Аймак

АКШ СЕНАТЫ УКРАИНАГА ЖАРДАМ БЕРҮҮНҮ КАМТЫГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН ЖАКТЫРДЫ

АКШ СЕНАТЫ УКРАИНАГА ЖАРДАМ БЕРҮҮНҮ КАМТЫГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН ЖАКТЫРДЫ

 2,043 Бардыгы /

Шейшембиде АКШ Сенаты Украинага, Израилге жана Тайванга каржылык жардам көрсөтүүнү кошкондо 95 миллиард долларды камтыган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Конгресстин жогорку палатасынын мүчөлөрү документти 70 “макул”, 29 “каршы” добуш менен колдошту. Долбоорду кубаттагандардын арасында 22 республикачы бар.

Эми документ Конгресстин республикачылар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасынын кароосуна жөнөтүлөт.

Президент Жо Байден бир нече айдан бери Конгрессти Украинага, ошондой эле АКШнын Индия-Тынч океан аймагындагы өнөктөш өлкөлөрүнө жардам берүүнү тездетүүгө чакырып келет.

Украин бийлиги Вашингтон колдоо көрсөтпөсө, Орусиянын чабуулуна туруштук берүү оор болорун билдирген.

Украина президенти Владимир Зеленский шейшембиде Киевге 61 миллиард доллар бөлүүнү караган долбоор боюнча Сенатта добуш берүүнүн жыйынтыгын кубаттады: “Американын жардамы Украинаны татыктуу тынчтыкка жакындатат жана глобалдык туруктуулукту калыбына келтирет. Бул америкалыктардын жана бүткүл эркин дүйнөнүн коопсуздугуна салым кошот”, — деп жазды Зеленский X социалдык тармагында.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17