Аймак

БАТКЕНДИ ТИКЕЛӨӨДӨ КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫН СООДАЛАГАН ИШКЕРЛЕР НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ

БАТКЕНДИ ТИКЕЛӨӨДӨ КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫН СООДАЛАГАН ИШКЕРЛЕР НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ

 1,041 Бардыгы /

БАТКЕН.  Баткен шаарында облустук акимчиликтин алдында Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөр үчүн курулуш материалдарын соодалаган жеке ишкерлер нааразычылык акциясына чыгышты.

          Баса, Баткендин ишкерлери Бактендеги Достук айылын калыбына келтирген өзбекстандык ишкер алардан 7 миллион сомдон ашык акчага курулуш материалдарын алып, бирок, аны төлөбөй качып кеткендигин айтып, аны менен келишим кандай шартта түзүлгөнү тууралуу түшүндүрмө берилишин талап кылышты. Нааразы тарап менен Президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев жолугушуп, аларга эки күн убакыт берүүнү, Өзбекстан менен байланышып ишкерди табууга сөзсүз аракет жасалаарын катуу убадалады.

          Өткөн айда бул маселе Жогорку Кеңеште дагы Баткендеги курулушка байланыштуу маселе көтөрүлгөн эле. Жогорку Кенеш депутаты Нурлан Ражабалиев анда президенттин жана өкмөтүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго ачык кайрылып, чара көрүлүшү зарылдыгын баса белгилеген: – Баткенде калыбына келтирүү жумуштарынын абалы жакшы эмес. Жалпы жумушту «Аманат курулуш инвест» компаниясы алган. Ал «Доор курулуш» деген субподрядчыга берген. Өз маалында алар бештен-ондон кылып дагы башка жалданма компанияларга таратып салган. Эки айда бүтүрөбүз деген жумуш мына жетинчи айга кетип жатат, бүтө элек. Биздин жарандарыбыз үйлөрүнө кире албай жүрүшөт. Ал эми куруучулар айлык-маяналарын бүгүнкү күнгө чейин алалбай жүрүшөөт. Ошол жердеги дүкөндөрдөн канчалаган материалдар алынган экен. Тамак бышырып иштеген ашпозчулар бар экен. Субподрядчы менен ал жалдаган суб-субподрядчынын ортосундагы мамиледен биздин эл абдан кыйналып атат. Мындан тышкары Өзбекстандан дагы жумушчулар келип иштешкен  экен Алар дагы акчасын күтүп кете албай жүрүшөт.

          А буга дейре Жогорку Кенештеги «Ишеним» фракциясы Баткенде курулуп жаткан үйлөр боюнча Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимовдун маалыматын дагы уккан. Анда бир катар депутаттар курулуш кечеңдеп жаткандыгын катуу сынга алышкан.

          2022-жылы 14-17-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 миллиард сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз кейипти кийген. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, таланып-тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 миллиард 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, былтыр октябрда иш башталган эле.

          Айтмакчы, кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган. Дүйшөмбү тескерисинче Бишкекти күнөөлөгөн. Кыргызстан кандуу кагылышта 60тан ашуун жаранынан айрылган. 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгондугун расмий билдирген. «Озоди» чек арада каза тапкан делген 80 ашуун кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарапта тең каза тапкандардын арасында балдар дагы бар.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17