Аймак

Мырзайым САГЫНБАЕВА: “ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА УЗАК УБАКЫТТЫ ЖАНА ЭБЕГЕЙСИЗ КАРАЖАТТЫ ТАЛАП КЫЛАТ!”

Мырзайым САГЫНБАЕВА: “ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА УЗАК УБАКЫТТЫ ЖАНА ЭБЕГЕЙСИЗ КАРАЖАТТЫ ТАЛАП КЫЛАТ!”

 3 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук китепканасына көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Акун ТОКТОСАРТОВдун ысымы ыйгарылган. Бул чоң жана дагы заманбап китепканадан эртели-кеч адам аягы дагы таптакыр үзүлбөйт. Мунун себебин аталган китепкананын директору Мырзайым САГЫНБАЕВАдан кенен-чонон сураштырдык.

Мырзайым эже, сак-саламатсызбы? Саламатчылык. Алишер укам, биздин китепканабызга куш келипсиз!

– Эже, ишиңеирде деле иштей бересиздерби? Эл жумушун эбак бүтүрүп, дээрлик баары тең үйүнө тараган го..

– Алишер укам, биз акыркы окурманыбыз кызматкерибизге окуган китебин тапшырып, анан үйүнө жылмайынча, ишибизден карыш дагы жылбастан олтурмай адатыбыз бар.

“Эй, окурман! Жыйыштыр! Убактың бүттү! Китепкананы жабабыз!” дебей белеңиздер?

– Кечиресиз? Минткенге биздин дегеле акыбыз жок! Анткени, китепканабызга өтө зарыккандар, анан дагы чыныгы китеп сүйүүчүлөр гана атайылап баш багышат. Ошол себептүү буларга биз сый жана дагы маданияттуу мамиле жасоого милдеткербиз!

Айып этпеңиз, бирок, мен айтып коюуга тийишмин! “Электрондук китепкана” системасына жапырт өтсөк, анда Сиздерге эч ким деле каттабай калбас бекен? Таптакыр бош каласыздар го…

– Чындыкты моюнга алуубуз парз! “Электрондук китепкана” узак убакытты жана дагы эбегейсиз каражатты гана талап кылат. Демек, бир эле күндө жана саатта бул системага өтө коюу дегеле мүмкүн эмес! Ошону үчүн мунун түйшүгү төмөн жана али чексиз. Дагы кайталасам ашыкчалык кылбас: бүгүн-эртең бул системага шыр жана тегиз көчүү таптакыр мүмкүн эмес!

 Ошентсе дагы, заман талабына жараша сиздердин китепкана Фондуңуздар деле дээрлик көбөйгөндүр?

– Албетте! Ушул тапта биздин китепканабызда эле 61 666 китеп бар. Кыргыз Респубилкасынын маданият жана маалымат министрлиги ар бир китепканага жаңыдан жарык көргөн китептерди жетиштүү санда – нускада жөнөтүп турат.  Андан ары биз буларды районубуздун ар бир айыл-кыштагындагы  китепканаларыбызга дароо эле таратабыз. Кыскасы, заман талабына ылайык китеп Фондубузду улам-улам жаңылап жана дагы толуктап гана турабыз.

Менин баамымда, кээде китепканаңыздар бошобой, ар түрдүү иш-чаралардын дагы чордонуна айланат турбайсыздарбы?

-Ананчы! Эл аралык Ага Хан Фондунун түздөн- түз колдоосу аркасында биздин китепкана 2010-жылдан бери үй-бүлөлүк китеп окуу формасын үзгүлтүксүз пропагандалап келатат. Анда биз жайлоолорубузга дейре атайын барып, кадимкидей Боз үй тигип, анын ичинде ата-энелерге жана дагы бала-чакага китептерди окутабыз.

Ал эми чоңдорго “Билим алууну кеңейтүү ” долбооорун ишке киргизгенбиз. Ошентип, 19 ишкерибизди чакырып катыштырып, аларга бизнес-план жазууну жана ага кантип каражат табууну практика жүзүндө үйрөттүк. Бул алгачкы кадамыбыз азырынча жаман эмес. Буга дейре жападан жалгыз ишкерибиз тигүү цехин ачып, ырааттуу ишке түшүрдү. Калгандары дагы Ата Мекендик жана Дүйнөлүк донор Уюмдарга өз долбоорлорун тапшырышкан. Ушул тапта алардын жоопторун гана чыдамсыздык менен күтүп олтурушат. Мындайда бизге Германиянын ДВД Интернешнл уюму алгылыктуу колдоо көрсөтүп келатат.

Мындан тышкары ЮНИСЕФ дагы бир долбоорубузду жактырып, акыры каржылады. 2018-жылдан тартып эрте курактагы балдарды биздин китпканабызда өзүнчө бөлүп окутуп, аларды мектепке кадимкидей даярдап атабыз. Минтпесек, жакынкы жылдарда бүтүндөй Кыргызстан боюнча 12 жылдык окутуу системасына өтөбүз. Ошондо балдарыбыз 6 жашынан эле мектепке барышат.

Мырзайым эже, дегеле Кыргызстанда китепкананын болочогу барбы, ыя? Кашайып бара-бара Сиздердин тармак  биротоло жок болуп кетпес бекен?

-Алишер укам, кооптонууга эч кандай негиз жок! Санариптештирүүнүн натыйжасында биз деле “Электрондук китпканага” толук бойдон айланабыз. Эң башкысы: шаардыкпы, айылдыкпы китепканаларга барбастан туруп эле каалаган чыгармаңызды чөнтөк телефонуңуздан окуганга шарт түзүлөт. Албетте, бекер эмес! Рынок шартына жараша биздин тейлөө кызматыбызга сөзсүз акы дагы төлөнөт…

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17