Аймак

Ветеринария: ийгиликтер жана көйгөйлөр

 2,985 Бардыгы /

Ветеринария: ийгиликтер жана көйгөйлөр
Ветеринария: ийгиликтер жана көйгөйлөр
Араван –Ош облусундагы айыл чарбасы өнүккөн райондордун бири, калкынын саны. 8 айыл аймагындагы 47 айылда жашаган 114 миңге жакын калктын негизги кирешеси – дыйканчылык. Ошол эле мезгилде статистикалык маалыматка ылайык, 2014-жылдын 1-январына карата элдин колунда 66 340 жандык, 31 665 ири мүйүздүү мал, 1444 жылкы жана 104 739 үй канаттуулары бар. Ит жана мышыктардын саны 11 миң 378ге жетет. Жогорудагы расмий маалыматтардын негизинде мамлекет тарабынан биздин районго керектүү дары-дармектер келди.
Малдын шарттуу башын эске алганда районго 106 ветврач керектелсе, азыр болгону 36 гана ветврач бар. Аны камсыз болушу 32%ды гана түзөт. Анын 9 гана гана жогорку биимдүү, калганы кесиптик окуу жайын бүтүрүп келгендер. Алардын айлыгы аз. Жаш адистер келбей жатат. Менчик сервиздерде шарт түзүлгөн эмес. Союз мезгилинде мал короолордо чогуу болчу. Азыркы учурда ветадистер үймө үй кыдырып жүрүшөт. Ушул көйгөйлөр тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясында көтөрүп чыктык. Ошондуктан кенже ветеринарларды даярдоочу кыска мөөнөттөгү курстарды ачуу мезгилдин зарыл талабы болуп турат.
Адистердин жетишсиздигине карабастан өткөн жылга жылга салыштырганда эпизоотикалык абалды туруктуу сактоого жетиштик. Анын алкагында бир топ алгылыктуу иштер жасалды. Бул жерде кийинки учурларда жергиликтүү кеңештердин депутаттары, айыл аймактарынын жана жайыт комитеттеринин жетекчилери жана бийлик өкүлдөрү биздин тармакка түшүнүү менен мамиле жасай башташканын, ошол эле учурда элдин мал багуу маданияты улам жогорулап жаткандыгын баса белгилеп өтүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков өткөргөн облустук коллегияда ветеринария тармагындагы оош-кыйыштар каралып, аны ар тараптан колдоо маселеси көтөрүлгөн.
Айыл өкмөттөрү жыл башында бюджетти карап жаткан учурда бул маселени айылдык кеңештердин депутаттарынын алдына көтөрүп чыгып, ага тиешелүү каражат бөлдүрүүгө жетишебиз. Келген дарыларды мал жандыктарды жугуштуу, коркунучтуу оорулардан алдын алуу боюнча иш-чараларды түзүп, анын негизинде иш алып барабыз.
Эхинококк, кутурма, бруцеллңз сыяктуу социалдык ооруларды алдын алуу үчүн каттоого алынган ит мышыктарга эмдөө жасалып, ээси жок, жолбун иттер айыл округдарынын каражаттары менен Ош шаарындагы мергенчилик коомунун мүчөлөрү жүргүзөт. Бул иш жыл бою улана берет.
Биздин райондо эт жана сүт багытындагы бодо малды асыл тукумдуу урук менен жасалма уруктандыруу боюнча идеялар көтөрүлгөн болчу. Ири мүйүздүү бодо малды асыл тукум урук менен жасалма жол менен уруктандыруу боюнча райондун аймагында 5: Керме-Тоо, А.Анаров, С.Юсупова, Төө-Моюн, Төбө-Коргон айыл округунда атайын пункттарды ачтык. Араван районунун шартында сүт багытындагы «Швиц», эт-сүт багытындагы «Абердин-ангусс», «Лимузин» породасындагы асылдандырылган урукту колдоно башташты. Быйылкы жылдын ичинде биздин адистер тарабынан 125 ири мүйүздүү мал уруктандырылды.
Жасалма жол менен уруктандыруу аркылуу алынган асыл тукумдуу төлдү жыйындарда, семинарларда элге көрсөтүп, алардын кызыгуусун ойготуп жатабыз. Бодо мал өстүрүүчүлөр 3 айлык асыл тукум торпоктун баасы 20, 6 айлыгы 50 миң сомдон ашык тургандыгын көрүп, бизге кайрыла башташты. Ал эми эт багытында «Абердин-ангусс» породасындагы мал тоодо жүрө албайт. Бирок, мындай породадагы асылдандырылган урукка шаар жеринде жашаган жана малды короодон чыгарбай баккан жарандардан суроо–талап көп. Демек, элде кызыгуу бар.
Республикабызда 2014-жылдан тартып малга идентификациялык номер берилет. Азыр биз бул багытта да эл арасында алдын алып түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүп жатабыз. Бул ыкма малдын миграциясын тастыктоого, эмдөө жумуштарынын натыйжалуугун көтөрүүгө көмөк берет.
Гезиттин мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, жалпы ветеринария тармагындагы көйгөйлөрдү да айта кетүүгө тийишмин. Себеби, 3-4 жылдан бери тендер өткөрүү процессии узак убакытка созулуп кеткендиктен, мамлекет тарабынан алынган вакциналар декабрь- январь айынан кийин келип жаткандыгы биз үчүн олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп жатат. Анткени, мал жайлоодон келип, этинен кайтпай турган учурда октябрь-январга чейин эмдөө жасалса, малдын организми аны жакшы кабыл алып, натыйжа жогору болмок. Январь айынан кийин мал эттен түшүп, берилген дарылар жугумсуз болуп жаткандыгын адистер гана эмес, катардагы фермерлер да жакшы түшүнп калды.
Эхинококк, бруцеллез, кутурма, сибир жарасы сыяктуу социалдык оорулар менен күрөшүүнү бир гана ветеринария тармагына жүктөп койгон менен андан жыйынтык чыкпайт. Ага жалпы коомчулук: саламаттыкты сактоо, билим берүү уюмдары, укук коргоо уюмдары баары бирдикте иш алып баруулары зарыл.
Эң негизгиси, тармакты кваликациялуу кадрлар менен камсыздоо, жаштарды ага кызыктыруунун механизмин табуу мамлекеттик масштабда чечилүүгө тийиш.
2005-жылы жазылган жаңы мыйзамдын 8-беренесине ылайык айыл округдарынын жетекчилери өз аймагындагы эпизоотиялык абал үчүн жооп берүүгө милдеттүү. Ветсервиздерд түзүүгө, бирок айыл округдарынын жетекчилери ага олуттуу маани беришпейт.
Биздин тармакта эмгектенген адистерди кооптондурган нерсе, малдын миграциясы болуп жатат. Мурда республиканын ичинде да малдын кирип чыгышына көзөмөл жүргүзүүчү атайын посттор бар болчу. Ошол учурда биздин райондон эле башка аймактарга кеткен малдардын саны көп болчу. Ага атайын коштомо документтер жазылчу. Бирок, бул көзөмөл 2009-жылы чек ара кызматына өткөрүлүп берилгенден кийин малдын сырткы миграция гана көзөмөлгө алынып, анын ички миграциясы ачык калды. Малды негизинен алып сатарлар алышат эмеспи, алар чыгымдан кызганат.

Бекболот Юлдашев – Араван райондук мамлекеттик ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы
.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17