Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
5,923 Бардыгы / Сурьма, сымап жана көмүр өңдөнгөн кен-байлыктарына өтө бай Баткен облусунун Кадамжай өрөөнүндөгү ири ишканалар акыркы маалда дээрлик токтоп калышкан. Эмдиги жылдан булардын бардыгы кайрадан толук кандуу иштетилет. Суу баскан шахталарга дагы заманбап насостор орнотулуп, кенчилердин эмгек шарттары дээрлик жакшыртылат. Бул жөнүндө Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун акими Жаныбек ИСАКОВ кабарчыбызга курган маегинде ачыктады. […]
5,924 Бардыгы / Сурьма, сымап жана көмүр өңдөнгөн кен-байлыктарына өтө бай Баткен облусунун Кадамжай өрөөнүндөгү ири ишканалар акыркы маалда дээрлик токтоп калышкан. Эмдиги жылдан булардын бардыгы кайрадан толук кандуу иштетилет. Суу баскан шахталарга дагы заманбап насостор орнотулуп, кенчилердин эмгек шарттары дээрлик жакшыртылат. Бул жөнүндө Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун акими Жаныбек ИСАКОВ кабарчыбызга курган маегинде ачыктады. […]
Жаныбек ИСАКОВ: “ЭКОНОМИКАБЫЗ ЭМИ ЧЫНДАП ӨЙДӨЛӨЙТ”
23.12.2017 / Автор anarkan_kg

5,925 Бардыгы /
Сурьма, сымап жана көмүр өңдөнгөн кен-байлыктарына өтө бай Баткен облусунун Кадамжай өрөөнүндөгү ири ишканалар акыркы маалда дээрлик токтоп калышкан. Эмдиги жылдан булардын бардыгы кайрадан толук кандуу иштетилет. Суу баскан шахталарга дагы заманбап насостор орнотулуп, кенчилердин эмгек шарттары дээрлик жакшыртылат. Бул жөнүндө Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун акими Жаныбек ИСАКОВ кабарчыбызга курган маегинде ачыктады.
-Жаныбек мырза, 2017-жылды деги кантип жыйынтыктадыңыздар?
-Айтылуу Бүргөндү өрөөнү көп жылдар бою дың бойдон жаткан эле. Эми муну толук кандуу өздөштүрүү максатында 350 миллион сом сарптап, аймакка заманбап ирригациялык системалар жеткирилди. Буга улай Үч-Коргон айыл өкмөтүндө 700 гектар жер дагы кошумча өздөштүрүлдү. Жети чакырым жолго асфальт төшөлдү.
Мындан тышкары жергиликтүү бюджетти абдан сарамжалдуу пайдаланып, 4,5 миллион сом коротуп, районубуздагы 134 чакырым ички чарбалык жолдорду бүтүндөй асфальтттадык. 14 миллион сом жумшап, 13 мектептин спорт аянтчаларын дагы бүтүрүп, биротоло ишке түшүрдүк.
-Кечиресиз, мында айтылуу Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кызматынан неге пайдаланбадыңыздар?
-Кантип? Сүттү кайра иштетүүчү цехтин тушоосун кестик. Буга улаймөмө-жемиштерди кайра иштетип, андан сок чыгаруучу цехти дагы бүтүрдүк. Азыр буларда иш кадимки ыргагына түшүп калды. Экөөнө тең Орус-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун эсебинен жалпысынан 31,5 миллион сом чыгымдалды. Бүгүнкү кебетесинде аталган эки ишкана тең биздин мээнетибизди жакынкы жылдарда актайт деп терең ишенем!
-Демек, абройлуу ата мекендик жана эл аралык уюмдар менен ушул тапта ийиндеше иштешип жатыпсыздар да?
-Ооба. АКШнын ЮСАИД уюму атайын Агро Горизонт долбоорунун алкагында логистикалык борбор ачты. Аны тикелөөгө 9 миллион сом жумшадык. Эми бул логистикалык борбордо 500 тоннага дейре мөмө-жемиштерди сыйдырууга жана сапатын бузбастан сактоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ушуга улай АРИС уюмунун түздөн-түз каржылоосу аркасында /ч-Коргон айылында бир мектеп курулуп, пайдаланууга тапшырылды. Мындай жигердүү аракеттерибиз мындан ары дагы ырааттуу түрдө улантылат.
-Тээ Союз маалында Сиз жетектеген район Кадамжай сурьма комбинаты жана Айдаркен сымап комбинаты менен ыраса даңкталчу. Бул эки гигант ишкана неге дагыле токтоп турат?
-Кадамжай сурьма комбинатына ушул тапта казактар ээлик кылат. Алар эмдиги жылдан ири көлөмдөгү каражат жумшап, ишкананы туруктуу иштетишет. Ал эми Айдаркен сымап комбинаты “Север-Стал” Орус-Кыргыз биргелешкен компаниясына таандык. Алар атактуу ишкананын эң негизги фабрикасын бүгүнкү күндө реконструкциялап бүтүштү. Эми саз баскан шахталарга заманбап насосторду орнотуп жатышат. Бул комбинат дагы 2018-жылы толук кандуу ишке түшүрүлөт.
-Жаныбек мырза, айтылуу Бел-Алма көмүр кенинин ызы-чуусу дагыле басыла элек. Андагы коррупциялык жоруктарды ооздуктоого неге катаал чара көрбөй жатасыздар?
-Бал-Алма көмүр кени 6 гектар аянтты ээлейт. Ал 2015-жылы ачылган. Мамлекеттик ЭкоТехинспекция бул кенди өз алдынча иштетип келаткан Беш-Арча жоопкерчилиги чектелген коомун дыкаат текшерип, айрым мыйзамсыз аракеттери үчүн ишкананын лицензиясын убактылуу токтоткон. Ушул тапта сот жараяны жүрүп жатат. Менимче, бул талаш-тартыштарга Фемида гана акыркы чектитти коет деген терең үмүттөмүн.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
-
05.06.2024 / Автор anarkan_kg ШААРДА “МЕКЕН АРТЫК ӨМҮРДӨН” АТТУУ КОНЦЕРТ ӨТТҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.