Аймак

ПЕНСИЯ ЖӨНҮНДӨ БААРЫН БИЛЕСИЗБИ?

ПЕНСИЯ ЖӨНҮНДӨ БААРЫН БИЛЕСИЗБИ?

 15,899 Бардыгы /

Ар бир адам жашоосунда социалдык коргоого, кепилдиктерге муктаж болот. Алардын катарында бардык катмардагы адамдар карыганда пенсия алуу укугуна ээ болуусу турат. Пенсия дүйнөдөгү бардык адамдар алуучу каражат. Андыктан келечектеги пенсиябыз тууралуу толук маалымат билишибиз абзел.

ПЕНСИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Пенсия-латын тилинен алынып pensio-төлөм – жашоонун негизги каражат булагы катары мамлекет же башка субъект тарабынан эмгекке жарамсыз жарандарга такай, ошондой эле өмүр бою берилчү төлөм. Пенсия белгилүү бир пенсиялык куракка жеткенде, майыптык белгиленгенде, баккан адамы каза болгондо, ошондой эле узак кесиптик ишине байланыштуу чегерилет. Төмөндө биз пенсиялык куракка жеткенде чыгуучу пенсия жөнүндө сөз кылабыз.

Пенсия боюнча бардык иштерди Социалдык фонд башкармалыктары жүргүзөт.

Социалдык фонд башкармалыгы – жөнөкөй тил мене айтканда элдин акчасын чогултуп, кийин алар улгайганда же жардамга муктаж болгондо өздөрүнө кайтарып берген мекеме.

КАНТИП жана КАЧАН?

КРнын мыйзамы боюнча эркектер 63, аялдар 58 жашынан чыгышат. Ал эми тоолуу шартта жашагандар эркектер 55, аялдар 50 жаштан чыга алышат. Бирок пенсиянын базалык бөлүгүнөн төлөнө турган 1 жарым миң сомду алууга 25 жылдык эмгек стажы керек болот.

КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:

-арыз

-алуучунун паспорту

-эмгек китепчеси

-аскердик билет

-диплом (кесиби тууралуу)

-аялдар үчүн балдардын туулгандыгы туралуу күбөлүгү

-3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөт

-жарандардын социалдык абалына дагы башка күбөлүктөр керектелет.

КАНТКЕНДЕ КӨБҮРӨӨК ӨЛЧӨМДӨ ПЕНСИЯ АЛАБЫЗ?

Пенсиянын 4 бөлүгү бар. Эң ириде базалык бөлүк – бул мамлекет тарабынан кепилденген пенсия. Бул бүгүнкү күндө 1780 сом. Жеткиликтүү эмгек стажы болсо, аялдар үчүн 20, эркектер үчүн 25 жыл стажы менен ушул кепилденген сумма пенсия катары берилет. Мына ушунда жогоруда аталган стаж аз болсо, кепилденген сумма 1780 сомдон да азая берет. Мисалы аял кишинин стажы 20 эмес, 10 жыл болуп калган болсо, анда 1780 сомдун жарымын алып калат. Эмгек стажынын пенсияга ушундай таасири бар.

Камсыздандыруунун 2-бөлүгү – 1996-жылдан баштап бардык мекеме-ишканалар социалдык фондго төлөп башташкан. Алардын төккөн төгүмү да маанилүү.  Мисалы кен чыгаруучу заводдо иштеген кызматкердин камсыздоо бөлүгү көбүрөөк болот. Анткени мында айлык акы жогору.  Бул көрсөткүч менен жогоруда айтылган кепилденген 1780 сомдун үстүнө 10 миңге чейин кошуп алгандар, ошондой эле 60-70 сом эле кошуп алгандар бар. Андыктан көбүрөөк өлчөмдө пенсия алыш үчүн эмгек стажың жеткиликтүү, андан да маанилүүсү социалдык фондго төгүп жаткан төгүмүң жогору болушу керек. Таптакыр эле стажы жок болсо, курагы боюнча социалдык пенсия гана аласың.

МИГРАНТТАР ПЕНСИЯСЫ…

Эмгек мигранттарынын көпчүлүгү чет өлкөдө иштеп, пенсиялык куракка жетерге жакын үйлөрүнө кайтып келишет. Алардын пенсия үчүн төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрү иштеген мамлекеттерде калып кетүүдө.  Эмгектенген жылдары Кыргыз Республикасында эсепке алынбайт, мунун баары кыргыз мигранттары мекенине кайтып келишкенде пенсияларынын өлчөмүнө таасирин тийгизет. Мигранттардын көпчүлүгү КМШ өлкөлөрүнө, негизинен Россия жана Казахстанда иштешет. Тилекке каршы, мамлекеттер аралык келишим жок. Бирок, эмгек мигранттары үчүн – ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруу мүмкүнчүлүгү каралган. Ага ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн айына орточо эмгек акынын 8 пайызынан кем эмес өлчөмдө төлөө зарыл. Деген менен мигранттардын көпчүлүгү – жаштар, алар келечектеги пенсиясы тууралуу көп ойлонушпайт жана жеке камсыздандыруу эсебине төгүмдөрдү ыктыярдуу төлөө маселеси аларды ойлондура элек. Ошол эле учурда КР Өкмөтү азыркы учурда Россия Федерациясы менен биргелешип социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө келишимдин долбоорун даярдап жатышкандыгын билдиришүүдө.

СОЦФОНДГО ТӨЛӨЙСҮЗБҮ ДЕМЕК, МЕДИЦИНАЛЫК ЖЕҢИЛДИКТЕРИҢИЗ БАР

Социалдык фондго болгон төгүмдү төлөө менен бир гана улгайган жылдарыңды камсыздандыруудан өткөрүү менен чектелбей, бүгүнкү күндөгү ден соолугуңду медициналык камсыздандыруусуна ээ болосуң. Бул дегени пенсияга деп кармалып калган акчанын өлчөмүнөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн бөлүнөт. Ал милдеттүү медициналык камсыздандыруу кызматына (ММКК) ажыратылат. Мисалы, маянаңыздан азыр социалдык фондко деп 4000 сомго жакын каражат кармалса, ошондон 2% медициналык камсыздоого кетет. Башкача айтканда азыр ооруканага барсаңыз, төлөмдөн жеңилдик берилет. ММКК системасы боюнча бардык дарылар эмес, белгилүү бир дарыларды сатып алууда да арзандатуулар бар. Бирок бул пенсияга чыкканга чейин гана. Пенсионерлер үчүн өзүнчө бөлөк жеңилдиктер каралган. Электрондук идентификациялык номер жаңы паспортто болот. Андыктан жаңы үлгүдөгү жарандык күбөлүгү барлар, тактама карточкасы жок эле, паспорту аркылуу милдеттүү медициналык камсыздандыруусу жөнүндө маалыматын көрсөтө алышат.

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭҢ ЖОГОРКУ ПЕНСИЯ 46 000 СОМ

Жалал-Абад шаары боюнча жалпы пенсионерлердин саны 7 600 болсо, айына пенсия үчүн 35 миллион 7 000 сом бөлүнгөн. Бул сумма ай сайын өзгөрүп туруусу мүмкүн. Ал эми бир жылда  пенсионерлерге 436 миллион 400 миң сом берилген. Ошондой эле эң жогорку пенсия 46 000 жеткен учур болгон. Айрым райондорго салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында жеке ишкердик жүргүзгөндөр жана кесиптик кызматта иштегендер көп болгондуктан социалдык фондго төгүмдөр көп түшөт. Андыктан шаардык соц фонд профицит менен алдыга бара жатат.

 

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

 

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17