Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
1,120 Бардыгы / Саясатчы Өмүрбек Бабанов жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келе турганын НТС телеканалындагы интервьюсунда билдирди. Ал президенттик шайлоодон кийин бийликтин талабы менен, партиялаш, тарапташтарына куугунтук болгон үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин айтты. Бабановдун айтымында, мындай талап президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орун басары Икрамжан Илмияновдун иш бөлмөсүндө айтылган. «Мен Кыргызстанга келсем толкуп турган эл чыгып, жабыркап калмак. […]
1,121 Бардыгы / Саясатчы Өмүрбек Бабанов жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келе турганын НТС телеканалындагы интервьюсунда билдирди. Ал президенттик шайлоодон кийин бийликтин талабы менен, партиялаш, тарапташтарына куугунтук болгон үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин айтты. Бабановдун айтымында, мындай талап президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орун басары Икрамжан Илмияновдун иш бөлмөсүндө айтылган. «Мен Кыргызстанга келсем толкуп турган эл чыгып, жабыркап калмак. […]
ӨМҮРБЕК БАБАНОВ КЫРГЫЗСТАНГА ӨЗ ЫКТЫЯРЫ МЕНЕН КЕЛЕРИН БИЛДИРДИ
10.04.2019 / Автор aymak

1,122 Бардыгы /
Саясатчы Өмүрбек Бабанов жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келе турганын НТС телеканалындагы интервьюсунда билдирди. Ал президенттик шайлоодон кийин бийликтин талабы менен, партиялаш, тарапташтарына куугунтук болгон үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин айтты.
Бабановдун айтымында, мындай талап президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орун басары Икрамжан Илмияновдун иш бөлмөсүндө айтылган.
«Мен Кыргызстанга келсем толкуп турган эл чыгып, жабыркап калмак. Мен өз убадамды аткардым. Мен Атамбаев менен да, Жээнбеков менен да сүйлөшкөн жокмун. Менин жакындарым азыркы президент менен сүйлөшүп жатышты… Орусия президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапары учурунда жана КСДП курултайы, талаш-тартыш күчөп турган учурда келбейт болчумун. Ушул жума бүткөн соң, жакында барам. Мен өз ыктыярым менен келем, мени камап, бул үчүн мамлекеттик акчаны жумшап, кайтарып эмне кылат? Мен качпайм. Бирок камайбыз десе, бүгүнкү бийлик өздөрү чечим кабыл алат», — деди Бабанов.
Ал өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөчүлөргө жооп берүүгө, Кыргызстанга келгенден кийин инвестиция тартууга даяр экенин билдирди.
Өмүрбек Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.
УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg БШ БШК: ЭРТЕҢ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АРЫЗДАРЫН КАБЫЛ АЛУУ АЯКТАЙТ
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg АРАВАН РАЙОНУНДА КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
-
04.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НАРЫН ДАРЫЯСЫНА СЕКИРИП КЕТКЕН ӨСПҮРҮМДҮ ИЗДӨӨ ЭРТЕҢ УЛАНАТ
-
12.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛДИ
-
20.11.2024 / Автор anarkan_kg ТАШ-КӨМҮР” ГЭСТЕРИНИН КАСКАДЫНДА ТЕМИР-БЕТОН ЧЫГАРУУЧУ ЦЕХ ИШКЕ КИРДИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.