Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ЖЕРГЕСИНДЕ КООПТУУ АЙМАКТА ЖАШАГАН ТУРГУНДАР КӨЧҮРҮЛӨТ

ЖАЛАЛ-АБАД ЖЕРГЕСИНДЕ КООПТУУ АЙМАКТА ЖАШАГАН ТУРГУНДАР КӨЧҮРҮЛӨТ

 999 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусундагы өтө опуртал аймактарда дагыле жашап жатышкан тургундар баары бир көчүрүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

          Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак, Аксы жана Ноокен райондорунда, ошондой эле Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларындагы жалпы 1 миң 160 кожолук жер көчкү, таш кулоо, кар көчкү, анан дагы сел каптоо коркунучу бар кооптуу аймактарда дагыле жансактап келатышат. Аталган үй-бүлөлөргө Кырргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигининЖалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук жана шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүнофицердик курамы Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар шондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кооптуу аймакта жашаган тургундарды коопсуз аймакка көчүрүү аракеттери бул сапар абдан катуу жүрүүдө.

          Ошентип, мамлекет тарабынан керектүү судаларды жана турак жай салуу үчүн жер тилкелерин алышып, бирок дагыле коопсуз аймактардан көчүшпөгөн үй-бүлөлөрдүн документтери чогултулуп, сот органдарына өткөрүп берилмекчи. Демек, булар тегиз күчтөп гана көчүрүлөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17