Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
3,779 Бардыгы / Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Улугбек РАХМАНОВду саарлап эле жумушунан таптык. Анын кеӊсесинде эртелеп кезек күткөндөр көп экен. Маегибизди адегенде эле анын калк арасында чоӊ күмөн жараткан билими жана диплому туурасында суроодон баштадык. -Улугбек мырза, деги Сиз өзү кайсыдыр бир окуу жайын бүттүӊүз беле? Каршылаштарыӊыз “Диплому жасалма!” деп чырылдашып эле […]
3,780 Бардыгы / Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Улугбек РАХМАНОВду саарлап эле жумушунан таптык. Анын кеӊсесинде эртелеп кезек күткөндөр көп экен. Маегибизди адегенде эле анын калк арасында чоӊ күмөн жараткан билими жана диплому туурасында суроодон баштадык. -Улугбек мырза, деги Сиз өзү кайсыдыр бир окуу жайын бүттүӊүз беле? Каршылаштарыӊыз “Диплому жасалма!” деп чырылдашып эле […]
Улугбек РАХМАНОВ: “АЙЫЛ ӨКМӨТҮН ЖАЛПЫ ЭЛ ШАЙЛАСА, ЖЕ РАЙОН АКИМИ ДАЙЫНДАСА, ОШОНДО ГАНА ЖООПКЕРЧИЛИК КҮЧӨМӨК!”
22.10.2018 / Автор aymak

3,781 Бардыгы /
Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Улугбек РАХМАНОВду саарлап эле жумушунан таптык. Анын кеӊсесинде эртелеп кезек күткөндөр көп экен. Маегибизди адегенде эле анын калк арасында чоӊ күмөн жараткан билими жана диплому туурасында суроодон баштадык.
-Улугбек мырза, деги Сиз өзү кайсыдыр бир окуу жайын бүттүӊүз беле? Каршылаштарыӊыз “Диплому жасалма!” деп чырылдашып эле тынбай ар жакка жазып жатышат ко?
-Жаӊылышпасам, мени төрт эле киши ар кайсыл органга утуру жазып атып, чынында, мукуратышты. Бирок, биринде дагы алардын фактылары жана койгон дооматтары арык аттап суу кечкен жок! Демек, толук бойдон далилденбеди. Жөн гана нервимди жешти. Алтындай убактымды бекер гана коротушту.
Мен 2010-жылы ноябрда Укук, бизнес жана компьютердик технология Академиясына тапшырып, 2015-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтуна которулуп, 2016-жылы аны ийгиликтүү аяктадым. Демек, толук кандуу жогорку билимдүүмүн. Мунумду тастыктаган колумда дипломум дагы бар.
-Анда неге дагыле Сизге жөнсүз асылып, үстөккө-босток кылмыш иштерин козготуп жатышат?-Танып не. Нариман айыл өкмөтүндө жер тилкеси дагыле оор маселе бойдон келатат. Кыргыз Өкмөтүнүн 2009-жылдын 31-июлунда атайын токтому жарык көргөн. Буга ылайык сугат аянттардан үй салганга жер тилкелерин ажыратууга таптакыр тыюу салынган. А жанагыл жаны жок уюшкан топ – төрт эле киши мени “Дал ошол сугат жерлерден үй салганга жер тилкесин ажыратасыӊ!” деп жакалап, а түгүл отуз жолу түрдүү жактарга үстүмдөн Арыз жазышып, кыйнап эле келатышат. Ыя айланайын, башым экөө эмес! Мыйзамды төртөө үчүн кантип бузам?
-Айлаӊыз таптакыр куруганда кантесиз?
-Эми төртөө менен мыйзамдын тилинде гана сүйлөшүп, аргасыздан соттошом, эй. Менин мындан башка аргам калган жок!
-Күндө моминтип эл кыдырат экенсиз. Маселе чечесизби, же айылчылап, чай ичип эле жүрөсүзбү?
-Ымындай сырымды айтайынбы? Чай-пай ичкенге убактым жок, Алишер! Чоӊ-кичине маселелерди мүмкүнчүлүккө жараша жеринде эле дароо жайгарганга ыктадым. Маселен, айыл өкмөтүндө алты мектеп бар. Башталгыч класттардын окуучуларына бир маал ысык тамакты үзгүлтүксүз бердиртип жатабыз. Буга улай ар бир мектепти жайы-кышы бирдей ысык жана муздак суу менен туруктуу камсыз эттик. А айылдардын ичиндеги жолдорду бүт асфальттадык.
-Эгерде сыр болбосо, мынча каражатты кайдан таап жатасыздар?
-Буга дейре мамлекеттик бюджеттин эсебинен 98 пайыз каржыланчубуз. Буюрса, бара-бара бутубузга туруп, экономикалык жактан кыйла эле оӊолуп баратабыз. Ошондуктан, быйыл дотациядан, мамлекеттин каржылоосунан бошонолу деген аракетибиз күч!
-Улугбек мырза, биз билгенден көп жылдар бою жергиликтүү аткаруу бийлигинде үзгүлтүксүз иштеп жүрөсүз. Дегеле Айыл Өкмөттөрүнүн шайланышына кандайча карайсыз?
-Менимче, Айыл Өкмөттөрүнүн Башчыларын жалпы эл –жергиликтүү тургундар шайлашы кажет! Болбосо, райондордун акимдери өздөрү дайындашканы оӊ! Башка мыйзамдуу жолу жок!
Анан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтаарым: Президент Сооронбай Жээнбековдун жемкорлукка каршы аёосуз күрөшүн чын ыкластан кубаттаймын! Эгерде мамлекет башчыбыз дал ушул калыстыгынан жана чечкиндүүлүгүнөн эч жазбаса, жакын арада жемкорлуктан биротоло арылабыз! Ошентип, Кыргызстан кыска аралыкта бакубат мамлекетке айланаарына мен тереӊ ишенем!
















Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
08.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТУ КӨРККӨ БӨЛӨГӨН АЗАМАТТАР!
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙКУУ ЖОЛУ – КЫЯМАТТЫН КЫЛ КӨПҮРӨСҮНДӨЙ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.