Аймак

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 20МИҢ 589 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 20МИҢ 589 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

 90 Бардыгы /

Кыргызстанда бир жума ичинде 20 миң 589 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. МаалыматтыЖол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1 июлунан 7 июлга чейин, алдын ала маалымат боюнча 20миң 589 жол эрежелерин бузуу фактылары катталган.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-232;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -176;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-64;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-923;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 255;

-Авто ээнбаштык – 15;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 820;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –1 354;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 9 миң 748  авто унаа айып короо жайына токтотулган.  ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17