Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
1,189 Бардыгы / Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталганы кабарланды. Бирок бул милдетти өзүнө алган «Мегаком» компаниясы «КТ-Мобайл» ишканасынын жетекчилери кызматтан кеткендиктен азырынча жылыш жок экенин билдирүүдө. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталды. «Виртуалдык операторго көп […]
1,190 Бардыгы / Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталганы кабарланды. Бирок бул милдетти өзүнө алган «Мегаком» компаниясы «КТ-Мобайл» ишканасынын жетекчилери кызматтан кеткендиктен азырынча жылыш жок экенин билдирүүдө. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталды. «Виртуалдык операторго көп […]
КЫРГЫЗСТАНДА ТӨРТҮНЧҮ «SALAM»: ТҮЗҮЛӨБҮ?
21.05.2019 / Автор aymak

1,191 Бардыгы /
Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталганы кабарланды. Бирок бул милдетти өзүнө алган «Мегаком» компаниясы «КТ-Мобайл» ишканасынын жетекчилери кызматтан кеткендиктен азырынча жылыш жок экенин билдирүүдө.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталды.
«Виртуалдык операторго көп деле техникалык жумуштар талап кылынбайт. Менин билишимче «Альфа Телекомдо» тарифтик пландар боюнча жумуштар жүрүп жатат. Cим-карталар даяр. Бир айдын ичинде бул долбоорду ишке ашырып, жаңы операторду ишке киргизсе болот».
16-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттө жыйын өткөрүп, Кыргызстандын рыногунда «Salam» бренди менен төртүнчү уюлдук байланыш операторун бир айдын ичинде ишке киргизүү тапшырмасын койгон. Бул милдетти «Мегаком» компаниясы өзүнө алган.
Бирок «Мегаком» брендине ээлик кылган «Альфа Телеком» ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангулов азырынча эч кандай жумуш жасала электигин айтты. Ал муну «КТ-Мобайл» компаниясынын жетекчилери жана айрым кызматкерлери кызматтан кеткени менен байланыштырды.
Жамангулов «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» компанияларынын ортосундагы келишимдин негизинде виртуалдык оператор түзүүнү колдоп, бирок өз алдынча иш алып барган уюк операторунун пайда болушуна каршы чыккан. Ал жаңы уюк операторду толук кандуу иштетүү үчүн 86 млн. доллар талап кылынганын жарыялады.
«Бул чоң чыгымдарды алып келмек. Биз ушуга каршы болуп, чыр ушундан чыккан. Келишимге ылайык виртуалдык оператор түзүшүбүз керек болчу. Ага көп деле акча жумшалбайт. Ал эми биздин компания 86 млн. долларды салып салсак ал эртеңки күнү кайра кайтарылып, киреше алып келиши керек да. Биз жөн эле акчаны салып коё албайбыз».
«Кыргызтелеком» ачык акционердик коому 2018-жылдын 2-ноябрында өзүнө караштуу «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому менен иштешүү укугу үчүн тендер жарыялап, аны «Альфа Телеком» жеңип алган.
Жыйынтыгында «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» компаниялары келишим түзгөн. Ага ылайык, «Мегаком» «КТ Мобайл» компаниясы ээлик кылган GSM стандартындагы жыштыктарды пайдалануу укугуна ээ болгон. Бул үчүн «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. «Мегаком» биринчи транш менен 168 млн. сом которгону белгилүү болду.
Ошондой эле аталган ишкана жаңы ачылган «Salam» виртуалдык операторуна Интернетти, мобилдик байланышты дүңүнөн сатат, ал эми «Salam» оператору үстүнө каражат кошуп, кайра аны абоненттерге сатууну көздөп жатат. Түшкөн каражаттын 67 пайызын «Мегаком», калган 33 пайызын «КТ Мобайл» алат деп көрсөтүлгөн.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып экономикалык долбоор саясатташып кеткенин айтты.
«Азыркы биз айтып жаткан «КТ Мобайл» жана «Мегакомдун» ортосундагы долбоор бул мамлекеттик проект. Муну аягына чейин жеткиришибиз керек. Чарбалык, экономикалык маселени саясий маселеге айлантып жатканыбыз туура эмес».
Учурда Кыргызстанда үч уюк оператор иштейт. Алар: «Мегаком» бренди менен таанымал «Альфа Телеком» компаниясы, «Билайн» аты менен таанылган «Скай Мобайл» ишканасы жана «О!» деген бренд менен чыккан «НУР Телеком» компаниясы.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
22.02.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ 7 РАЙОНДУН АКИМИН КЫЗМАТТАН БОШОТТУ
-
03.03.2025 / Автор anarkan_kg КООМДУК ТРАНСПОРТТОРГО КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.