Аймак

КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ БАТКЕНДЕ АТКЕЗЧИЛИК ЖОЛ МЕНЕН ТАШЫЛЫП КЕЛАТКАН ДАРЫ-ДАРМЕКТЕРДИ КАРМАШТЫ

КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ БАТКЕНДЕ АТКЕЗЧИЛИК ЖОЛ МЕНЕН ТАШЫЛЫП КЕЛАТКАН ДАРЫ-ДАРМЕКТЕРДИ КАРМАШТЫ

 1,032 Бардыгы /

          БАТКЕН. Баткен жергесинде чек арадан аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан дары-дармектер аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКнын маалыматына караганда, ушул жылдын 5-апрелинде аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жана УКМКнын мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү тарабынан Баткен районунун Дөбө айылында Орусиянын мамлекеттик Р516Х777 номурлуу «Ауди-100» үлгүсүндөгү авто унаасы менен Баткен районунун Кара-Бак айылынын 1970-жылы туулган М.Э.М. аттуу тургуну кармалды.

Автоунааны тыкыр текшерүү маалында, машинанын ичинен “Лефлоксин 500 мл” дары түрүндөгү жалпысынан 5 куту, 600 флакон контрабандалык жүк табылып, унаа жүгү менен бажы терминалына коюлду. Ушул тапта тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17