Аймак

«Чет өлкөлөргө чыканымда ар дайым кыргыз жаңгагын даңктап келем»

 3,363 Бардыгы /

«Чет өлкөлөргө чыканымда ар дайым кыргыз жаңгагын даңктап келем»

Замандашым, Биология илимдеринин доктору, «токой таануу» адистигинин профессору, КРнын «Жаратылышты коргоонун отличниги» жана «Билим берүүнүн отличниги» төш белгилеринин ээси Камил Ашимовдун бейнесине сүртүмдөр.

Пахта менен өткөн бала чак

Камил Ашимовдун балалыгы өзу теңдүү курбалдаштары сыяктуу эле пахта менен тыгыз байланышта өттү.Анын киндик каны тамган Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ай айылы М.В. Фрунзе атындагы колхоз болуп, 1975-80 жылдары пахта буласын өстүрүп сатуу боюнча республикага гана эмес союзга белгилүү чарба болгон. Ошол кезде колхоздун башкармасы Социалисттик Эмгектин Баатыры, раматылык Өлмаскан Атабекова эле. Ал жылдары мектеп окуучулары бешинчи класстан тартып пахтаны жегенелөө,чабуу,чеканкалоо жана акыры күзгө келип, түшүмүн толук жыйнап, план аткарылмайынча окуучулар «десант» катары таң заарынан тээ күүгүмгө чейин пахтазарда иштешчү. Пахта терими бүткөндөн кийин окуучуларга мугалимдер «теримге кеткен убакытты» кууп жетиш үчүн окуу программаларын күчөтүлгөн шартта өткөрүшчү. Билим алууга өтө зиректүү жана тырышчаак Камил 1964-72 жылдары №13 Кызыл-Ай (азыркы Жалал Асанов) кийин Кочкор-Ата шаарчасындагы М.В.Ломоносов (азыркы Насирдин Исанов) атындагы мектеп интернатында окуду.
Алтынчы класста окуп жатканда класс жетекчиси «Балдар жана кыздар, кийин мектепти бүткөндөн кийин ким кайсыл кесиптин ээси болгусу келет?»,- деп сураганда Камил «мен академик боломун!» деп агайы менен классташтарын аябай таң калтыргандыгы алигече эсинде. Ошондо агайы «азырынча биздин өрөөндөн академик чыга элек.Жакшы окуп аракеттенсең балким сенден чыгып калаар» деп бир чети таңданган да, бир чети ыраазы да болгон.

Чоң ата тиккен жаңгактар

Камил Ашимовдун атасы Ашим Сатаров менен апасы Артыбүш тогуз уул-кызды тарбиялап өстүрүштү. Алар Кызыл-Ай айылынын эли аябай ардактап сыйлаган жөнөкөй эмгекчил инсандар болгон. Ашим аба азыр токсонду тооруп турса, Артыбүш эне уул-кыздарынын урмат-сыйын көрөөрдө катуу оорудан кийин пендечилик кылып, бул дүйнөдөн кете берди. Ашим аке көп жылдар бою Фрунзе жана Талды-Булак колхоздорунда бухгалтер, башкы бухгалтер болуп үзүрлүү иштеди.Бал челек кармап, уул-кыздарын өзү туулуп-өскөн Кабадагы Жедигер айылына тынбай тез-тез каттап турчу.Жедигерге баруу Камил үчүн улуу майрамга айланчу.Өрүк, алма,алмурут жана кыркалай тигилген бийик жаңгактарды барган сайын көрүп жүргөнү менен аларды ким эккендигине такыр таназар салбаптыр.
«–Балам,-деди бир күнү Ашим аке Камилге.—Мына ушул бактарды чоң атаң Сатар өз колу менен эккен. Азыр силер үзүрүн көрүп, жемиштерин татып жатасыңар.Эгер туура көрсөң чоң атаңдын кесибин аздектеп токойчулукка окусаң дээр элем. Эгер көңүлүңө төп келбесе анда өзүң бил». Атасынын бул айткандары ошондо Камилдин көкүрөгүнө коргошундай бекем уюп калды.
Камилдин чоң атасы Кыргызбай уулу Сатар өз кезинде Бухарада медреседе окуган Фергана өрөөнүндөгү өтө илимдүү инсан болгон.Ал араб,тажик, орус жана өзбек тилдеринде эркин сүйлөгөн. Жергебизге Совет бийлиги орногон алгачкы эле жылдары өрөөнгө белгилүү инсанды Базар-Коргон токойчулугунун Каба токой бөлүмүнүн токой корукчусу кызматына дайындалган.
Билим жана илим жолунда
Камил Ашимов алгач 1974-жылы Россия федерациясынын Брянск шаарындагы технологиялык институтка кирип, кийин Москва шаарындагы токой техникалык институна которулган. Аны ийгиликтүү аяктагандан кийин эмгек жолун 1979-жылы Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр токой чарбасында токой чарба жана токой өстүрүү инженери кызматынан баштады.Ал эми 1981-жылы Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Токой бөлүмүнө караштуу Түштүк Кыргызстан токой-мөмө тажрыйба станциясында токой чарбасы боюнча ага инженер болуп дайындалып, бир жылдан кийин Илимдер Академиясынын Биология институна аспирант болуп кабыл алынат.
Камил Ашимов1989-жылы Россиянын Воронеж шаарында «Түштүк Кыргызстандын жаңгак,мөмө-жемиш токойлорундагы малак көпөлөгүнүн биологиясы, экологиясы жана динамикалык өзгөрүүлөрү» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Ал эми 2006-жылы «Батыш Тянь-Шандын жаңгак, мөмө-жемиш токоюнун дендрофилдүү зыянкеч курт-кумурскалары» деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.К.Ашимов татаал жана түйшүктүү илим жолундагы өзүнүн устаттары катары Кыргызстандан химия илиминин доктору, академик К.Сулайманкуловду, Москвадан тарых илимдеринин доктору,академик В.Плоскихди, Санкт-Петербургдан биология илимдеринин доктору,РАЭНдин академиги Г.Стадницскийди,Россия Федерациясынын илимине эмгек сиңирген ишмер,илимдин доктору А.Воронцовду жана Казакстандан биология илиминин доктору, Казакстан Улуттук Илимдер Академиясынын академиги Абай Сагитовду эсептейт жана алардын ысымдарын ар дайым терең урмат менен оозго алат.

Саргара жортсоң—кызара бөртөсүң

Биология илимдеринин доктору,профессор К.Ашимов орус жана кыргыз тилдеринде 76 илимий макалалардын жана 4 илимий монографиялардын автору.Бир илимдин докторунун, эки илимдин кандидатынын жана беш аспиранттын илимий жетекчиси. К.Ашимов илим менен өндүрүштүк тармакты айкалыштырган токой чарбасынын чыгаан жана тажрыйбалуу адиси катары Түштүк Кыргызстандын токойчулугун өнүктүрүү, асырап сактоо боюнча бир топ жооптуу кызматтарда үзүрлүү эмгектенди.Ал малак зыянкечине карышы биологиялык ыкманы колдонуп ишке киргизүүгө активдүү катышкан жана анын жетекчилиги астында Түштүк Кыргызстандын жаңгак, мөмө-жемиш токойлорунда Россиядан алынып келинген эң эффективдүү жана пайдалуу ооэнциртус куванеа митесин таратуунун ыкмасын негиздеп иштеп чыккан. Кыргызстанда биринчи болуп зыяндуу курт-кумурскалардын биотикалык жана абиотикалык шарттарга ылайык перманенттүү өнүгүп өсүү теориясын иштеп чыккан жана малак көпөлөгүн көзөмөлдөө, көбөйүп кетүүсүнө карышы жыныстык феромондорду колдонгон.Кыргызстанда алгачкылардан болуп Чүй өрөөнүндө карантиндик америка ак көпөлөгүнүн биологиясы, экологиясы жана динамикалык өрчүүсүн изилдөөдө жакшы натыйжаларга жетишкен.
—Ишиме байланыштуу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн кыдырамын. Ал жерлерде өткөн Эл аралык илимий конференциялар менен симпозиумдарда кыргыз жаңгагын такай даңтап жана мактап келемин. А.Македонскийдин миңдеген аскерлерин ич келте менен цинга оорусунан сактап калган кыргыз жаңгагы жөнүндөгү уламыш тарыхый жаткан тастыкталган чындык жана факты экендигин окумуштуулар далилдеп коюшту.Ошондо улуу грек аскер башчысы өз аскерлерине кыргыз жаңгагын грецияга алып барып эктирүүгө буйрук берген экен. Ал эми биз болсо касиеттүү кыргыз жаңгак токойлорун бапестеп асырап коргоонун ордуна жаңгак кап уюлдарын кыркып сатуу жолу менен аны кыйратып жана талкалап жатабыз. Эртең кеч болуп калаарын такыр таназар албайбыз. Алтын—бул болгону кымбат баалуу жылтыраган таза металл. Ал эми бизге ата-бабаларыбыздан бери көздүн карегиндей сакталып асыралып келген жаңгак токойлору алтынга алмашкыс улуттук улуу байлык.Жаңгак токойлору бар үчүн абабыз таза болуп,булактарыбыздан суу чыгып, дарыяларыбыз толукшуп агып жатат.Акыркы жылдары болуп жаткан экологиялык, табигый кырсыктар менен жер көчкүлөрдүн көбөйүшү маңкурттук жол менен токойлорубузду ырайымсыздык менен кыйратуудан болуп жаткандыгын негедир мойнубузга алгыбыз келбейт,–дейт окумуштуу илимпоз К.Ашимов.

Жакшы жар—жарым ырыс

Жашы эми гана 55ти багынткан илимдин доктору, профессор К.Ашимовдун ушул даражага өсүп жетүүсүнө анын өмүрлүк жубайы Гүлнара Токторбаеванын салымы чоң экендигин өзү дагы танбайт. Г.Токторбаева жогорку билимдүү педагок, билим берүүнүн отличниги. Жубайлар эки уул,эки кызды тарбиялап өстүрүштү. Илимпоз окумуштуу колу бош болуп калганда тарых менен санжырага саресеп салганды жактырат. Ал эми сүйүп окуган жазуучулары Ч.Айтматов, Т.Касымбеков жана А.Стамов.
–Илимпоз менен жоокердин окшош жери бар,– дейт күлүп окумуштуу К.Ашимов.—Бири генерал, бири академик болгусу келет. Бирок ага жетиш үчүн талыкбаган түйшүктүү эмгек, талыкбаган мээнет жатаарын алар жакшы билишет.
Ата жолун ардактап туу туткан окумуштуу илимпоз жана чыгаан адис К.Ашимов 2004-жылдан бери К.И. Скрябин атындагы кыргыз агрардык университетинин агрономиялык факультетинин токой кафедрасынын профессору болуп үзүрлүү иштеп келе жатат.

Жолдошбай Осмонов, журналист.
Жалал-Абад шаары.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17