Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Соода-сатык
Конкурс ЖАМУ
КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

КАЗАКСТАНДА КЫЗЫЛЧА ЖУКТУРГАНДАР КЕСКИН КӨБӨЙДҮ

КАЗАКСТАНДА КЫЗЫЛЧА ЖУКТУРГАНДАР КЕСКИН КӨБӨЙДҮ

 1,026 Бардыгы /

Быйыл февралдан бери Казакстанда 10 миңге чукул адам кызылча жуктуруп алды. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, күздөн тарта бейтаптардын саны кескин көбөйүп кетти.

Айрым аймактарда инфекциялык ооруканалар толуп калды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады.

Өзгөчө Алматы, Чымкент жана Атырау шаарларында аталган жугуштуу оору менен жабыркагандар көп катталууда. Октябрда Чымкентте оорунун 12 очогу аныкталды. Дарыгерлер күн сайын кызылча менен 70-80дей бейтапка кайрылып жатканын айтышууда. Азыр 210 орунга эсептелген шаардык инфекциялык ооруканада 196 адам дарыланууда. Оору жуктургандардын 80 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Алардын көбү кызылчага каршы вакцина алган эмес.

Казакстандын батышындагы Актөбө шаарында да кырдаал оор. Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, Актөбөдө кызылча оорусу февраль айында эле башталган. Эпидемиологиялык абал октябрдын ортосунда начарлап кетти. Дарыгерлердин айтымында, инфекцияны Түркияга ата-энеси менен барган алты жашар кыз алып келген. Актөбө облусунда тогуз айдын ичинде бул оору миң адамда аныкталган.

Актөбө шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасы 135 орунга ылайыкталган, эски имарат бардык бейтаптарды кабыл ала албайт. 17-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен облус борборунан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Чагала санаторийинде 80 орундуу бөлүм ачылды.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги ноябрдын ортосунан тарта ооруну жуктургандар азая баштайт деп болжолдоодо. Өлкөдө кызылча боюнча ушундай кырдаал 2018-жылы жаралган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17