Аймак

ОШ ШААРЫНДАГЫ «ТҮШТҮК-БАТЫШ» БАЖЫСЫ ДЕКЛАРАЦИЯЛАНБАГАН ТҮСТҮҮ ДИОДДУУ ЭКРАНДАРДЫ АЛЫП КЕЛҮҮ ФАКТЫСЫН БӨГӨТТӨДҮ

ОШ ШААРЫНДАГЫ «ТҮШТҮК-БАТЫШ» БАЖЫСЫ ДЕКЛАРАЦИЯЛАНБАГАН ТҮСТҮҮ ДИОДДУУ ЭКРАНДАРДЫ АЛЫП КЕЛҮҮ ФАКТЫСЫН БӨГӨТТӨДҮ

 873 Бардыгы /

ОШ. Ош шаарында жайланышкан «Түштүк-Батыш» бажысы декларацияланбаган түстүү диоддуу экрандарды алып келүү аракетине  акыры бөгөт койду. Аталган  бажынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан анык эмес декларациялоо фактысы ашкереленди.

ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө бажылык укук бузуу аныкталган. Кытайдан «И» ЖЧКсынын дарегине автоунаада айыл чарба культиваторунун бөлүктөрү, кыймылдаткычтардын фильтрлери, айыл чарба техникасынын шкивтери жана маховиктери жана бурамалар келип түшкөн. Автотранспорт каражатын бажылык кароодон өткөрүүдө 194 даана көлөмүндө декларацияланбаган түстүү диоддуу экрандар жана түстүү диоддуу экрандарга зымдар дагы табылган.

Ошентип, кармалган товардын жалпы салмагы 5026 килону түзүп олтурат. Бул факт КБР МКЖ АДСке атайын катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.


          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17