Аймак

НООКЕНДИН “СЕРЕ” ЖАЙЛООСУНДА УНУТУЛУП БАРАТКАН МАЛЧЫЛАРДЫН СЛЕТУ БОЛДУ (ФОТО)

 7,239 Бардыгы /

НООКЕНДИН  “СЕРЕ”  ЖАЙЛООСУНДА  УНУТУЛУП БАРАТКАН    МАЛЧЫЛАРДЫН СЛЕТУ   БОЛДУ (ФОТО)

Ноокен районунун акими Абдыракман Осмонов райондун жетекчилери менен жай чилдесинин ортосунда акыркы 20 жылдан бери унутта калган салтты улап, айтылуу “Сере” жайлоосунда малчы, чабандардын слетун өткөрүп, районубуздун калайык-калкынын мал-жандыктарын баккан жайлоочулардын көңүлүн ачып, ал-жайынан кабар алып, моралдык, материалдык, руханий жана маданий жактан азык тартуулап кайтышты.Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкери Гүлбарчын Гапарова маалымдады

Г.Гапарованын айтымында улуу тоолорго, бабалар баскан ыйык жолго сапар алган жетекчилер, медицина, маданият кызматкерлери, жашылча, жемиш тарткан машиналар 7-8 саатта даван ашып, жайлоонун төрү “Сереге” жетип барышты. .
Бу жайлоолордо “Олжобай менен Кишимжандын тереги”, “Жолборс -Мазар”, “Көчкөн-Терек”, “Кыз-Коргон”, “Сарт-Өлдү”, “Дабан”, “Көлкупан-Ата” , “Ак таш”, “Сере” жана башка ондогон ыйык жерлер бар экендигине баргандар күбө болушту
.
Тээ атамзамандан бери ушул тоолорду байырлап, көчмөнчүлүк заманда, андан кийинки совет доорунда “Сере” жайлоосунда жайлап, мамлекеттин мал-жандыктарын багып келген ата-бабалардын улуу жолун улап, бүгүнкү күндө да элдин менчик малдарын багып, жайлоонун көркүн ачып келаткан менчик багар малчы, чабандар жылуу тосуп алышты.
Бул иш чарада Ноокен районун балбандарынан тышкары Кара-Көл, Майлуу-Суу шаарларынан, Арстанбап жана башка аймактардан күрөш, улакты сүйүүчүлөр келишип “Кыз-Коргон” жайлоосунун оозундагы түздүктө майрамдык шаан-шөкөткө катышты.
Слеттун салтанаттуу бөлүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими А. К. Осмонов ачып, малчы, чабандарды көптөн бери унутулуп калган майрамы менен куттуктады.
Аким өз сөзүндө: жолдун татаалдыгына карабай, канчалаган ашууларды ашып, кыя жол, тар капчыгайлардан өтүп, жөө, ат менен мал айдап ата-бабабыз жайлаган улуу тоолорго келип, элдин жүгүн мойнуңарга алып, менчик мал, койлорун багып жүргөн сиздерге чоң рахмат. “Жайлоонун көркү мал менен” – дегендей эгерде сиздер “Сереге” келип жайлабасаңыздар ээн жаткан көк шиберге башка райондордун жайлоочулары келип жайлап кетиши мүмкүн эле. Районубуздун эң кооз, касиеттүү, керемет жери, ошол эле учурда эң бийик, аркар-кулжа мекендеген аска-зоонун түбүндө төрт түлүк малды аман асырап, өзүңүздөрдүн да, элдин да ырыскысына шериктеш болуп, жайлап жатканыңыздарга ыраазычылык билдиргим келет.
Союздун маалында биздин райондун малчы, чабандары үчүн”Сере”, Кара-Көл жайлоолорунда слет болуп, чоң майрам болор эле. Андан кийин эгемендүүлүктүн оош-кыйыш жылдары бир топ түйшүккө салып, бул жайлоолорго каттоо да солгундап кетти. Жолдорду сел алып, мал эмес, адамдар да өтүүгө мүмкүн болбой калган жылдар болду. Биз былтырдан бери ушул жайлоолордун жолдорун оңдоп, жайлоочуларга шарт түзүүнү, жылына бир жолу жайлоочулардын ал-абалынан кабар алып, мурдагыдай болбосо да майрамдык маанай тартуулап, оюн-тамаша уюштуруп, медициналык жардам көрсөтүп, көңүлүңөрдү көтөрүп кетүүнү пландаштырдык эле ошол ой-максаттарыбызды ишке ашыруу насип эткен экен, бүгүн сиздер менен жолугушуп отурабыз,-деп айтты.
Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нурбек Мурашев кыргыздын ушундай касиеттүү, керемет жеринде жайлап жатышкан районубуздун бардык малчы, чабандарын, токойчуларды майрамдык маанайы менен куттуктап, “Сере” жайлоосунун маани-маңызына токтолду. Бул жайлоого кызыккандар көп экендигин айтып, ал эмес Жогорку Кеңешке чейин каттар баргандыгын жана ал маселени чечүүнүн үстүндө бир топ иштер жүргөндүгүн баса белгиледи.
–Эгерде “Сереге” жыл сайын келип жайлабасаңыздар, районубуздун ыйык жерлерин, жайлоолорун, сууларын, токойлорун камкордукка албасаңыздар башка адамдар пайдаланып кетиши толук мүмкүн – деди эл депутаты.
Андан кийин жайлоочулардын атынан союздун маалында кырк жылдап колхоздун коюн баккан атактуу чабан, ак эмгектин далай орден, медалдарын таккан кадырлуу карыя Асанбек Кадыбаев абабыз сүйлөп, унутулуп кеткен малчылардын слетун уюштуруп, “Серенин” төрүнө келип, кудайдын улуу күндөрүндө малчы, чабандар менен жолугушуп олтурган районубуздун жетекчилерине, Жогорку Кеңештин депутатына, маданият мызматкерлерине, спорт сүйүүчүлөргө чоң ыраазычылыгын билдирди. Эл-жерибизге тынчтык, районубузга оомат, кут-береке тилеп, ак батасын берди.

Канымгүл Шүкүровна баштаган райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери эстрада тобу, комуз, аккордеондун коштоосунда жайлоочуларга концерт коюшуп, эстетикалык ырахат тартуулашты. Слеттун катышуучулары карыя энелерден баштап, кыз-келин, жаш балдарга чейин мукамдуу музыканын коштоосунда бийлеп, чер жазышты.
Ал эми Бүргөндү, Достук айыл өкмөтү тарабынан тартылып барган автоунаада жашылча-жемиштер, коон-дарбыздар таркатылды. Момбеков, Сакалды, Ноокен, Арал, Масы, Шайдан айыл өкмөттөрү барган конокторду жатакана, тамак-аш менен камсыздап, слеттун катышуучуларынын баарына сый тамак тартышып, кыргыздын каада-салтына ылайык урмат-сый көрсөтүштү.
Ошол эле учурда улуттук күрөш оюну башталып, жаш балдардан баштап, улуу муундарга чейин балбандар күч сынашты. Жеңүүчүлөр атайын каралган акчалай сыйлыктарга жана демөөрчүлөрдүн сыйлыктарына ээ болуп жатышты.
Бул күнкү майрамдын шаңын чыгарып, элдин жан дүйнөсүн эргиткен да мына ушул жылкы жаныбардын оюну болду. Слеттун акыркы бөлүгү улак тартыш оюну менен көпкө созулду.
Жайлоочулардын ат майдан деп аташкан узун тилке жайытында өзөн бойлоп, улак тартыш оюну менен коштолду.
НООКЕНДИН  “СЕРЕ”  ЖАЙЛООСУНДА  УНУТУЛУП БАРАТКАН    МАЛЧЫЛАРДЫН СЛЕТУ   БОЛДУ (ФОТО)
НООКЕНДИН  “СЕРЕ”  ЖАЙЛООСУНДА  УНУТУЛУП БАРАТКАН    МАЛЧЫЛАРДЫН СЛЕТУ   БОЛДУ (ФОТО)
НООКЕНДИН  “СЕРЕ”  ЖАЙЛООСУНДА  УНУТУЛУП БАРАТКАН    МАЛЧЫЛАРДЫН СЛЕТУ   БОЛДУ (ФОТО)
НООКЕНДИН  “СЕРЕ”  ЖАЙЛООСУНДА  УНУТУЛУП БАРАТКАН    МАЛЧЫЛАРДЫН СЛЕТУ   БОЛДУ (ФОТО)
НООКЕНДИН  “СЕРЕ”  ЖАЙЛООСУНДА  УНУТУЛУП БАРАТКАН    МАЛЧЫЛАРДЫН СЛЕТУ   БОЛДУ (ФОТО)
НООКЕНДИН  “СЕРЕ”  ЖАЙЛООСУНДА  УНУТУЛУП БАРАТКАН    МАЛЧЫЛАРДЫН СЛЕТУ   БОЛДУ (ФОТО)

Самат ТОКТОЕВ -AYMAK.KG

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17