Аймак

Иш билги иштерман же ит саяпкери

 2,679 Бардыгы /

Иш билги иштерман же ит саяпкери

«Алма быш, оозума түш» деген кыялдагы замандын эчак өтүп кеткендигин Улан жаш болсо дагы эрте аңдап туйду. Алгач Бишкектеги КГУСТАны ийгиликтүү акятагандан кийин өз курбалдаштары сыяктуу Россиянын эпкини аны дагы азгырып, Москва менен Санкт-Петербургда курулуш тармагында иштеди. Иши жаман болгону жок. Орус тилиндеги мектепти бүтүргөндүгү жана университеттик жогорку билимдин пайдасы аябай тийди. Табышы жакшы болуп, үйүнө такай акча салып турду. Бирок тогуз бир туугандын эң кеңжеси жана сүймөнчүгү болгондуктан апасы Тажикан эне «Балам мен карыганда талаалап жүргөнүңдү токтотуп, эми кашыма келбесең болбойт» деп уюлдук телефондон кайра-кайра чакыра берген соң эси жоктук кылып экиленбей жана эне сөзүн кыя албай туулуп өскөн айылына келди.
Айылына келгенден баштап Улан өзүнө жана ата-энесине тийген үлүш жерлерди тура иштетүүдөн баштады. Билбегендерин айылдагы тажрыйбалуу дыйкандардан, ал эми илимий жагын агроном жана ветеринар адистерден тартынбай сурап үйрөндү. Анын үстүнө раматылык атасы Карим аксакалдын жаштайынан баласын эмгекчилдикке үйрөткөндүгүнүн пайдасы аябай чоң болду. Атадан калган кара малдардын башын азайтбастан кайра кошуп көбөйтүүгө жетишти. Мындан сырткары үлүш жерине пахта,жүгөрү, беде эгүүнү астейдил колго алды. Дагы кошумча жер сатып алып ага шалы өстүрдү.
Убагында Улан Умурзаков фермердик-дыйканчылык ишин жаңы баштаганда көпчүлүк айылдаштары жана кээ бир дос тели-теңтуштары анын бул аракети эки-үч жылдан соң жели чыккан топтой болуп былчыйып жарылып өчөт ко дешип, анын аракетине анча деле ишенишкен эмес. «Оокаттуу үй-бүлөдө өскөн эрке сүймөнчүк кенжетайы болсо, кийем десе үстүнө кийими, ичем десе алдында ашы даяр болсо, буга дагы эмне жетишбейт. Мейли иштеп көрсүн, жаш бала айылдын катаал түйшүк-турмушуна, анын оор мээнетине көпкө туруштук берип, узакка чыдабаса керек» деп шексингендер көп болгон. Айылдаштарынын мындай тар түшүнүк ойлорун Улан иши менен далилдеп, алардын пессимистик тар түшүктөрүнүн быт-чытын чыгарып салды. Азыр Улан айылдаштары терең сыйлаган тажрыйбалуу фермер-дыйкан. «Ушундай баланы тарбиялаган ата-энесине рахмат!» дешет анын эмгекчилдигине ыраазы болушкан элеттик кадырман карылар жана ага карата алкоолорун гана айтышат.
Базар-Коргон районундагы «Кеңеш» айыл өкмөтүнө караштуу Көкчөгөз айылындагы жащ фермер-дыйкан Улан Умурзаков үстүбүздөгү жылы 1 гектарга жүгөрү өстүрүп, анын түшүмүн толук жыйнап алды. Кырманы кызыл данга толуп, же болбосо 4,5 тонна жүгөру данын жана 800 боо паясын байлап алды. Жаңы 1,5 гектар аянтка беде эгип,анын эки орумунан 300 даана пресс бастырды. Мындан сырткары 50 сотых аянтка пахтанын С 65-24 сортун өстүрүп, биринчи теримдин өзүнөн 700 килограмм ак була жыйнап алды. Азыр пахтанын экинчи теримине жардамчыларды чакырып, ар бир килограммын 6 сомдон накталай төлөп берип тергизүүдө.
–Фермердик ишти дагы жакшы жолго салуу жана аны алдыга жылдыруу үчүн айыл жерине трактор аба менен суудай өтө зарыл.-дейт жогорку билимдүү фермер У.Умурзаков.—Мына эки-үч жылдан бери «Кеңеш» айыл өкмөтүнө жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясына Кытайдан келип жаткан УТО-70 маркасындагы дөнгөлөктүү тракторду кредитке сатып алууга арыз бергенмин. Мына келет, ана келет болуп, куру убада резина жиптей чозулуп келет. Же кредитке келген тракторлор жең ичинен сатылып, берилип жатабы деген ойго дагы келесиң. Кыргыз өкмөтү иштеймин дегендерге конкреттүү жана адрестүү колдоо көрсөтсө базарыбыз дагы байып, элибиз бакубаттуу барчылыкта жашап,арзанчылык болмок. Элибиздин жашоо-турмуштары дагы оңолмок. Дүйнөнүн көп мамлекеттеринде тагдырын жер менен байланыштырган фермерлерге өкмөттүк кайтарымсыз дотациялар берилет. Бул маселе биз үчүн азыоынча ишке ашкыс кыял менен жомок.
Фермер Уландын өмүрлүк жары Аида дагы жогорку билимдүү адис—кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими. Элеттик жубайлар 2 уул, бир кызды тарбиялап өстүрүшүүдө. Иш билги У.Умурзаков жаңы үй тургузуп, эски мал сарайын кеңейтип жаңылады. Алдында япон өндүрүшүнөн чыгарылган «темир тулпары» бар. Анан дагы айылдаштары менен досторун таң калтырган хоббиси—таза кандуу иттерди асырап багуу. Буга чейин питбуль жана кавказ овчаркасын асырап баккан. Азыр болсо сейрек кездешүүчү таза кандуу кыргыз тайганын асырап багып жатат. Кышкысын колу бош учурларда кыргыз тайганын жетелеп, коен менен кекилик уулаганды жактырат. Айтоор биздин каарман фермер У.Умурзаков эмгекчил иштермандыгы жана таза кандуу иттерди асырап багуу менен айылдаштарын таң калтырып дагы, суктандырып дагы келет.
«Куру сөз курсак тойгузбайт» демекчи азыр эки адамдын башы бириксе эле саясаттан баштайбыз. Элибиздин көкөйүнө көк таштай тийген куру саясаттан деги качан арылабыз?! Качан дыйканчылык менен өндүрүштү бекем колго алып чындап иштейбиз?! Качанга чейин коңшу мамлекеттерге ызы-чуубуз менен күлкү болуп жүрө беребиз деген кыжаалат ой негедир менин мээмди эзип, мага такыр тынчтык бербей келет. А силергечи?…
Жолдошбай Осмонов,
журналист, Базар-Коргон району.

Иш билги иштерман же ит саяпкери

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17