Аймак

ӨЗГӨНДӨ 20,5 КИЛО МАҢЗАТЫ МЫЙЗАМСЫЗ ЖҮГҮРТҮҮГӨ БӨГӨТ КОЮЛДУ

ӨЗГӨНДӨ 20,5 КИЛО МАҢЗАТЫ МЫЙЗАМСЫЗ ЖҮГҮРТҮҮГӨ БӨГӨТ КОЮЛДУ

 645 Бардыгы /

       ОШ. Кыргызстандын түштүк облустары аркылуу Бишкек шаарына маңзаттарды жеткирүүнүн туруктуу каналына акыры бөгөт коюлду. Бул жөнүндө Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда. мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарынын аймагында П.Н.К. аттуу жаран кармалып, анын жанынан өзгөчө жыты бар түссүз скотч менен оролгон 13 целлофан баштык алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 11 кило 391 грамм гашиш жана 326 грамм апийим экендиги акыры аныкталды. Андан ары кармалган П.Н.К. Өзгөн районунун Кароол Айыл Өкмөтүнө 9 целлофан пакети менен экинчи спорттук сумкасын таштаган ордун көрсөтүп берген. Текшерүү маалында ал 8 кило 833 грамм гашиш маңзаты болуп чыкты.

Ошентип, алынган маңзаттардын жалпы салмагы 20 кило г 224 грамм гашиш жана 326 грамм апийим экен. Ушул тапта кармалган жаран Өзгөн районунун ИИБсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17