Аймак

ОШ ШААРЫНДА АЛДАМЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН ЭЛ АРАЛЫК ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

ОШ ШААРЫНДА АЛДАМЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН ЭЛ АРАЛЫК ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 423 Бардыгы /

          Кыргызстандын Түштүк башкалаасында милиция кызматкерлери Эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

          Маалыматка караганда, Т.Т. аттуу жаран коомдук жайларда орнотулган, адамдын жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы аркасында кармалды. Ал кылмышка шектүү сыёары эсептелип, укук коргоо органдарынан ар тарапта качып жүргөн.

          Анткени, кармалган Т. Т. га карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, аны токтоосуз камакка алуу чечими дагы чыгарылган. Ушул тапта тергөө жараяны кызуу улантылууда.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17