Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
1,036 Бардыгы / Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү тууралуу арызы Бишкектин Ленин райондук сотунда 8-февралда саат 9да каралат. Бул тууралуу райондукк соттон кабарлашты. Министрлик сотко арызданганы 23-январда белгилүү болгон. Доо арызында мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр […]
1,037 Бардыгы / Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү тууралуу арызы Бишкектин Ленин райондук сотунда 8-февралда саат 9да каралат. Бул тууралуу райондукк соттон кабарлашты. Министрлик сотко арызданганы 23-январда белгилүү болгон. Доо арызында мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр […]
МИНИСТРЛИКТИН “АЗАТТЫК” БОЮНЧА АРЫЗЫ 8-ФЕВРАЛДА КАРАЛАТ
24.01.2023 / Автор anarkan_kg

1,038 Бардыгы /
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү тууралуу арызы Бишкектин Ленин райондук сотунда 8-февралда саат 9да каралат. Бул тууралуу райондукк соттон кабарлашты.
Министрлик сотко арызданганы 23-январда белгилүү болгон. Доо арызында мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. “Азаттык Медиа” мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.
Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты.
Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеп жатат.
“Азаттык Медиа” бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан соң Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук жараян 26-январга белгиленген.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” – ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.
Сайтты жабуудан тышкары былтыркы жылдын 31-октябрында радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. “Биринчи радио” техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы “Азаттыктын” телерадио берүүлөрүн эфирден алган.
Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырып келет. Соңку жолу 20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана “Азаттык” радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошту. Алар “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө “Азаттык” радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айыпташкан.
Буга президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана “Азаттык Медиа” боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын белгилеген.
Ага чейин Human Rights Watch уюму, “Журналисттерди коргоо комитети” жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин “чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого” чакырышкан. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
-
28.02.2025 / Автор anarkan_kg Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТКЕНГЕ ЖЕР ТАРТЫШ!”
-
-
14.03.2025 / Автор anarkan_kg ТИШ ДАРЫЛООЧУ ЖАЙЛАР, МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРЛОР ТЕКШЕРИЛДИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.