Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,493 Бардыгы / Кыргызстанда чет элдиктер үчүн тил ийримдери жок. Бирок кыргыз үй-бүлөлөр менен чогуу жашап, өз алдынча үйрөнүү жолун тапкандар бар. Чет мамлекеттен келип, Жалал-Абад шаарында иштеп жаткан АКШлык жана Нидерландылык айымдар атайын курска каттоо менен кыргыз тилин үйрөнүп жатышат. Чет элдик жарандар эмне себептен кыргыз тилине кызыгышат? Аны кантип үйрөнүп жатышат? Нидерландылык Елена Иванова […]
2,494 Бардыгы / Кыргызстанда чет элдиктер үчүн тил ийримдери жок. Бирок кыргыз үй-бүлөлөр менен чогуу жашап, өз алдынча үйрөнүү жолун тапкандар бар. Чет мамлекеттен келип, Жалал-Абад шаарында иштеп жаткан АКШлык жана Нидерландылык айымдар атайын курска каттоо менен кыргыз тилин үйрөнүп жатышат. Чет элдик жарандар эмне себептен кыргыз тилине кызыгышат? Аны кантип үйрөнүп жатышат? Нидерландылык Елена Иванова […]
КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНГҮСҮ КЕЛГЕН ЧЕТ ЭЛДИКТЕР
15.03.2019 / Автор aymak

2,495 Бардыгы /
Кыргызстанда чет элдиктер үчүн тил ийримдери жок. Бирок кыргыз үй-бүлөлөр менен чогуу жашап, өз алдынча үйрөнүү жолун тапкандар бар. Чет мамлекеттен келип, Жалал-Абад шаарында иштеп жаткан АКШлык жана Нидерландылык айымдар атайын курска каттоо менен кыргыз тилин үйрөнүп жатышат. Чет элдик жарандар эмне себептен кыргыз тилине кызыгышат? Аны кантип үйрөнүп жатышат?
Нидерландылык Елена Иванова кыргыз тилин үйрөнүп баштаганына эми гана 4 айдын жүзү болду. Кыргызстанга келгенине бир жылдан ашкан, бирок жергиликтүү тилди билбегени анчейин деле кыйынчылык туудурган жок. Ошентсе да кыргыз тилин грамматикасын кошо үйрөнүүгө бел байлаган.


“Жалал-Абад шаарында бир жыл өзбек улутундагы үй-бүлө менен чогуу жашадым. Азыр 4 айдан бери атайын жеке курска жазылып кыргыз тилин үйрөнүп жатам. жергиликтүү тилге өзум кызыккандыктан үйрөнүүнү чечтим, болбосо кыргыз тилин билбей туруп бул жерде жашоо анчалык деле кыйынчылык туудурган жок”.
Кала Вен Вайк Жалал-Абадда шал оорусунан жабыркаган балдар менен иштешет. Ал үчүн кыргыз тилин үйрөнүү өтө зарыл болгондуктан, бардык мүмкүнчүлүгүн тил үйрөнүүгө жумшаган. Жалал-Абад шаарына үй-бүлөсү менен көчүп келген болсо да, ал тил үйрөнүү үчүн кыргыз үй-бүлөсүндө чогуу жашап, курстарга да каттады. Азыр эркин сүйлөп, иш учурунда кыргыз тилинде баарлашат.


“Кыргыз тили менен англис тилинде эч кандай окшоштук жок, сүйлөгөндө тилибиз келбей кыйналып жүрдүк. Баары артта калды азыр жакшы эле сүйлөп калдым окшойт. Кыргызстанда канча жыл жашайм билбейм, бир күн мекениме кайтып кетем, ошентсе да кыргыз тилин үйрөндүм, анткени бул өлкө мага жакты”.
Жалал-Абад шаарында чет элдиктер үчүн атайын кыргыз тили курстары жок. Ошондуктан өз алдынча тилчилерден, котормочулардан сабак алышат.


“Мен котормочу болуп иштеп баштагандан бери 10 чакты чет өлкөлүктөргө кыргыз тилин үйрөттүм. Окуучулардын кичүүсү 5 жашта болсо, эң улуусу 50 жаштан жогору болду. Инфляцияга карап, саатына 150 сомдон 300 сомго чейин акча төлөп үйрөнүшөт” -дейт котормочу Гүлгүнай Ботобаева.
Чет өлкөлүктөр кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып, андан майнап чыгарышууда. Алардын кыргыз тилинде сүйлөгөнү баары үчүн жагымдуу. Башка улуттардын мындай аракети кыргыз боло туруп, өз жеринде жашап, бирок эне тилин өздөштүрө албаган жарандарыбыз үчүн үлгү.
Роза АКМАТЖАН КЫЗЫ “Аймак”
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
14.08.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ ИШКЕ КИРЕТ
-
-
13.08.2026 / Автор anarkan_kg “САРЫ-ЧЕЛЕК” КОРУГУНДА ЖАҢЫ ӨТКӨРМӨ ПУНКТТУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
30.08.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 34 ОБЬЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
18.09.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНДА 302 ГЕКТАРДАН 1 177 ТОННА ПАХТА ЖЫЙНАЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.