Аймак

Россиялыктар кыргыз окумуштуусуна жогору баа беришти

 6,613 Бардыгы /

Медицина илимдеринин доктору, профессор Ешиев Абдырахман Молдалиевич 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун бүтүрүп, ошол жылдан бери Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын бет-жаак хирургия бөлүмүндө эмгектенип келе жатат. 1995-жылдан баштап бөлүм башчы. Профессордун айтуусунда бет-жаак ооруларын дарылоо, анын жаңы ыкмаларын ойлоп табуу жагынан чакан жамаат алдыңкылардын катарында. Борбордо 13 ойлоп табуу усулдары бар.

Бөлүм башчы менен болгон маек нышан балдарды комплекстүү дарылоо борбору республика боюнча алганда эки гана жерде бар экендиги жөнүндө башталып, анын бири ушул бөлүм тууралуу башталып, андан кийин нышан оорусунун айыктыруунун жолдору, анын пайда болуу себептери жана аны алдын алуу жөнүндө уланды.

-Мында 4 дарыгер, 2 аспирант эмгектенет, андан башка дагы 4 жанаша изилдөөчү бар. Алар өз ишине жоопкерчилик жана чыгармачылык менен мамиле жасашат. Биздин бөлүмдүн дарыгерлери тарабынан алдыңкы жаак сыныгын дарылоодо үч жаңы ойлоп тапкан табылган ыкма бар. Анын алгачкысы “Ээктин сынык сөөктөрүн иммоблицазиялоо үчүн эки ээктүү шынаа” деп аталат. Бул учурда ээктин сынган сөөгү шак-шак коюу менен бириктирилип, алдыңкы жаактын сөөгүндөгү сыныктарга кадак коюлат. Бул ыкма классикалык дарылоого салыштырмалуу натыйжалуу жана үнөмдүү экендиги практикалык жактан далилденип, атайын илимий кандидаттык корголгон. Андан кийин сөөктүн ириңин жууй турган натыйжалуу ыкманы ойлоп таптык. Бул ыкма диализ аркылуу кабылдаган жаактын сөөгүнө антибиотик киргизүү менен практикаланды. Астынкы жаак сынганда беттин сырткы терисинде тырык калбаш үчүн операция ооздун ичинен жасалат да жаактын ачык сыныктары кадакталып, үстү мүлк тарабын зым менен тиштер аркылуу бириктирилет. Бул ыкма менен дарылоодо бөлүмдүн адистери чоң ийгиликтерге жетишүү менен бирге илимий изилдөө иштери да жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында илимдин докторлук даражасы ийгиликтүү корголду.
Бул жерде баса белгилеп өтүүчү жагдай, “Бет жаак сөөктүн тиш тамырындагы кистасын кандын плазмасына сөөк өстүрүүчү дары дармектерди колдонуу менен дарылуу” ыкмасын ийгиликтүү ишке ашырдык. Бөлүмдөгү мындай 13 жаңы ойлоп табуу Кыргыз патент тарабынан тастыкталып, атайын сертификаттарга ээ болдук. Учурда бул ыкмаларды башкы аймактардагы дарыгерлер да пайдаланып жатышат.
Жогоруда белгиленгендей, республика боюнча нышан балдарды комплекстүү дарылоо жана калыбына келтирүү борбору Бишкекте жана бизде гана бар. Комплекстүү деп атаганыбыздын негизги себеби, нышан балдарды дарылоо жана калыбына келтирүүгө көп тармактуу адистеги дарыгерлердин көмөк көрсөтүүсү талап калынат. Мисалы, нентолог, педиатр, бет-жаак хирургу, ордонт, логопед, отоларинголог, сурдолог, ортопед жана терапевт стоматологдор.
Бул комплекстүү дарылоо жана калыбына келтирүү борборун калыбына келтирүүдө Германия жана Швейцария өлкөлөрүнүн “AWD» кайрымдуулук фонду зор колдоо көргөзгөн. Мында жылына 280ге жакын нышан балдарга операция жасалат. Борбордун жамаатынын өз ишине жоопкерчилик жана чыгармачылык мамилеси менен тубаса нышан туулган балдарда кездешкен таңдайдын жырыгын жамоо боюнча бир нече жаңы ыкманы колдонууга киргиздик. Ал өзүнүн оң натыйжасын берип жатат.
2012-жылы Москванын Семашка атындагы стаматология университетине барып калдым. Ошол жерден көргөн көлөмү чоң прибордун негизинде операция жасалган катуу жана жумшак таңдайга микроб кирип, ириңди кетүүдөн сактоо үчүн бөбөктөр колдонууга ыңгайлуу, көлөмү чакан, сыры жумшак, арзан материалдардан куралган көк түстөгү нур берүүчү приборду жасап, аны практикада колдондук. «Кыргызпатент» аны портативи бар ойлоп табуунун пайдалуу модели деп баалады.
2013-жылы Россиянын табият таануу академиясынын КМШ өлкөлөрүнүн бул тармакта эмгектенген дарыгерлери катышкан илимий конференциясында бул жаңылык жөнүндө атайын доклад жасадым. Президумда отурган 14 ири окумуштуунун баары бир добуштан 60тан ашык илимий докладдын ичинен биздин моделибизди жаңы табылга катары аныкташып, анын жыйынтыгында мени Россиянын табият таануу академиясынын Нобель медалына татыктуу деп табышты.
Биздин практикада нышан балдарга 6 айлыгында эринин, 2,5 жашта таңдайын, 6-7 жашында мүлкүн, 13 жашында мурдун калыбына келтирүү боюнча 4 этаптан турган операция жасалат. Ошондай эле 6 жашка чейин логопеддин, 14-19 жашка чейин ортодонттун такай байкоосунда туруп, жаактын жана тиштердин туура өсүүсү, так сүйлөөгө үйрөнүүсү көзөмөлгө алынат. Мунун баары ата-эне үчүн канчалык материалдык чыгым, психологиялык жүк, түгөнбөгөн түйшүк арылбаган санаа!
Врачтарды өкүндүргөн нерсе, кийинки 20 жылдын ичинде мындай ооруга чалдыккан балдардын саны да, аймагы да кеңейди. Союз учурунда 1000 баланын ичинен 1 нышан бала төрөлсө, азыр бул көрсөткүч 2 эсеге өстү. Практикада далилденгендей анын бир нече факторлору бар. Анын негизгилери төмөнкүлөр: кош бойлуу энелердин дарыгерлер айткан режимди туура сактанбагандыгы; кош бойлуу энелердин таксикоз мезгилинде тамакка болгон табитинин жоголушунун улам организмдин керектүү азыктардын кемчил болуп калгандыгы; эненин сасык-тумоо менен узакка чейин оорушу; түйүлдүктүн алгачкы 3 айлыгында өз алдынча ар-кандай дары-дармектерди колдонушу; катуу чочуган, корккон өзгөчө психоэмоциялык абалга кабылышы. Кийинки учурда айлана-чөйрөнүн экологиялык жактан булгануусу да себеп экендиги далилденүүдө. Айрым учурда тукум куучулуктан өткөн учурлар да кезигет.
Нышан түйүлдүктүн жаңыдан калыптанып жаткан мезгилинде ички жана сырткы факторлордун негизинде пайда болуучу оору экендигин эске алуу менен жаш энелер өздөрүнүн тукумун улантуучу урпактарынын келечегине олуттуу мамиле жасоолору зарыл. Бул жагдайдан алганда жалпы коомчулук да четте калбашы керек.
Бул жерде баса белгилеп өтүүчү жагдай – нышан бала төрөлгөн үй-бүлөдөгү ата-энелер анын айыга турган оруу экендигин, баланын тандай жана эрин кемтиктери пластикалык хирургия аркылуу арыла тургандыгын билүүгө тийиш. Демек урматтуу ата-энелер, балаңыздар ушундай өксүк менен төрөлгөн болсо, бири-бириңиздерди күнөөлөбөй, тегерегиңиздердеги кишилердин кеп-сөзүнө кулак салбай, тескерисинче кыйынчылыктарды сабырдуулук менен жеңип, баланы айыктыруу мезгилинен оңой өтө аласыздар.
Биздин дарыгерлер комплекстүү дарылоо жана калыбына келтирүү борборуна дарыланууга келген ооруларды колдон келгенче айыктырууга аракеттерин жасашат. Сыркоодон арылып, үйүнө шаңдануу кайткан адамдарды көрүп ушунчалык кубанасың, дарыгерди ушул жагдайга маанайын түшүндүрүп берүүгө сөз жетпейт го…
Материалды даярдаган:
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
Сүрөттө:
Медицина илимдеринин доктору,
профессор А. Ешиев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17