Аймак

ОШТО МЫЙЗАМСЫЗ САКТАЛГАН КУРАЛДАР ТАБЫЛДЫ

ОШТО МЫЙЗАМСЫЗ САКТАЛГАН КУРАЛДАР ТАБЫЛДЫ

 741 Бардыгы /

          Ош облусунда “Арсенал” аталышындагы атайын рейддин алкагында мыйзамсыз сакталган 12 даана ок атуучу курал жана 234 даана ок-дарылар алынды. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

          Ок атуучу куралды сактоо шарттарын жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 47 жаранга Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы 126000 (жүз жыйырма алты миң) сом айып пул салынды. 3 даана курал жараксыз абалга келгендигине жана 2 даана курал ээси каза болгондугуна байланыштуу башкармалыктын карамагына алынды.

          Ошентип, аталган “Арсенал” рейди атайын каттоодо турган атуулдардын куралдарын жана ок атуучу куралды сактоого укук берилген мекеме-уюмдардын кызматтык куралдарынын сактоо шарттарын жана уруксат мөөнөттөрүн текшерүү максатын көздөйт. Мунун алкагында алынган куралдарга тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

          Милиция Кылмыш-Жаза Кодексинини 267-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 268-беренесинде (Куралды мыйзамсыз сактоо) белгиленген буюмдарды (ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды) өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырган жарандар ушул беренелерде каралган жорук-жосун үчүн Кылмыш-Жаза жоопкерчилигинен бошотулаарын акыркы ирет эскертти.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17