Аймак

Чыйбыл болуш жана көтөрүлүштүн Көк-Арт очогу

 11,012 Бардыгы /

Чыйбыл болуш жана көтөрүлүштүн   Көк-Арт очогу
1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшүн уюштурууга элеттин Чыйбыл болуш, Өмүрбек датка, Шадыбек сыяктуу таасирдүү адамдары катышкандыктары белгилүү.
Ушул жерде кечээ эле орус бийликтеринин таянычы болушкан кай бир Чыйбыл сыяктуу болуштар көтөрүлүшкө эмне үчүн аралашып кетишти? деген суроо жаралат. Анткени Чыйбыл да ошол доордогу Ысык-Көл тараптан манап Чыныбай Тилекмат уулу, Кеминдеги Дүр Сооронбаев менен Шабдан Жантаев, Чүйдөн Байтик Канаев, Чолпонкул, Суусамыр, Кетмен-Төбө тараптан Дыйканбайдын урук-туугандары, Алай-Ош тараптан Курманжан Датканын тукумдары ж. б. сыяктуу эле алгач орус бийлигин колдогондугу маалым. Бирок, белгилүү болгондой падышанын бийлик төбөлдөрү орус таасирин бекемдеп алганга чейин аларды убактынча пайдаланып, 80-90-жылдары саясий аренадан кетирүүгө кирише башташкан.
Чыйбыл болуштун дээринен тайманбас, курчтугу жана атасы Абдылда бийдин өлүмү үчүн Кокон хандыгына сөөк өчтү кеги Көк-Артка жаңыдан оторлошуп жаткан орус администрациянын бийлик төбөлдөрүнүн өз бийликтерин бекемдеп алганга чейин «Көгарттын ага-ини арстандары» Чыйбыл менен Нусупту өз тараптарына тартууга аргасыз кылды.

Чыйбыл менен Нусупка карата «Көгарттын арстандары» деген эпитеттин берилиши жөнүндө элдик сөздө мындай деп айтылат.
Ордого хандын чакыруусу менен баратып Абдылда бий Базар-Коргон аймагынын бийи Баястан бийге кылчайып: — Оо Баястан – бий, хандын каарына калабызбы ким билет. Артыңда балдарың калдыбы? Кандай деги, ордуңду баса тургандарың барбы ? – деп сураган экен. Баястан бий ойлуу бастырып баратып айткан дешет.
— Бар. Бирок очок башынан алыс кетише албас бекен.
Ал эми Баястан- бийдин суроосуна Абдылда – бий жооп берет.
— Артымда эки күчүгүм калды. Арстан чыгып калышаар бекен деген үмүтүм бар эле- деп.

Абылда бий үмүт кылгандай эле Чыйбыл агасы Нусуп экөө тең эр жетип ошол учурдагы таанымал инсандардын катарына кошулушкан. Алар жөнүндө кыргыз элинин биринчи жазгыч акыны Молло Нияздын да кабары болгон. Анын санаттарындагы кетментөбөлүк Рыскулбек манаптыну уулу Дыйканбайга арналган ырында “ага ини арстандар” кыргыз элинин чыгаан уулдарынын катарында мындайча сөзгө алынган:
“Дыйканбайдын эшиги-
Бир күнү жыргал бир жылдай.
Көк-Жаңгак, Көк-Арт ордосу,
Көрүп өткөн давлатти
Нусуп менен Чыйбылдай”.

Белгилүү акын, кийинчерээк тагдырдын буйругу менен Сибирге бирге айдалган Токтогул да Чыйбыл болушту жакындан билген. Бул боюнча жазуучу Ш.Абдраманов өзүнүн «Анжиян көтөрүлүшү жана Токтогул» аттуу макаласында Токтогул келгиндер көп отурукташкан Көк–Арт өрөөнүнө келип тоо-ташка сүрүлгөн элдин аянычтуу тагдырына зээни кейип Чыйбыл болушка кайрылып анын атасы Абдиллабийдин өлүмүнөн тартып, анын кантип болуш болгонун, орустар менен жакшы ымалада экендигин айтып келип, ырын мындайча аяктагандыгын сөзгө алат:
Алладан болсо бир парман,
Чак түштө урат чагылган.
Ташкенден –«жарым паашанын»
Жарлыгы келди жазылган.
Кең жайлоо, жер- суу, тоо- токой,
Журтумдан жапырт алынган.
Каңгырап турду калың эл,
Каран түн башка салынган.
Атайы келдим агатай,
Алганы кабар алыңдан.
Аралап өтүп Ак Башты,
Азапка салдым как башты.
Көргөндө Кара –Кынаны,
Көңүлгө кайгы ынады,
Карасам төшкү Көлмөнү,
Көзүмдүн жашы көлдөдү.
Кадырдан достун бири жок,
Калдайган айыл түрү жок.
Доңуздар жүрөт коркулдап,
Мас мужук сөктү корсулдап.
Канакей Кара-Чологуң?
Канакей Таран-Базарың?
Канакей жайлоо тунук суу,
Канакей көңүл жазаарың?
Аш- тойлор берип дүңгүрөп,
Кайсы жер күлүк чабарың?
Жолдоруң неге тосулду,
Угулбай түзүк кабарың.
Ак селде салган сопунун
Укпадым саар азанын».
Ырда маалым болгондой эле Токтогул оторлошууга нааразы болуп ырдап гана тим болбостон, Чыйбыл болуш менен Кетмен-Төбөнүн жакшыларын көтөрүлүшкө үндөгөн болуусу керек.
Мындай нааразычылыктар Көк-Артта 1895-жылдары эле башталып, айрым учурлары ачыкка чыга баштаган. 1896-жылы Кетмен-Төбө, Көк-Арт жактагы эл башчылар падышанын буйруктарынын күчүнө таянып алып кыргыздарга көрбөгөндү көрсөткөн орус келгиндеринин кылыктарына чыдай алышпай Көк-Артта топтолушат.
Аларга Шадыкан баатырдын небереси жетекчилик кылат. Көпчүлүк өздөрүнчө бир бүтүмгө келе алышпай акылдашып олтурушуп жыйырма беш кишини Ийикчи эшенге жиберүүгө токтолушат. Булактарга караганда Ийикчи эшен көчмөндөрдүн бул сунушун четке кагып, кандуу казатка уруксат бербестен чогулгандарды таркатып жиберет.
Каршылашуулар кайрадан 1897-жылы күч ала баштайт. Ошол жылы Көк-Артта кетмен-төбөлүк жана көк-арттык миңдей адам топтолуп, белгилүү бир байдын жаназасында Чыйбыл болуштун жана Рахматтилланын жетекчилиги астында ошол жердеги орус кыштактарына кол салмакчы болушуп, бул жолу да Мадалиге кабар айттырып чабарман жиберишет. Ал тез эле Көк-Артка жете келип, топтолгондордун оюн четке кагат. Бирок Мадали бул сапар көтөрүлүштү кантип баштоо керек, кантип даярдык көрүү керек деген суроолордун тегерегинде элеттик эл башчылар менен жыйын курат. Жыйында кыргыздар көтөрүлүштү жетекчисиз баштоого болбой тургандыктарын айтышып, болочоктогу көтөрүлүшкө башчы болуп берүү үчүн кыргыздарга гана эмес отурукташкан өзбек, тажик жана башка элдерге кадыры бар Мадали эшенди көрсөтүшөт. Сыягы элеттин эл билермандары күрөшкө тоолуктарды эле эмес отурукташкан калаа-калкын да кошуп, түп көтөрүлүү мүдөөсүн көздөгөн болуулары керек.
14-май күнү кечинде Мадали эшендин үйүндө жыйын өткөрүлүп, ага Фергана өрөөнүнүн, негизинен элет болуштуктарынан өкүлдөр катышат. Бул жыйында «Маргаландагы орус аскер лагерине Иноятхан төрө, Оштогу аскер лагерине Өмүрбек датка, Анжияндагы гарнизонго болсо Мухаммадали эшен өзү башчылык кыла тургандыгы чечилет. Тоолордогу токойчуларды жана жайлоолордо ат өргүтүп жатышкан орус-казактарды Көгарт болуштугунун башчысы Чыйбыл Абдуллабиевдин башчылыгындагы кыргыздар талкалап бүткөндөн соң, Анжияндагы көтөрүлүшчүлөргө жардамга келүүлөрү аныкталат. Ал эми Ноокат аймагындагы козголушка баш-көз болуу Өмүрбек даткага тапшырылат. Анжиян көтөрүлүшүнүн стратегиялык-тактикалык планы мына ушундай болучу.
Окуянын акырындык менен өнүгүүсүн 17-май күнү кечке жуук башталган баш-аламандыктар бузуп жиберген. Мадалинин айланасында топтолгон 500 чамасындагы топ көтөрүлүштү баштап жибермек болушуп, опур-топур түшө башташат. Айласы кеткен Мадали көтөрүлүштү түндөн калбай баштоо бүтүмүнө келип, Көк-Артка киши чаптырып, кыргыз чоңдору бүгүндөн калбай адамдарын алып Асакенин жанында чогула тургандыктарын кабарлайт. Кат Чыйбыл болуштун өз колуна тийип, ал «азирет эшен биз тарапка карап жүрсүн. Абал бул тараптагы мужуктарды жай-жайында басып талкалап, анан Анжиян шаарына карай барабыз»,-деп жооп айтып кайра чабарман жиберет. Бирок кабар келгенче көтөрүлүшчүлөр Мадалини боз атка миндиришип, ар тайпага бирден байрак көтөрүшүп, Анжиян тарапка жүрүп кетишет. Ошентип Көк-Арт, Кетмен-Төбө тараптагы элеттиктердин көпчүлүгү көтөрүлүштүн башталганынан кабарсыз калышат. «17-май күнү кечкурун, саат сегизде союл, орок, найза, канжар, айрымдары кылыч жана болгону бир нече мылтык менен куралданган 200 дөн ашуун көтөрүлүшчү Тажик кыштагынан чыгышып, тобу менен Анжиянга барчу жолго түшүшөт. Алар ар кимиси өз байрагы бар эки тайпага бөлүнүшөт. Тайпалардын биринин артында атчан Мадали эшен, экинчиси анын жакын көмөктөшү Молдо Зияутдин Максум баштайт». Айрым булактарда Анжиянга кол салууга Чыйбыл болуш катышпай калганы менен Көк-Арттан келишкен карапайым элеттиктер катышкандыгы айтылат: «17- май күнү кечке жуук саат 8 де эшен Молдо Ахмат жетектеген кыргыздардын өзгөчө отрядын телеграф байланышын үзүүгө буйруп алдыга жиберип, өзү 200 кишиден турган аламан топтун башында Миң-Дөбөдөн чыкты. Эшендин отряды ар биринин өз байрактары бар эки бөлүктөн турган, биринчи бөлүктү козголоңдун «жаны» Молдо Зиябидин баштаган». Жол ката көтөрүлүшчүлөрдүн катары улам көбөйө берген. Аламан топ тажик кыштагынан кыргыздар көп жашашкан Кутчу тарап менен Кара-Коргон, Окчу жерлерин аралай өтүшкөн.
Көтөрүлүшчүлөрдү жазалоо иштери жана репрессиялык иш-чаралар Фергана өрөөнүнүн кыргыздар жашаган аймактарында аябай курч мүнөздө болгондугу маалым. Жазалоолор көтөрүлүштүн очогу катарында бааланган Көк-Арт, Кетмен-Төбө, Ноокат аймактарында аесуз жүргүзүлгөн. Чыйбыл болушка Анжиянга кол салуу жөнүндөгү шашылыш кабар күтүсүздөн берилип ал бул ишке кошулбай калган. Көтөрүлүштүн планында жайлоолордо ат өргүтүп жаткан казак-орустарды талкалоо озуйпасы жүктөлгөндүгүнө карабастан Чыйбыл болуш эмнегедир аны аткарбаган. Козголоң жөнүндө кабар алышкан Каракөлдөгу казак орустар Анжиянга шашылыш жөнөп кетишкендигине карабастан Көк-Арттыктар орус кыштактарына жапырт кол сала алышкан эмес. Кийинки мезгилдери орус бийликтерине сыртын сала баштаган Чыйбыл болуш жазалоонун биринчи күндөрүндө эле жазалоочу аскерлер тарабынан колго алынып Анжиянга алынып келинип, көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири катарында айыпталып абакка салынат. Кечээ эле орус бийликтеринин жергиликтүү элди башкаруудагы ишеничтүү адамдарынын бири болгон Чыйбыл болуш Фазылбек Атабек уулунун маалыматы боюнча Мадали эшен менен биргеликте өлүм жазасына тартылган. Элеттин таасирдүү адамдарынын бири болгон Чыйбыл болуш Абдиллабий уулу абакта жүргөн кезинде уруп-сабоолордун баарын чыдамкайлык менен көтөрүп, өзүн кадыресе алып жүргөндүгүн ошол убактагы айрым адамдар таң калуу менен эскеришкендиктерин аталган аалым мындайча жазган:
«Эшен менен бирге келтирилген Чыйбыл болуш менен эки киши эшенге көрсөтүлгөн кыйноолордон коркушуп олтурушчу. Бирок Чыйбыл болуштун ыраңынан коркуу сезими билинбейт эле». Ушул эле автор Чыйбыл болушту Мадали эшен менен бирге өлүм жазасына тартылып, дарга асылган катары сөзгө алат. Жогоруда белгилеп өткөндөй Чыйбыл болуш 8-топто соттолгондордун ичинде катары боюнча экинчи турган жана алгач өлүм жазасына тартылып кийин өкүм өзгөргөн соң бир өмүрлүк сүргүнгө айдалган. Ушул топко карата 1898-жылдагы чыккан Түркстан аскер округу боюнча №278- буйрукту карап чыкканыбызда Чыйбыл болуш менен катар эле анын тууган-уруктары кошо айыпталгандыгынан кабардар болдук. Алардын ичинде Галча Абдуллабиев, Мурат Али Нусупов, Төрөкелди Чыйбылов деген кишилер учурайт. Ал эми А. Эгамназаров болсо бул пикир туура эместигин Чыйбыл болуш бир өмүрлүк сүргүнгө айдалгандыгын жазат. Чыйбылдын сүргүнгө айдалгандыгы жөнүндө Токтогул сүргүндөн кайтып келип Эшманбет ырчы менен учурашып ырдаган ырында да саптар кездешет. Элеттиктердин мартабалуу инсандарынын бири болгон бул инсандын жөн-жайын сурап Эшманбет ырчы:
«Көрдүң бекен Токтогул,
Көк-Арттан барган Чыйбылды.
Кунадир келип кармаган,
Күмүш боолуу туйгунду»- деп Токтогулга кайрылганда, ал: «Күмүш боолуу туйгунду
Көйгапка кеткен кургурду
Көрүп жүрдүк өлгөнчө,
Көк-Арттан барган Чыйбылды.
Айдалып кетип баратып,
Жолдо калды өлгөндө
Жору, кузгун жеди окшойт
Адам чыкпай көмгөнгө» – деп анын жолдо каза болгондугун айтат.

Бул жогоруда айткандай Чыйбыл болуштун өлүм жазасы алмаштырылып, сүргүнгө Токтогул Сатылганов менен бирге айдалгандыгынан кабар берип турат. Айрым булактарда Чыйбыл болуш өзү менен кошо сүргүн кылынгандар менен биргеликте Иркутскийдеги темир жол тунелинде иштеп жатып катуу кеселге учурап 1907-1908- жылдары сибир жарасынан көз жумуп, анын сөөгү ошол жердеги токойдун четине мекендештеринин катышуусу менен коюлгандыгы айтылат.

Анжиянга кол салууга түздөн түз катышпаган болсо да уюштуруучулардын бири катары жалаа менен айыпталган Чыйбыл болуштун тагдыры ушундайча аяктаган. Ал жөнүндө колдо бар фактылык жана фольклордук мүнөздөгү маалыматтар ушулар. Белгилүү акын Токтогул Сатылгановдун быйылкы 150 жылдык мааракесине карата анын абактагы жылдары боюнча изилдөөлөрдө, жана кийинки иликтөөлөрдө Чыйбыл болуш жана жалпы эле Анжиян көтөрүлүшүнүн Көк-Арттан сүргүн кылынган мекендештерибиз боюнча жаңы табылгалар табылат деген ойдобуз.

Эрнис Авазов, тарых илимдеринин кандидаты, доцент.ЖаМУ

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17