Аймак

ЭНЕ ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨЙМ, ЫР ЫРДАЙМ

ЭНЕ ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨЙМ, ЫР ЫРДАЙМ

 1,203 Бардыгы /

                                  Кароо сынагы  2024-жылдын 11-январы

Тилиң- тарых, дилиң күзгү дилиңе,

Жаша тилим өмүр тилейм өзүңө.

Кышкы каникул учурунда Ала-Бука району,   Достук айылындагы №16 А.Навои атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди  өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндөгү» №119 жарлыгын ишке ашыруу максатында башка улуттун предметтик мугалимдеринин катышуусунда,   усулдук бирикмелердин ортосунда «Эне тилде эркин сүйлөйм, ыр ырдайм» аттуу кароо сынак болуп өттү.

Кароо сынакты  мектептин директору Ф.Атабаев ачып берди. Кароо сынакка калыс болуп Достук айылындагы маданият үйүнүн жетекчиси

Ж. Ташбаева, Маданият үйүнүн усулчусу Д.Ташполотова   жана  маданият үйүнүн китепканачысы   А.Тойчубековалар    көрсөтүлдү.

 Кароо сынакка   так жана   табигий илимдер усулдук бирикмесинин математика мугалимдери   Муслима Мирзабаева,  Манзура Каримова –

«Кызбурак»  тобу, тилдик- социалдык усулдук биримесинин кыргыз тили мугалимдери Гулбахор Полотова, Гулчирой Аманлаева –«Айгул» тобу,  техногиялык исскуство жана ден соолук маданияты усулдук бирикмесинин дене тарбия мугалими  Азизбек Турсунбаев, технология мугалими Мохидил Аширбаева-«Ак шумкар» тобу  жана башталгыч класстар усулдук бирикмесинен Дилноза Аширбаева,  Мадина Хамидуллаевалар – «Жаш муун»  тобу катышты.

      Кароо сынактын программасына:

  1. Топтордун таанышуусу, саламдашуусу
  2. Патриоттук  ырларды аткаруу.   
  3. Макал-лакап айтышуу
  4. Кыргыз бийлери
  5. Каада -салттар киргизилген.

          Кыргыздын көз жоосун алган улуттук кийимдерин кийишген кароо сынактын катышуучулары Мамлекеттик  тилде сүйлөөнүн адабий нормаларын сактоо менен өздөрүн тааныштырып, Ата-Мекени, туулган жери жөнүндөгү ырларды ийине жеткире аткара алышты. Ал эми макал айтышуулары жана «Кылым карыткан кыргыз бийлерин» аткаруулары күйөрмандардын дүркурөгөн кол чабуулары менен коштолду.  Айрыкча, макал-лакап айтуу боюнча дене тарбия мугалими А.Турсунбаев жана кыргыз тили мугалими Г.Полотовалар өзгөчө бааланышты. Кароо сынактын аягында «Айгүл» тобу 59 упай топтоо менен 

 1-орунга, ал эми 57 упай менен «Кызбурак»  тобу 2-орунга,  54 упай менен «Ак шумкар»  тобу 3-орунга, 53 упай топтоо  менен «Жаш муун» тобу  4-орунга ээ болушту.  

             Кароо сынактын аягында мектеп тарабынан жана ар бир усулдук бирикмелер тарабынан даярдалган белектер тапшырылды. Бул сынакта катышкан мугалимдерге мектеп администрациясы тарабынан ыразычылык билдирилди.




Даярдаган:    Л.АТАБАЕВА,  №16 А.Навои атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17