер болгон. Пленумдун мүчөсү катары республикадан жарык көргөн газеталарды мамлекеттик контроль жана уюштуруу комитетинин секретарлык милдетин кошо аркалаган. 1939-жылы Иманали Сатыбаевди ошол мезгилде Совет мамлекетинде жүрүп жаткан тазалануу жана тазалоо (репрессия) процессинде көрө албаган кутумдардын тоголок катынын негизинде күмөндүү же шектүү элемент катары такталбаган маалыматтарга таянып жооптуу редактордук кызматтан,(ЦКЛКСМ Киргизии) Кыргызстан ЛКЖС борбордук комитетинин пленум мүчөлүгүнөн жана бюро талапкерлигинен четтетип, Ленин комсомолунун (ВЛКСМдын) мүчөлук укугунан ажыратат.
Орус тилин мыкты өздөштүргөн, жетекчилик кызматтарда такшалып калган Иманали, борбордук, партиялык, комсомолдук органдарына кайрылып, атайын комиссия түздүрүүгө жетишип тоголок кат куру доомат, жалаа экендигин тастыктатып, аппелациялык комиссиянын чечими менен Бүткүл Союздук Ленин Комсомолунун Жаштар Союзунун мүчөлүк катарына кайрадан кабыл алынат. Бирок атайын уюштургандар кызмат ордун бербегендиктен Фрунзе шаарынан өз айылы Сыныга кайтып келип, бир туугандары: Курбаналы, Жуманалы, Ашыралы, Тургуналы, карындашы Алымкан жана тууган-уруктары менен жолугуп учурашып,1939-жылдын сентябрь айынан 1940 -жылдын июль айына чейин коңшулаш Кара-Суу айылындагы толук эмес орто мектебинде мугалим, кийин мектеп директору кызматында иштейт. Ошол жылдары Иманали Кара-Суу айылында өмүр кечирген маркум кыргыз калкынын залкар акыны Өтө Көкө уулунун (Жеңижоктун)
Аксыдан чыккан Жеңижок,
Айтышарга теңи жок.
Таластан келген Жеңижок,
Тандайлашар теңи жок !…-
деп сыпаттаган демократ акын Токтогул атабыз устатым деп эскерип өткөн Жеңижок атабыздын ырларын эл оозунан жыйнап, латын алфавитинде жазып, (айтуучулар Рыскулбек Шатманов, Жээмырза Орозалиев, Алымбек Мамбетов) классификациялап НИИКЯП кол жазмалар менен № 104, 29- августта 1940-жылы мамлекеттик архивге тапшырган.
1940-жылдын июль айынан 1941-жылдын март айына чейин Караван районунун (азыркы Аксы району) райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы,1940-жылдын август айында ВКП(Б) катарына кабыл алынат.1941-жылдын март айында Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Жалал-Абад областтык коммунисттик партиялык комитетинин бюросунун чечими менен областтык партиялык комитетинде агитация жана пропаганда бөлүмүнүн инструктору кызматына дайындалат.
Иманалы Сатыбаев үйлөнгөн, эки уулу наристе мезгилинде чарчап калган. Уулу Ата Мекендик согуш башталганда саясий кызматкер катарында Жалал-Абад шаарынын аскер комиссариатына арыз берип, өз ыктыяры менен жөнөгөн. Аскердик даярдыктан атчандар кавалериясында Өзгөн районунун Куршаб айылында саясий жетекчи (атчандар кавалериясынын замполитчасть) сыпатында өтүп, улуу кыргынга аттанган.
Иманалинин ошондон кийинки тагдыры табышмак же болбосо дайынсыз. Агартуунун, саясий майдандын жоокери, Советтик армиянын офицеринин өмүр таржымалы тарыхы ушул мезгилге чейин күмүскөдө калып кеткен. Бул тарыхый инсандын изин кууган Иманалинин бир тууганы Курбаналынын уулу Калматтын баласы Аман (КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы күрөшүү агенттигинин офицери, полковник, Жалал-Абад шаардык өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Аман Калматов материалдарды Кыргыз Республикасынын саясий документтер мамлекеттик архивинен таап, тактаган.) Туугандык жана атуулдук милдетин өтөгөн офицерге ыраазычылык билдиребиз.
Басма сөз айдыңында Иманали Сатыбаевдин тарыхий инсандык жүзү, алгачкы жолу жарыяланып олтурат. Ал эми тилинде мөөрү бар акын Өтө Көкө уулунун (Жеңижоктун) философиялык табиятын изилдеген илимпоз Р. Шамшиев тарых жана маданият жылына арналып өткөн ЖАМУдагы эл аралык илимий -практикалык конференцияда Иманали Сатыбаевдин архивге тапшырган ырларынын негизинде “Жеңижоктун чыгармалары жаңы тарыхий табылгаларда” аттуу илимий доклад жасады.
Мына урматтуу окурман! Улуу инсан Иманали Сатыбаевдин 115-жылдыгында өз өлкөсүнө кылган кызматы эске алынса, Кыргыз шумкарынын бир канаты айылынан, балдар үйүнөн, Фрунзе шаарынан күүлөнсө, экинчи канаты Орусия мамлекетинин борбору Москва шаарынан күүлөнүп учкан Кыргыз интеллегенциясынын алгачкы өкүлдөрүнүн бири болгон.
Быйылкы тарых жана маданият жылында Аксы районунун мамлекеттик администрациясы, Жалал-Абад шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарыхий инсаныбыз Иманали Сатыбаевдин ысымын түбөлүккө калтыруу жагын (ысымын көчө, мектептерге ыйгаруу) караштырышса, адилеттик жосун болор эле деген тилектебиз.

Ооганбек СТАНБЕКОВ, жазуучу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17