Аймак

БАҢГИ ЗАТТЫ МЫЙЗАМСЫЗ ДАЯРДООГО ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДЫ КАРМАЛДЫ

БАҢГИ ЗАТТЫ МЫЙЗАМСЫЗ ДАЯРДООГО ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДЫ КАРМАЛДЫ

 882 Бардыгы /

БИШКЕК. ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынан баңги затты мыйзамсыз даярдоого шектелген жаранды кармашты.
ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 2023-жылдын 7-августунда болжол менен саат 21:12 чамасында Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталган материал боюнча тергөө тапшырмасынын алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1974 –жылы туулган А.Н. карата ыкчам-иликтөө амалдарын жүргүзүлө баштаган. Бул жаран бир ай мурда Бишкек шаарына көчүп кеткендиктен, аны тергөөгө камсыз кылуу тапшырмасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына берилген.
Жогорудагы жаран жашаган үйүнүн жанында өзүн шектүү катары алып жүргөндүктөн, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери “102” кызматы аркылуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобун тинтүү иштерин жүргүзгөнгө чакырган. 2023-жылдын 7-августунда аталган факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгышып, А.Н. аттуу жарандан тинтүү убагында чолок шымынын оң чөнтөгүнөн ак кагазга оролгон кочкул жашыл түстөгү кара куурай жытына окшош заты алынган.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2023-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмүндө (Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2023-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, үйдүн эс алуу бөлмөсүнүн эмерегинин астында 1 даана ширенкенин кутучасы чыккан. Анын ичинде кочкул жашыл түстөгү кара куурай жытына окшош заттар бар экендиги аныкталган. Алынган заттар экспертизага жөнүтүлүп, ал заттар “каннабис чайыры” баңги заты экени аныкталган.
2023-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде жаран А.Н. кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17