Аймак

ЫСЫК-КӨЛДҮН ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ ЖАЙЛООСУНДА чагылгандан 250 КОЙ ӨЛДҮ

ЫСЫК-КӨЛДҮН ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ ЖАЙЛООСУНДА чагылгандан 250 КОЙ ӨЛДҮ

 117 Бардыгы /

Ысык-Көлдүн Тон районунун Жазы-Кечүү жайлоосунда 250 койго чагылган түшүп өлдү. Маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.


Ведомствонун маалыматына караганда, окуя мындан бир күн алдын саат 17:00 чамасында аталган жайлоодо орун алган.

Алдын ала маалымат боюнча болжол менен 250 баш койго чагылган тийип өлгөндүгү кабарланды.


Жеринде тактоо иштерин жүргүзүүгѳ Жарандык коргонуу комиссиясы жана Тоң райондук ƟКБдан ыкчам топ тартылган. Учурда тактоо иштери жүрүүдө.


ӨКМ 8-июлдан 12-июлга чейин нөшөрлүү жамгыр уланары эскертет.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17