Аймак

Бегалы ТАИРБЕК уулу: “БИЗДИН ЭЛ ЧЫНДЫГЫНДА КАЙРЫМДУУ КЕЛЕТ”

Бегалы ТАИРБЕК уулу: “БИЗДИН ЭЛ ЧЫНДЫГЫНДА КАЙРЫМДУУ КЕЛЕТ”

 2,268 Бардыгы /

Өлкөдө колунда бар, материалдык мүмкүнчүлүгү жетиштүү атуулдарды кызматка тартып, аларды башкаларга ар тараптуу жардам берүүгө көпүрө болуп келе жаткан кайрымдуулук фонддорду баарыбыз билебиз. Алардын катарында ачык-айкындуулук кызматы менен элдин ишениминен орун алган “Элим, барсыңбы?!” Жалал-Абад коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси биздин редакциябыздын коногу болду.

-Саламатсызбы, Бегалы мырза? Айтсаңыз, бул кайрымдуулук фондун качантан бери жетектеп келе жатасыз?

Саламатчылык. “Элим, барсыңбы?!” Жалал-Абад коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси болуп келгениме беш айдын жүзү болууда. Негизи бул кайрымдуулук фонддо иштегениме 3 жыл болду. Ошто 2 жылдан ашык иштедим. Өзүм Алай районунун кулунумун. Буга чейин Туркияда окугам. 2014-жылы окууну бүтүп, Ошто болчум. Башка шаарларда дагы иштейли деген максат менен бул жакка келип иштеп жаткан учурум.

-“Элим барсыңбы?!” Жалал-Абад коомдук кайрымдуулук фонду тууралуу да кыскача кеп козгосок, кандай максатты көздөйт? 

-“Элим барсыңбы?!” Жалал-Абад коомдук кайрымдуулук фонду расмий түрдө каттоодон 2017-жылы өткөн. Бирок өкүлчүлүк катары 2015-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Бул кайрымдуулук фондунун негизги максаты – калктын аярлуу катмары менен иштешүү, ал катмарда эч бир муктаждык жаралбай калганга чейин күрөшүү, иштешүү деген бир урааныбыз бар. Мында бир эле аярлуу катмар менен гана иштешпестен, өзүбүздүн эле жергиликтүү демөөрчүлөр менен да кызматташабыз. Демөөрчүлөр дегенде иштин көзүн билген ишкер ага-эжелер, фирмалар бар. Аларды кайрымдуулук жаатта иштешүүгө тарттык. Биз ортодо көпүрөлүк да милдетти аткарып калабыз. Фондубуз жергиликтүү болгондуктан демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен иш алып барылат. Биздин эл чындыгында кайрымдуу келет. Мурунтан эле кыйынчылыктарда бири-бирин эч качан таштаган калк эмес.

-Сиздердин фонд ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырып келерин билебиз. Ошол долбоорлор тууралуу сөз болсун…

-Биз азыркы учурда алты долбоордун негизинде иш алып баруудабыз. Ал долбоорлор: 1) Мээримдүү тыйын; 2) Жылуулук тартуула; 3) Өнөктөш үй-бүлө; 4) Эмгекчил үй-бүлө; 5) Жайында балдарды көлгө эс алдыруу; 6) Аярлуу катмардагы мектеп окуучуларын окууга даярдоо долбоорлору. Ар бир долбоордун жыл ичинде өздөрүнүн ишке ашуу убактылары бар. Мисалы, кышында “Жылуулук тартуула” долбоорунун үстүндө иштейбиз. Мында элдерде, демөөрчүлөрдө жылуу кийимдер, жылуу төшөнчө ж.б. нерселер болсо, кайра ошону эле муктаж үй-бүлөлөргө беребиз. Экинчи этабында болсо, жылуулук берүүчү мештер (печкалар), эң негизгиси көмүр болуп саналат. Көмүрдү бул жылы бир аз көбөйткөнгө аракет кылдык 500 кг.дан 50-60  үй-бүлөгө берүү пландалган. Азыркы учурда отуздай үй-бүлөгө тараттык. Көмүрдү топтоодо бизге жергиликтүү демөөрчүлөрдөн сырткары чет жакта мигрант болуп иштеп жаткан мекендештерибиз да “биздин бир кап көмүрүбүз бир үй-бүлөнү болсо да жылууласын” деп жардам колун сунушууда.

-Беш кол тең болбогондой эле адамдар да кабыл алуу деңгээли боюнча ар түрдүү болот эмеспи. Элдердин сиздерге карата пикирлери кандай?

-Биз менчик кайрымдуулук фонду болгондуктан көп учурда (албетте биз аларды туура түшүнүү менен кабыл алабыз) муктаж үй-бүлөлөр келген кезде “биздин акчабызды жеп жатасыңар”, “сен беришиң керек” дегендей кээде коркутуулар болуп турат. Кээ бир учурда демөөрчүлөр менен иштешүүдө да аны жарыялоого туура келип калат. Ошол учурда жарыяласаң “оң колуң бергенди сол колуң билбесин дешет, силер динге туура келбеген нерселерди кылат экенсиңер” деп айтып калышат. Албетте алардын айтканында жан бар. Бирок биздин негизги максатыбыз – бул ачык айкындуулук. Бизге кандай акча келип жатат, жана ал каякка жумшалууда мунун баары отчёт катары жарыяланып турушу керек. Эгер ал адам каршы болсо, биз анын атын айтпастан эле өзүбүздүн “Элим барсыңбынын” атынан жарыялайбыз. Эгер атым, фирмабыз айтылсын десе, биз аларды демөөрчү катары жарыялоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Негизинен бул иштерди аткарууда кыйынчылык болорун билгенибиз үчүн да биз ушул жумуштабыз. Ар бир иштин кыйынчылыгы болот дегендей, биздин да иште кыйынчылык болот. Ошондой болсо да биз кесиптештерибиз менен жумушубузду сүйөбүз. Албетте биздин жумушту сыйлаган, жакшы пикирлерин айткан инсандар да көп. Алардын жылуу пикирлери менен ушу даражага жетип олтурабыз десек болот.

-Канча ыктыярчыңыздар бар жана кандай критерийлердин негизинде тандап аласыздар?

-Бизге негизи аябай көп ыктыярчы катталат. Быйыл 100дөн ашуун студенттик ыктыярчыларыбыз бар. Анан ишкер, пенсионер болгон, каражат жагынан жардам берген мүчөлөрүбүз да бар. Бир эле акча каражатынан сырткары алардын кээ бирлери компьютерди жакшы билишкен, кээ бирлери чет тилдерди мыкты өздөштүрүшкөн жаштар бар, алар ошол тараптан өздөрүнүн жардамын бере алышат. Мисалы, муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына акысыз курстарын өтүшөт. Бул жагынан биз шарттарды түзүп бере алабыз. Бирок бул жерде официалдуу 4 кызматкер иштейбиз. Социалдык кызматкерибиз бар, ал бизге келип катталган үй-бүлөлөргө барып, чын эле муктажбы аны текшерип жыйынтык чыгарып берет.

Ыктыярчыларды тандоодо эч бир критерийлерге таянбайбыз. Анткени ар бир адамдын өзүнүн жөндөмдүүлүгү болот эмеспи мисалы, бирөөсү жакшы ырдайт, бирөөсүнүн уюштуруу жөндөмдүүлүгү бар, аны бул жакта колдонобуз. Негизи ыктыярчылардын убактылары болушу керек. Анан бул жакка келгенде милдетин толук аткаруусу абзел. Чындыгында буга чейин кылган иштерибиздин жыйынтыгында ыктыярчыларыбыздын салымы чоң.

-Узап кеткен жыл сиздер үчүн кандай жылдардан болду?

-2018-жыл биз үчүн аябай жакшы жылдардан болду. Мага чейин иштеп кеткен жетекчи да жакшы иштерди аткарып, бизге фундамент куюп кетти десек болот. Мен келгенден бери 7 жаштан 14 жашка чейинки муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарын (20 баланы) көлгө алып барып, бир жума эс алдырып келдик. Андан кийин мектепке 60 чакты баланы окуу куралдары, сумка, форма, бут кийим сыяктуу мектеп шаймандары менен камсыздап бердик. Бул эки долбоордун тең демөөрчүлөрү Жалал-Абаддагы ишкер ага-эжелер.

Курман айтка карата “Адеп башаты” менен биргеликте иш алып бардык. Мында 150дөй үй-бүлөгө 2 кг.дан эт берилди. Анын артынан эле “Мээримдүү тыйын” долбоорун өткөрдүк. Жыйынтыгында Калыгулов Алтынбек деген инибиз Индияга барып, операция болуп келди. Учурда ден соолугу жакшы.

Жалпысынан 2018-жылы 250 миңдей киреше-чыгашабыз болду.

-Алдыга кандай пландарды койдуңуздар?

-Албетте жылдын башында иш планыбыз түзүлөт жана анын алкагында иштерди аткарабыз. Ар айда ишке ашкан бизде “Өнөктөш үй-бүлө” долбоорубуз иштейт. 2019-жылы дагы жандандырып, 35 үй-бүлөгө (буга 35 демөөрчү керек) айына бир жолу материалдык-базалык жардам берип турулат. Мисалы, 500-800 сомдук тамак-аш азык алып берип эле тим болбостон аларды муктаждык деңгээлден арылтууга да салым кошобуз. Анын артынан эле “Эмгекчил үй-бүлө” деген долбоорду ишке ашырабыз. Мында ошол үй-бүлө жакшы тамак, таттууларды бышыра алышы мүмкүн. Эгер андай мүмкүнчүлүгү жок болсо, аларды курстарга (кулинарияга, тигүү цехтерге ж.б.) жазылтып окутууга өбөлгө түзөбүз. Бир топ убакыт өткөндөн кийин ал үй-бүлө бутуна туруп кетиши үчүн 20 миң сомдун тегерегинде нан азыктарын бышыруучу духовка алып беребиз. Анын жардамында самса, таттууларды бышырып сата алат. Ошол сыяктуу эле жазында муктаж болгон үй-бүлөлөр жер айдап, эгин эгем дегендер болсо, биз анын бакчасын айдатып, уругун алып берип эгинин эккенге жардам беребиз. Алардан бизден талап, бир нерсени күтүп эле отура бербестен түшүмү менен жашоосун улантып кетиши керек. Жалпысынан бул жылда жогорудагы долбоорлорду дагы да ийгиликтүү, кеңейтүү менен ишке ашырабыз деген максаттарыбыз бар.

 -Маегиңиз үчүн чоң ыракмат. Иштериңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!

 

Маектешкен: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17