Аймак

ОРУС ӨКМӨТҮ СТУДЕНТТЕРДИ МАРИУПОЛДУ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮГӨ ЖӨНӨТӨТ

ОРУС ӨКМӨТҮ СТУДЕНТТЕРДИ МАРИУПОЛДУ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮГӨ ЖӨНӨТӨТ

 1,929 Бардыгы /

Орус өкмөтү талкаланып, оккупацияланган Мариуполду калыбына келтирүүгө орусиялык студенттерди тартууну пландоодо. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова билдирди.

Аткаминердин айтымында, жайында орусиялык студенттер Мариуполдун инфраструктурасын калыбына келтирүүгө катышат.

“Ушул жай сиздер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Сиздер бардык милдеттерди аткарасыздар деп ишенем”, – деди вице-премьер-министр.

Ал орусиялык студенттер Донецк облусундагы согуштук аракеттердин натыйжасында бузулган “Саур-Могила” мемориалдык комплексин калыбына келтирүүгө катышканын эске салды.

Мурдараак орусиялык компаниялар Украинанын аннексияланган облустарындагы аскердик курулуштарга борборазиялык мигранттарды байма-бай жалдап жатканы, арасында Кыргызстандын жарандары да бар экени тууралуу маалыматтар айтылып келген. Алардын айрымдары убада кылынган акчасын ала албай жатышканы кабарланган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17