Аймак

ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ ОШТОГУ КАРЖЫ ПИРАМИДАСЫН УЮШТУРГАН ИШКАНАНЫ АЧЫКТАДЫ

ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ ОШТОГУ КАРЖЫ ПИРАМИДАСЫН УЮШТУРГАН ИШКАНАНЫ АЧЫКТАДЫ

 1,086 Бардыгы /

          ОШ. Каржы пирамидасына далай ирет алдангандардын басымдуу бөлүгү Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Ысык-Көл облусунда өтө арбын катталган. Былтыр каржылык пирамидаларды уюштуруу фактысынын негизинде  1052 кылмыш иши козголгон.

          Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, жогорудагы мыйзамсыз фактылардын басымдуулугу Бишкек жана Ош шаарларында, анан дагы Ысык-Көл облусунда арбын катталып олтурат.  Каржы пирамидасынын кесепетинен жалпы жонунан 1052 адам олуттуу жапа чегип, аларга келтирилген материалдык чыгым 273 миллион сомдон ашып түштү. Булардын 481 миң сомдон ашыгы ээлерине эптеп өндүрүлүп, мындайча айтканда, толук кайтарылып берилди.

          Ошентип, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги соңку сааттарда каржы пирамидаларын уюштурган ишканаларды чекесинен тизмектеди:

          Бишкек шаары боюнча:

          “Мега Инвест”, “Элиза үй буюмдары”, “Асыл айымдар”, “Финико”, “Файв виндс ассет мейважмемт” жана “ОК платформа”.

          Ош шаары боюнча:

          “Ордо-Мурас”.

          Ал эми быйылкы жылдын үч ай аралыгында эле каржылык пирамидаларын уюштуруу фактысы боюнча 54 кылмыш иши козголуп, булардын негизинде тергөө жараяны абдан активдештирилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17