Аймак

ЖАПОНИЯДА КЫРГЫЗ БАЛЫН УУРДООГО ШЕКТЕЛГЕН АБЫШКАГА БЕЛЕК ТАРТУУЛАШТЫ

ЖАПОНИЯДА КЫРГЫЗ БАЛЫН УУРДООГО ШЕКТЕЛГЕН АБЫШКАГА БЕЛЕК ТАРТУУЛАШТЫ

 3 Бардыгы /

Centralasia басылмасынын маалыматына караганда, Кыргыз балын уурдоого шектелип жаткан жапониялык абышкага эң жакшы, ошондой эле кымбат делген балл белекке тартууланды.

Жапониянын Осако шаарынын 83 жаштагы тургуну ушул жылдын 16-апрелинде «Экспо-2025» жармаңкесинде уурулукка шектелип кармалгандыгы айтылган. Эртеси эле полиция улгайган адамды кечирим суратуу үчүн Кыргызстандын павильонуна түз алып келген экен.

Ал эми Осако шаарындагы «Экспо-2025» жармаңкесинде иштеп жатышкан кыргызстандыктар кармалган жапонго доосу жок экендигин айтышып, полициядан айыпталуучуну токтоосуз кое берүүсүн өтүнүшкөн. Мындан тышкары Кыргыз жарандары кармалган абышкага ардактуу конокторго бериле турган эң жакшы, ошондой эле кымбат баллдан белекке дагы тартуулашты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17