Аймак

ОШТО КАРАКЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛИП МУРДА СОТТОЛГОН ҮЧ ЖАРАН КАРМАЛДЫ

ОШТО КАРАКЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛИП МУРДА СОТТОЛГОН ҮЧ ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 723 Бардыгы /

         ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында каракчылыкка шектелип үч жаран кармалды. Бул туурасында Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

      Маалыматка караганда. Ушул жылдын 5-сентябрында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 19 жаштагы жаран кайрылып, аны белгисиз балдар бычак менен коркутушуп, ага таандык болгон мобилдик телефонун күч менен тартып алышкандыгын билдирген. Баса, милицияга бир ай аралыгында ушундай эле үч арыз түшкөн. Издөө иштеринин жыйынтыгында аталган кылмышка шектүү 3 жаран акыры кармалышты. Баары тең Кара-Суу шаарынын тургундары экеньдги аныкталып,, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар: -Х.А., 1998-жылы туулган, мурда каракчылык менен соттолуп чыккан; -Х.Х., 2003-жылы туулган. Жазасын өтөп, абактан чыкканына 2 ай болгон; -М.М., 2002-жылы туулган. Жазасын өтөп келгенине 10 гана күн болгон.

        Ушул тапта аталган кылмыштуу топтун башка кылмыштарга дагы тиешеси бардыгы, же жоктугу кенен-чнон териштирилип жатат. Каракчылык боюнча тергөө иштери кызууу улантылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17