Аймак

ЖАРАНГА 8 ЖОЛУ БЫЧАК САЙГАН ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

ЖАРАНГА 8 ЖОЛУ БЫЧАК САЙГАН ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

 759 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу клубдардын биринин алдында 35 жаштагы жаранга белгисиз адам тарабынан 8 жолу бычак сайылган. Окуя 7-сентябрга караган түнү саат 01:40та болгон. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабыркаган жаран Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин негизинде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү делип Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 2004-жылы туулган Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17