Аймак

АКШ ӨКМӨТҮ НООКАТ РАЙОНУНДАГЫ ЭҢ ИРИ МУЗДАТКЫЧ КАМПАНЫ АЧУУГА ЖАРДАМДАШТЫ

АКШ ӨКМӨТҮ НООКАТ РАЙОНУНДАГЫ ЭҢ ИРИ МУЗДАТКЫЧ КАМПАНЫ АЧУУГА ЖАРДАМДАШТЫ

 87 Бардыгы /

АКШ өкмөтү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу жана «Ноокат алмасы» кооперативи Ош облусунун Ноокат районундагы эң ири муздаткыч кампаны расмий ачышты. Кампа 200 туруктуу жумуш орундарын түзүп, фермерлерге сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жаңы рынокторго кирүүгө дагы жардамдашмакчы. Жалпы сактоо сыйымдуулугу 1,000 тонна болгон кампа азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга жана район боюнча дыйкандардын жашоо-шарттарын дагы жакшыртууга өбөлгө түзүшөрү шексиз.

         «Ноокат алмасы» кооперативи USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында 7 миллион сомдон ашык ($78,400) муздаткыч жабдууларын алды. Жаңы жана заманбап жабдыктар жергиликтүү өстүрүлгөн алма менен малинаны төрт айга чейин сактоого шарт түзүп, анын сактоо мөөнөтүн дагы ого бетер узартып, базар шарты жакшырганда гана дыйкандарга түшүмдү кымбатыраак сатууга жол ачат. Кеңейтилген сактоо мүмкүнчүлүктөрү рыноктун туруктуулугун дагы сактоого жана жыл бою азык-түлүктү ишенимдүү жана ырааттуу камсыздоого гана жардам берет.

         Кампанын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кайя Адамс жана башка жогорку кызматтагы сыйлуу коноктор катышышты.

2018-жылдан бери АКШ өкмөтү Кыргызстандын Түштүк аймактарында жыйырмадан ашуун жаңы муздаткыч кампаларды түзүүгө колдоо көрсөтүп келатат. Бул кампалардын жалпы сыйымдуулугу 12,500 тоннаны түзүп, аймактагы кампалардын сыйымдуулугун дагы эки эсеге көбөйтөт. Ошондой эле кампалар тамак-аштын бузулушун 40 пайызга кыскартып, 4000ден ашуун дыйкандар үчүн жаңы киреше булактарын түзүүгө такай көмөктөшөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17