Аймак

КАЗАКСТАНДЫН МУРДАГЫ МАДАНИЯТ МИНИСТРИ КАЙРА СОТТОЛДУ

КАЗАКСТАНДЫН МУРДАГЫ МАДАНИЯТ МИНИСТРИ КАЙРА СОТТОЛДУ

 1,824 Бардыгы /

Казакстандын мурдагы маданият министри, сегиз жылга кесилген Арыстанбек Мухамедиулы өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга аракет жасаган деген айып менен кайрадан соттолду.

Жаңы өкүмдү эске алуу менен Мухамедиулынын жалпы абак мөөнөтү 8 жылдан 11 жылга чейин көбөйтүлүп, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынды.

Жаңы иште мурдагы министрдин аялы Галия Искакова да айыпталды. Ал паракорчулукка ортомчулук кылган деп күнөөлөнүп, алты айга эркинен ажыратылды жана өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынды. Дагы бир айыпталуучу, адвокат Мустахим Түлеев алдамчылык айыбы менен алты жыл сегиз айга соттолду. Сот ошондой эле ага адвокаттык кесипте иштөөгө 10 жылга тыюу салды.

Айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алышкан жок жана актоону суранышты. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек жана даттанууга болот.

Иштин материалдарына ылайык, 2022-жылы декабрда тергөө абагында отурган Мухамедиулы камактан чыгууну жана “Дипломат” мейманканасын менчигинде калтырууну каалаган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал жактоочусу Түлеев аркылуу аткаминерлерге пара берүүнү чечкен жана ага жубайы Галия Искакованы да аралаштырган.

Искакова 2022-жылы декабрда Түлеевге “Дипломат” мейманканасы боюнча маселени оң чечкени үчүн 140 миң доллар которгон.

2023-жылы июнда Арыстанбек Мухамедиулы “бюджеттик каражатты кымырып алган” деген кине менен сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мухамедиулы Астанадагы Улуттук музейди жетектеп турган маалда “Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы” деп аталган эл аралык көргөзмөгө бөлүнгөн каражаттан 146 миллион теңге (335 миң доллар) кымырып алган деп шек саналып жатканын билдирген.

Мухамедиулы 2014-жылдын август айынан 2019-жылдын июнь айына чейин Казакстандын маданият жана спорт министри болгон.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17