Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
3,151 Бардыгы / Ноокат шаарынын мэри Улан ТУРГАНБАЕВ кызматынан кокусунан эле бошотулду. Эми анын милдетин аткаруу вазийпасы вице-мэр Жолой ТИЛЛАЕВге жүктөлүп олтурат. Убактылуу шаар башчысын капыл-тапыл кепке тарттык. – Жолой мырза, Ноокат шаарынын мэри – Ысык-Көлдүн кулуну Улан ТУРГАНБАЕВ кызматынан капысынан эле бошотулгандыгына биз таптакыр эле түшүнбөй калдык. Деги мунун себеби эмнеде? – Бөйрөктөн шыйрак чыгарбай […]
3,152 Бардыгы / Ноокат шаарынын мэри Улан ТУРГАНБАЕВ кызматынан кокусунан эле бошотулду. Эми анын милдетин аткаруу вазийпасы вице-мэр Жолой ТИЛЛАЕВге жүктөлүп олтурат. Убактылуу шаар башчысын капыл-тапыл кепке тарттык. – Жолой мырза, Ноокат шаарынын мэри – Ысык-Көлдүн кулуну Улан ТУРГАНБАЕВ кызматынан капысынан эле бошотулгандыгына биз таптакыр эле түшүнбөй калдык. Деги мунун себеби эмнеде? – Бөйрөктөн шыйрак чыгарбай […]
Жолой ТИЛЛАЕВ: “НООКАТ ШААРЫ ДОТАЦИЯДАН БОШОНГОН!”
25.04.2023 / Автор anarkan_kg3,153 Бардыгы /
Ноокат шаарынын мэри Улан ТУРГАНБАЕВ кызматынан кокусунан эле бошотулду. Эми анын милдетин аткаруу вазийпасы вице-мэр Жолой ТИЛЛАЕВге жүктөлүп олтурат. Убактылуу шаар башчысын капыл-тапыл кепке тарттык.
– Жолой мырза, Ноокат шаарынын мэри – Ысык-Көлдүн кулуну Улан ТУРГАНБАЕВ кызматынан капысынан эле бошотулгандыгына биз таптакыр эле түшүнбөй калдык. Деги мунун себеби эмнеде?
– Бөйрөктөн шыйрак чыгарбай туруңуздарчы? Айтылуу Ысык-Көл жергесинин кулуну болгону менен Улан ТУРГАНБАЕВ Ноокат шаарында өзүнөн кичи Мекениндегидей эле адал кызмат өтөдү. Соңку тапта саламатчылыгы абдан начарлар кеткендиктен, ал кызматын өз эрки менен гана тапшырды. Ошондуктан, жаңы мэр дайындалгыча, азырынча анын милдетин мен гана аткарып турамын.
– Анан кичи шаар аталган Ноокат дагыле дотацияда олтурабы?
– Жо-жок! Балээниби? Ноокат шаары дотациядан эбак бошонгон. Шаар ушул тапта өзүн-өзү гана каржылап келатат.
– Ошондо Ноокат шаарынын жылдык бюджети канча сомду чапчыйт экен?
– Буга дейре 99 миллион сом сарптачубуз.
– Ал эми азырчы?
– Эмдиги жылдан тартып шаарыбыздын жылдык бджетин 110 миллион сомго дейре көтөрүүгө биздин аракетибиз абдан күч!
– Айтмакчы, салыктар жана башка дагы жыйымдарданбы, деги мындайча айтканда, Ноокат шаарынын бюджети жалпысынан эмнелердин эсебинен топтолуп – өздөштүрүлүп жаткан чагы?
– Ноокат райоунун борбордук базары биздин шаарыбыздын аймагында жайланышкан. Мындан тышкары жеке ишкерлик менен алектенишкендер дагы толтура. Баары тең патенттик система менен ырааттуу түрдө иштеп жатышат. Буларга биз дагы шартыбызга ылайыктап ыңгайлуулук жаратып, заман талабына жараша «Бирдиктүү терезе» дагы ачканбыз.
– Жалаң допуларды кийишкенине караганда, Ноокат шаарында өзбек этносу көп окшойт?
– Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 315 миң калк байырлайт. А мунун 15 500ү Ноокат шаарында жашашат. Калаабыздын калкынын 90 пайызы – дээрлик өзбектер, 9 пайызы – кыргыздар, ал эми калган 1 пайызы – ар улуттар.
– Араңыздарда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары дагыле бардыр?
– Жо-жок! Бизде Улуу Ата Мекендик согуштун бир дагы катышуучусу калбады. Алааматтын азап-тозогун куп гана көрүшүп, тылда деле каармандарча эмгектенишкендердин он чактысы дагыле арабызда. Ооган согушунун 22, мындан тышкары Баткен коогалаңынын 3 катышуучусу ушул тапта катарыбызда. Булардын ар бирине жыл сайын майрамдарда 10 миң сомдон ыроолоп турабыз.
– Жолой мырза, айып этпесеңиз, Ноокат шаарынын деги болочогу бар бекен?
– Бар! Муну мен тайманбастан айта аламын. Жанаша жайланышкан Ноокат районунун айрым айылдарын Ноокат шаарына кошуп, андан ары каланы азыркыдан дагы кеңейтсек, мындан, албетте, баарыбыз тең эле утмакчыбыз. Анан дагы бара-бара көп кабаттуу үйлөрдү катарынан тикелегенге бекем ыктасак, социалдык олуттуу көйгөйлөр (үй, таза суу, бала бакча, мектеп) өзүнөн өзү дароо жайгарылаар эле…
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Жолой ТИЛЛАЕВ 39 жашта. Ош технологиялык университетин, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясын бүтүргөн. Кесиби – экономист. Эки уул, бир кыздын атасы. Жубайы Чолпон АБДИКУЛОВА – мектептин мугалими.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
04.09.2023 / Автор anarkan_kg КОЧКОР-АТА ШААРЫНДА НЕФТИЧИЛЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
31.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна БАТКЕНДЕ “ИСФАЙРАМ-1” ЧАКАН ГЭСИ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ
-
31.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ӨЗГӨН ШААРЫН АЙЛАНЫП ӨТҮҮЧҮ ЖОЛДУН КУРУЛУШУ АБДАН КЫЗЫДЫ
-
Маек
Гульмира ТУРДУБАЕВА: “БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАЙДЫГЕР КАРООГО ЖАНА АНДАН КАРАЖАТ АЙООГО АКЫБЫЗ ЖОК!”
Соңку тапта агартуу тармагын рефомалооонун заманбап өңүтү - билим берүүнүн…
-
26.08.2024 / Автор anarkan_kg Эркин ЭШИЕВ: “ТҮЗ БАЙЛАНЫШ МАСЕЛЕНИ ШЫР ЧЕЧЕТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.