Аймак

ЯПОНДОР ЧЫДАМКАЙ, СЫПАЙЫ ЭЛ

ЯПОНДОР ЧЫДАМКАЙ, СЫПАЙЫ ЭЛ

 7,353 Бардыгы /

Негизелген күнү: Б.з.ч. 660-жылдын 11-февралы

Борбору: Токио, 47 префектурадан турат

Башкаруу ыкмасы: Парламентардык монархия

Императору: Акихито (мураскери Нарухито)

Премьер-министри: Синзо Абэ

Аймагы: 377, 9 км²

Калкы: 126 958 000

 

 

 

Япондор эң көп колдончу он беш сөздү үйрөнүңүз:
Сумимасен – Кечириңиз!
Аригато гозаймас – Чон рахмат!
Кавайи – Сүйкүмдүү
Сугой – Таң калаарлык!
Хисашибури – Көптөн бери көрүшө элекпиз
Натцукашии – Эстен кеткис! (настольгия)
Онака суита – Курсак ачты
Оиший – Даамдуу!
Онака ипай – Тойдум!
Гочисоу самадешта – Тамак үчүн рахмат!
Ганбатте – Чамда! Аракет кыл!
Шёганай – Эч нерсе кыла албайсын
Хай! – Ооба!
Отцукаре самадешта – Бүгүнкү күн үчүн рахмат!
Тадаима – Үйгө келдик

Япония үчүн ондогон жылымды арнаптырмын. Тээ окуучу партасында олтурган кездерде аларда төрт бурчтуу дарбыздар, алты бурчтуу апельсиндер болоорун угуп таң калчум. Андан кийин Нуржигит Кадырбековдун «Япониянын керемет сырлары» китеби менин кыялдарымды биротоло күн чыгышка байлап салды. Ошентип, ушул жылы табышмактуу Японияга сапар тарттым. Андагы алгачкы эле байкаган нерсе тазалык менен тартип болду. Аларда ТВнын дээрлик жарымы ашкана сырларын үйрөтүүчү көрсөтүүлөр экен. Чет элден келгендер бул сырдуу өлкөдөн салмак кошуп кетишээрин айтышты. Япон эли башкалар кандай жашоо күтөт, маданияты, салты кандай экендигине абдан кызыгышат. Өзгөчө Кыргызстан сыяктуу белгисиз, кичинекей өлкөнү ар бири сурап менден маалымат алып жатышты. «Биз тууган турбайбызбы?» деди бир күнү чогуу жашаган курсташым Харука. «Япон менен кыргыз бир тууган болгон экен, мына интернеттен окуп жатам» деп калды ал. Мыйзамдын үмтөмдүүлүгү басым кылган бул өлкөдө мен байкай алган өзгөчөлүктөрдү санай кетейин:

* * *

Японияда мен байкаган көрүнүш тейлөө кызматындагы өзгөчөлүк болду. Мисалы, айдоочулар жолду пайдалангандыгы үчүн бир шаардан экинчи аймакка өтөөрдө белгиленген тарифтеги сумманы төлөшү керек. Ал жол куруу, оңдоо сыяктуу өз чыгымдарына коротулат. Мен айтайын дегеним, акча алып сизди тосмодон өткөрүүчү кызматкер ордунан туруп алып, ийилип жатып көп ирет рахматын айтып жогорку деңгээлдеги кызматын көрсөтөт. Ал тургай мейманканада кардарды тизелеп олтуруп алып укканын көрсөңүз таң калбаңыз. Анткени бул япон маданиятынын эң маанилүүсү. Алар башканы кунт коюп «уга» билет.

                                                                          * * *

Күн чыгыш өлкөсүндө сиз жардамга «жооп берүүгө» адаттанасыз. Аларда жардам берген кишиге жооп иретинде суу болсо да сунушуңуз керек. «Чоң рахмат» деп сырттан жолго салуу сыпаайы элге туура келбеген мүнөз. Бирок чоң белек берүүгө болбойт. Бир ай мурда эмерегин үйгө ташууга жардам берген болсоңуз сизди көргөндө дагы бир ирет ыраазычылык билдирүүдөн тажашпайт. Аны эсиңизге салып, «ошондогу» колдооң үчүн «аригато» деп жылмаят. Жакшылыкты унутпаганы жагы албетте жагымдуу. Эгер коллективдүү бир иш чара аткарышса аны жыйынтыктап баары тегеренип турат. Ар бири «бүгүнкү иш үчүн рахмат» деп өз пикирин, иштеги артыкчылык менен кемчилдикти айтышат. Аны баары берилүү менен угат.

* * *


Японияда баары өз ишин так аткарып, башкага тоскоолдук жаратуу тарбиясыздык саналат. Айтылган убакытка бир минут кечигип калсаңыз эч ким сизге нааразычылыгын билдирбейт, бирок абдан осол болгон болосуз. Белгиленген иштер өз убактысы менен болгондуктан жумуш тизмектелген шурудай тартипте өтөт. Саттын жебесиндей өз жумушун так аткарган бул процессте эч ким бирөөнүн убактысын ашыкча албайт. Эгер сиз Японияга кыска мөөнөттүүбү, узак мөөнөтүүбү убакытка чакыруу алган болсоңуз бир ай алдын ала сиздин программа бекитилет. Анда кайсы күнү саат канчада кайжерге барып кимге жолугаарыңыз, андан чыгып метродо болжолдуу канча убакыт коротооруз, кийинки ишиңиз кандай болоору минутасына чейин жазылган болот.

* * *

Башкага тоскоолдук жаратпоонун көп кырлары бар. Алардын бири чөйрөңдөгүлөрдү өзүңдөн көбүрөөк ойлоо. Мисалы, чөнтөк телефонду үнсүздө алып жүрүү эрежеси. Дээрлик баардык япон жазылбаган бул мыйзамга баш ийишет. Телефондон шаңкылдап муза жаңыруусуна каршы болбосо да бул нерсе башка кишинин тынчын алуусу мүмкүндүгүн ар бири эске алышат. Музейде селфи тартуу, жолду тосуп ыңгайсыздыкты жаратуу эч биринин түшүнө да кирбейт.

                                                                                * * *

Алар экологиялык «гибрид» унааларга басым жасашууда. Бул айлар аралыгында мен эки жолу жол тандабас машинени (джип) кезиктирдим. Япондуктар экологияга зыянын тийгизбей тургандай кичинекей, тыпыйган, экономдуу унаа тандашат. Экология демекчи алар табиятты кол тийгис сакташат.

* * *

Сыпайылык, кичи пейилдик ар бир япондун кадимки жүрүм туруму. Кокусунан даректи билбей дүкөн сатуучусуна жардам сурап кайрылып калсаңыз, ал сизге аягына чейин көмөктөшөт. Эгер ал даректи билбесе телефондогу интернеттен карап, сизди туура жолго салат. Ал дүкөнүн калтырып, сизди күзөтүп бир топко чейин сиз менен басып, ийгилик каалап артта калат. Сырттан барган чет элдик үчүн адашуу, даректи таппай калуу эч кандай коркунучту жаратпайт. Японияга камынып жаткан болсоңуз, коопсуздук жагынан эч кам санабай жолго даярдана бериңиз.

                                                                                 * * *

Жумушка катуу «берилүү» өзгөчө акыркы жылдары күчөп турат. Айрым министрлер «ашыкча иштеп чарчагандыгы үчүн» жумуш столунда каза болгондугу планетабызда аңыз болуп айтылып келет. Коллективдин биримдиктүү болуусу башкы маселе. Эгер жумуштан кийин кече уюштурулса, андан эч ким кабарсыз калбайт. Чогуу эс алуу, кесиптештер ар дайым бирге болуусу япон жан дүйнөсүнүн ажыралгыс бир бөлүгү. Тандалма «чөйрө» жокко эсе. Түнкү үчтө караокеден абдан мас абалда тараган кызматкерлер эртең менен баары кадимкидей жумушта болушат.

* * *

Бетбактык күн чыгыштыктарга жат мүнөз. Кезек күтүүдө бул элдей сабырдуулар дүйнөдө жок болсо керек. Муну 2011-жылы океан астынан жер титиреп, анын кесепетинен чоң толкун (цунами) толкуп, Фукушимадагы атом станциясы жарылгандан улам экономикалык оор жоготуудан кийин дүкөндөрдөгү узун кезектен дүйнө эли байкаган. Жүз киши турса сиз 101-болуп учуруңузду күтөсүз. Эгер бир нече километр автотыгында турсаңыз сингал басуу адепсиздик. Анткени алдыңкы унаа айдоочусу да «келесоо» эмес. Биздикилердей болуп жолчырактын сарыса күйгөндө арттагылар жанталаша «болбойсуңбу?!» сигналын басышпайт.

* * *

Конок эң урматтуу адам. Жогорку деңгээлдеги япон маданиятын көрсөтүп сыйлуу орунга олтургузушат, берилүү менен маектешишет. Конок кетээрде үй ичи бири калбай сыртка чыгып кол булгалап артта калышат. Ишениңиз бул абдан жагымдуу. Токсондон ашкан карылардан тарта жаш балага чейин бул церемонияны аткарышат. Бир чет элдик мекенине кетип жаткан болсо ага конвертке салынган кат берилет. Анда ыраазычылыктар, ийгиликтер кааланат.

                                                                                       * * *

Абдан чыгармачыл калк. Айымдар карьерадан үй-бүлөнү жогору коюшат. Анткени баласынын мектепте башкалардан ыңгайсыз абалда калбашы үчүн энеси колунан келишинче тырышат. Мектепте «кимдин апасы тамагын мыкты жасалгалап берди» конкурсу тымызын болушу ыктымал. Япон апалар мектепке тамакты жөн эле салбастан, түрдүү жаныбардын элесин берип, кооздошот. Ал үчүн япон эне сааттарын коротот. Ошондуктан журналдар карвингдин түрүн баяндайт экен.

                                                                                        * * *

Япондордо ар ким өз айланасын таза кармайт. Сакура гүлдөгөндө миңдеген жергиликтүүлөр парктарга үй бүлөлөрү менен суктанууга келишет. Бирок парктарды кароолчулар же мамлекеттен айлык алган тазалык кызматкери жыйнабайт. Ар ким өз калдыгын көтөрө кетет. Коңшулар сиздин короодо ишембилик уюштуруп жардамга келиши мүмкүн. Башкы менеджер кеңсени жыйнап, бухгалтер пол жууп коюуусу таңкалаарлык эмес. Мектепте окуучулар үйдөн көтөрө барган тамагын жеп, андан соң ынтымактуу түрдө классты тазалап, кезек менен пол жуушат. Атайын техникалык кызматкер пол жууп иштебейт.

                                                                                            * * *

Япония менен сыймыктануу ар биринин жүрөгүндө. Өлкөсүн мынчалык сүйгөн жаштарды ушул мамлекеттен кездештирүүгө болот. Ал мамлекеттин улуттук программасына киргизилбейт, «тилибизди сактап калышыбыз керек» деген сыяктуу талкуулар жокко эсе.

* * *

Саясатка кызыгуу артыкча убакытты албаса да, өлкө башындагыларга ишеним абдан жогору. Шайлоого калктын жарымы да барбайт экен. Агитация кызуу жүрүп жаткан учурду көрдүм, бирок кайсы партияда кайсы саясатчы бар экендигин биле албадым. Анткени курсташтарым өкмөт башчы Абэден башканы тааныбагандай элес калтырышты.

* * *
Ал эми саякатты абдан жактырышат. Алар башка элдер кандай жашайт, эмне салты бар экендигине өтө кызыгышат. Японияда билим алып жаткан кыргыз студенттеринин арасында да кыргыз маданиятын, салтын үйрөтүп мектептерде сабак берип иштегендер бар. Ошентип «саякатчы бака» наамына татыктуу бул калк арасында 18 жашында беш өлкөгө өз алдынча айылдап келген жаштар көп эле.

* * *

 

Ыктыярчы эл. Япония 2011-жылкы табият кырсыгында сырттан сокур тыйын жардам албагандыгы айтылат. Экономикасынан да көбүрөөк элинин чыдамдуулугуна ишенген бул өкмөт баарын бат эле жеңип өткөндөй. Андагы кыйроолордун изи азыр такыр байкалбайт. Миллиондогон тургундар ыктыярчы болуп, өл өлкөсүнүн бутка туруп кетүүсүнө салым кошкон. Ал эле эмес башка өлкөлөргө ыктыярчылыкка кеткендер арасында дүйнөлүк рейтингинде алдыңкы орунда япондуктар турат.

 

Гулмайрам САБИРБЕКОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17