Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
- «ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
- МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
- НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
- НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
3,346 Бардыгы / ТЕМА: Алибек АПАКАЕВ: “АР БИР КРИЗИС – БУЛ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК!” Элди, мамлекетти жок кылам десең, биринчи ирээтте анын моралдык, этникалык баалуулуктарын, руханий дөөлөттөрүн кыйрат! Салт-санааларынан ажырат! Сексти, зордук-зомбулукту, анархияны культка айландыр! Ошентип алар курсагынан, инстинктинен башкаларга кызыкпаган, шыкактаган жакка гана жүргөн макулуктарга айланышат… Ален ДЕЛОН, ЦРУнун (АКШнын Башкы чалгындоо кызматынын) негиздөөчүсү Оштук […]
3,347 Бардыгы / ТЕМА: Алибек АПАКАЕВ: “АР БИР КРИЗИС – БУЛ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК!” Элди, мамлекетти жок кылам десең, биринчи ирээтте анын моралдык, этникалык баалуулуктарын, руханий дөөлөттөрүн кыйрат! Салт-санааларынан ажырат! Сексти, зордук-зомбулукту, анархияны культка айландыр! Ошентип алар курсагынан, инстинктинен башкаларга кызыкпаган, шыкактаган жакка гана жүргөн макулуктарга айланышат… Ален ДЕЛОН, ЦРУнун (АКШнын Башкы чалгындоо кызматынын) негиздөөчүсү Оштук […]
Алибек АПАКАЕВ: “АР БИР КРИЗИС – БУЛ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК!”
17.01.2023 / Автор anarkan_kg

3,348 Бардыгы /
ТЕМА: Алибек АПАКАЕВ: “АР БИР КРИЗИС – БУЛ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК!”
Элди, мамлекетти жок кылам десең, биринчи ирээтте анын моралдык, этникалык баалуулуктарын, руханий дөөлөттөрүн кыйрат! Салт-санааларынан ажырат! Сексти, зордук-зомбулукту, анархияны культка айландыр! Ошентип алар курсагынан, инстинктинен башкаларга кызыкпаган, шыкактаган жакка гана жүргөн макулуктарга айланышат…
Ален ДЕЛОН, ЦРУнун (АКШнын Башкы чалгындоо кызматынын) негиздөөчүсү
Оштук серепчи Алибек АПАКАЕВ улгайгандыгына карабастан дагыле өз ишине абдан эле тың. А түгүл түркүн темаларды камтыган китеп дагы жазып, чыгармачылыгын абдан катуу өркүндөтүп жаткан чагы. Калемгерди көчөдө шуулдап бараткан жеринен эптеп токтотуп, үстөккө-босток суроолорумду жаадырып, а түгүл капыл-тапыл маек курганга дагы үлгүрдүм.
- Алибек мырза, көптөн бери таптакыр көрүнбөй калдыңыз да. Эмнеге?
- Мен дал азыр чыгармачылыкка баш-отум менен киришкемин. А мобул китептеримди Оштогу көз карандысыз басмаканадан чыгарып, окурмандарыма жеткиликтүү баада гана өзүм жөө-жалаңдап таратып жүрөм.
- Айып этпесеңиз. Эл азыр китеп окубай калбадыбы. Ошондуктан чыгармаларыңызды деги кантип соодалап келатасыз?
- Алишер үкам, “Эл китеп окубай калбадыбы” дегениңизге мен таптакыр кошулбаймын. Тескерисинче, азыр көркөм жана башка дагы адабий китептерди окугандардын катары кыйла эле калыңдабадыбы.
Байкадыңызбы? Улуу жана орто муундагылар гана эмес мобул жаштарыбыз деле интернеттен караманча баш тартышып, китепканаларга байма-бай катташып, кадимкидей китеп окуй башташты. Демек, биз нукуралыкка кайтып баратабыз. Бул саамалыкты колдоо гана кажет!
- Сиз бүгүнкү мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровдун ишине деги кандайча карайсыз?
- Ооба. Ушул тапта, танып не, биз ар тараптуу кризиске кептелдик. А чындыгында, “Ар бир кризис – бул жаңы мүмкүнчүлүк!” Кезегинде муну Англияны көп жылдар бою башкарган жолбашчысы Уинстон Черчилль таамай айткан экен. Демек, Кыргызстан деле дал ошол жапжаңы мүмкүнчүлүккө эми гана кептелип олтурат. Муну президентибиз Садыр Жапаров деле ачык эле моюндап олтурбайбы. Ошондуктан, мекендештерибиз өз ара тирешпестен, бири экинчисин такай кубаттап. бүгүнкү тарых сыноосунан эсен-аман кутулууга чогуу-чараан аракеттенсек, албетте, мындан баарыбыз тең сөзсүз утаарыбыз анык!
- Алибек мырза¸ Сиз акыркы кезде улуу ойчулдардын учкул сөздөрүн (осуяттарын) топтоштуруп, аны жыйнакка айлантып жүрбөйсүзбү. Бур аракетиңиздин деги акыбети кайтчудайбы?
- Орустун улуу жазуучусу Лев Толстой таамай айтыптыр: “Ар бир мүдүрүлгөнүңдү каргаша деп санаба? Балким, сенин чыныгы бакытың дал ошол жерден башталаар”. Ал эми Казак элинин залкар акыны Мухтар Шаханов “Күн сайын жок дегенде бир адамга жакшылык ыроолоо керек!” деп насааттаган. Мындан тышкары биздин атактуу акыныбыз Аман Токтогулов:
“Намыс күтүп, ар күтүп не кыласың?
Катарыңдан суурулуп чыкпаган соң!” – деп бекеринен зарлабаптыр. Биз азыр ушинтпей калдык да…
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.02.2023 / Автор anarkan_kg 23-ФЕВРАЛЬ АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАРДЫН КҮНҮ
-
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
30.11.2023 / Автор anarkan_kg КҮБӨЛҮГҮ ЖОК ӨСПҮРҮМДҮН АТАСЫНА 15 000 СОМ АЙЫП САЛЫНДЫ
-
-
30.11.2023 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДӨ ЖАШТАРДЫН МАДАНИЙ БОРБОРУ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ
-
12.12.2022 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРО МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН АТ ОЮНДАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
21.12.2022 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯНЫН КӨЧМӨ КАБЫЛДАМАСЫ ЭЛ КЫЗМАТЫНДА
-
09.01.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Маек
Каныбек БААТЫРОВ: “АТАМДЫ КӨРГӨН ӨЛБӨСҮН!
Эл эмгектен эскерсин! Аалы ТОКОМБАЕВ, Кыргыз Эл акыны.…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17